Шашылыш кабар:

Балам ишкер болсун десеңиз аны эрктүүлүккө тарбиялаңыз

Февраль 13th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Балам ишкер болсун десеңиз аны эрктүүлүккө тарбиялаңыз
бизнес клуб
0

Адам ресурстарын башкаруу боюнча адис Элиза Асилбековадан балдарды бизнеске тарбиялоо боюнча кеңеш.

— Балдарыңыз ишкер болсун десеңиз аларды жоопкерчиликтүү болууга тарбиялаңыз. Анткени бизнесте жоопкерчиликтүү адамдар кыйналбайт.

— Жаштайынан тобокелчиликке барып, кирешелерди эсептей алгандар ийгиликтүү ишкер болушат.

— Жеткинчегиңиздин эмнеге жөндөмдүү экенин так аныктаңыз.

— Ата-эне балдарынын тандоосун колдоп, аларга эркиндик бериш керек.

—  Балага акчанын кадырын үйрөтүп, аларды өз алдынча чечим кабыл алууга үндөшү пайдалуу.

— Билим болмоюнча бизнести өнүктүрүү кыйын. Андыктан ишкердик тууралуу маалыматтарды берип туруу кажет.

— Жогорку окуу жайдан билим алууга мүмкүнчүлүк болбосо өз алдынча кыска мөөнөттүү семинарга катыштырып, китеп окууга үйрөтүңүз.

— Өзүнө ишенген адамдар бизнесте жакшы көрсөткүч жаратат. Андыктан өспүрүмдөрдү өзүнө ишенген, эрктүү кылып тарбиялаңыз.

— Жөндөмү күчтүү балдарды шыктандырып турган оң.

— Адамдар ар бир үч жылда кызматын өзгөртүп турушу зарыл. Бир орунда көп отурганда жаңылануулар жок болуп, көнүмүш адатка көнүп алат. Бул өнүгүүгө тоскоолдук кылат.

— Ийгиликтүү ишкер атаандашуудан коркпой, тобокелчиликке барышы зарыл.

— Ишкерлер мамлекеттин салыктарды төлөөдөн баш тартса туруктуу өнүгө албайт. Андыктан  кайсыл тармакта болбосун ак иштеш керек.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache