Шашылыш кабар:

Кыргыз-Кыштак айылында ичкенге да, дыйканчылыкка да суу жок

Февраль 13th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Кыргыз-Кыштак айылында ичкенге да, дыйканчылыкка да суу жок
Коом
0

“Марал” радиосунун «Айылдан сүйлөйбүз» уктуруусунун бул жолку чыгарылышында Кадам-Жай районуна караштуу Кыргыз-Кыштак айылындагы сугат жана ичүүчү таза суу маселеси талкууланды. Маалыматка ылайык, бул аймакта 1 миң 5 жүздөй жаран жашайт. Алардын көпчүлүгү дыйканчылык менен алектенишет. Аймактын чечилбеген маселелери тууралуу  айыл тургундарынан билип көрдүк. Ал эми берүүнү Түмөнбай Абдинаби уулу алып барды.

Кыргыз-Кыштак айылынын тургуну Улукбек Энезаров:

— Суу абдан начар. Таза суу жок. Суу Сох дарыясынан келет. Биз каналдын аягында жайгашкандыктан суунун келиши да кыйын. Сох дарыясында жайында суунун деңгээли 180 метр кубга чейин көтөрүлөт. Бирок биздин канал кичине болугондуктан 18 мерт куб гана суу алабыз. Өкмөттөн суранаарыбыз биздин айыл өкмөттөргө көңүл буруп коюшсун. Жогорку бийликке да кат кеткен. Башка аймактарда ар бир жаранга 45 сотыхтан жер  берилген. Бизге жан башына 14 сотыхтан эле берилет. Андан сырткары, салык жакшы жыйылбайт. Көп салыктардан карыздарбыз. Суу жок болуп атса кантип төлөйбүз. Дотацияда турган аймакпыз. Баткен шаарына да алыс жайгашкандыктан көп нерсе жетиштүү келбейт. Чоңдор шайлоо мезгилинде келет, азыр жок. Каналдарды кеңейтүү боюнча долбоор шайлоодон кийин ишки кирет дешкен, эми элдин үмүтү чон. Сугат суу да, ичкен таза суу да бир канал аркылуу келет. Айыл өкмөттөн 250 миң сом бөлдүрүп, Умай-Энедеги мектепке чейин 3 километрлик аралыка түтүк орнотуп, суу чыгарганбыз. Башка аймактарда таза суу жок. Арыктагы суудан мал да, эл да ичип келет.

Кыргыз-Кыштак айылынын тургуну Акыл Эшбаев:

— Таза суу кыйын эл болду. Өз алдынча карайлы десек, айыл өкмөттүн бюджети жетпейт. Депутаттарга да кайрылганбыз, бирок жыйынтык жок. Бул көйгөй илгертен бери эле бар. Эл эптеп эле жан багат. Дыйканчылык менен алектенебиз. Канал жетишпейт. Сугат суу тартыш болгондуктан айдоо жерлери бош калып калат.

Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын башчысы Дастан Досатов:

— Өкмөттүн күчү менен каналдар өз убагында оңдоп-түзөөдөн өтөт. Ички каналдарды да кароо пландалып жатат. Бизге суу эң акырында келет. Каражаттын тартыштыгынан  оңдоо иштери менен эле чектелип калабыз. Айдалбай бош жаткан 5 миң гектарга жакын жерлер бар. Кара-Кыштак айылына 35 метр куб суу алып келүү боюнча каналдын долбоору каралып жатат. Эки-үч жылда бүтүп калат.

Калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоонун жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Жолчубай Мирзакаримов:

— Баткен облусунда көйгөйлүү маселелер бар. Кадамжай районундагы жүздөн ашуун айылдын 54 кыштагында суу түтүктөрү бар. Мындан сырткары Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен 18 айылда суу тутумдары жандандырылган. Баткен облусундагы көйгөйлүү маселелерди чечүү максатында Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен протокол түзүлгөн. Ага ылайык алар 50 млн доллар берээрин айтышкан. Бул каражатты Талас менен Баткен облусуна багыттадык. Бирок муну менен баардык көйгөйлөр чечилбейт.

Эми Баткен облусу боюнча 29 айылга суу киргизүү долбоордо каралды. Кыргыз-Кыштак айылы үчүн 78 млн сом, ал эми Бүргөндү айыл аймагына 9 млн сом сурап жатабыз. Долбоорлордун иш кагаздары такталса 2019-жылдан тарта иштер башталат. 2020-жылдары суу менен камсыздалат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache