Шашылыш кабар:

Баланын ойногонунан ал келечекте ким болоорун билсе болот

Февраль 13th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева

«Марал» радиосунун «Ата-эне сааты» программасында педагог жана методист Гүлмира Абдылдаева менен балдардын жашоосундагы оюндун орду тууралуу маек курдук. Берүүнү Айзат Үсөнгул кызы алып барды.

— Балдардын жашоосунда оюндун орду кандай?

— Балдар үчүн оюн чоң мааниге ээ. Ал өспүрүмдүн жан дүйнөсүнө таасир эткен негизги фактор. Алсак, ал баланын сөз байлыгынын, интеллектуалдык дүйнө таанымын, деги эле ар тараптуу өнүгүүсүн камсыздайт.  Чоң адамдарга кесиптештери менен болгон мамиле кандай маанилүү болсо, өспүрүмдөр үчүн досторунун ортосундагы ымала ошончолук орчундуу. Балаңыздын ойногонунан ал келечекте кандай кызматкер болоорун көрө аласыз. Жеткинчек ойноп жатканда анда кыймыл-аракет, изденүү болбосо ал пайдасыз оюн деп эсептелет. Мисалы, уулуңуз өзү жүргөн унаа менен көп ойносо ал жаман оюнчуктардын катарына кирет. Анткени унаа баланын ойлонуусун чектеп коёт.

— Бала ойноп жатканда ата-эненин кыймыл аракети кандай болуш керек? Ал бир гана баласын көзөмөлдөгөнү жакшыбы же  аны менен чогуу ойногону туурабы?

— Ата-энелерди үч топко бөлөбүз. Биринчи тайпадагылар балдары кандай оюнчуктар, ким менен кантип ойногонуна кызыкпаган ата-энелер. Экинчи топко “Андай ойнобойт, мындай кылыш керек”, — деп уул-кыздарынын ордуна өздөрү ойногон ата-апалар. Мындайда бала активдүү болбой, четке чыгып калат да даяр нерсеге көнүп алат. Ал эми үчүнчүлөр болсо балдарына көп оюнчук алып берет. Бирок өздөрү кошо ойношпойт. Бул топтогу ата-энелердин балдары оюнчуктардын баркын билбей, талкалап салышы мүмкүн. Анткени алардын оюнга болгон кызыгуусу жоголот.

— Ата-энелер балдары менен оюндардын кандай түрүн ойносо жакшы?

— Кымбат оюнчук сатып алгыла дегенден алысмын. Ата-эненин фантазиясына жараша колдо бар оюнчуктарды ойношсо болот. Алсак, балаңызды бакчадан алып баратып колуна телефон карматкандын ордуна жолдогу дарактарды же башка нерселерди санатсаңыз болот.

— Өз алдынча жана жамаат менен ойнолгон оюндар тууралуу сөз кылып кетсеңиз…

— Өз алдынча ойноо 3-6 жаштагы балдар үчүн абдан пайдалуу. Жеткинчектер биринчи өз алдынча ойношот. Кийин бала бакчага барганда жамаат менен ойноп көнөт. Ата-эне өспүрүмдүн кандай чөйрөдө ойноп жатканына маани бериши зарыл. Алар кыймыл-аракети менен балдардын көз карашын, оюн башка нукка өзгөртө алат.

— Учурда балдар сыртка чыгып оюн ойнобой калганынын себеби эмнеде?

— Бул замандын талабы. Техника өнүгүп өспүрүмдөр өз алдынча болуп калды. Андан сырткары ата-энелер үйгө конок келсе же зарыл жумушу болсо дароо телефон карматып коюшат. Телефон, компьютерлер экинчи бакчага айланды. Телефонду балдардын колунан алыш үчүн алгач ата-эне өздөрү арылыш керек. Аларга карап балдар кадам таштайт. Ошондуктан үйрөтүүдөн мурда үлгү болушу зарыл.

— Оюнчуктар жаш тандайбы? Такыр ойноого болбогон оюнчуктар да барбы?

— Оюнчук тандоодо баланын коопсуздугуна маани бериш керек. Өспүрүмдүн тарбиясына, келечегине таасир берген оюнчуктарды алууга ашыккан жакшы. Механикалык жөнөкөй оюнчуктар 3-5 жаш аралыгындагы жаштар үчүн пайдалуу. Андан чоңдорго конструктор сыяктуу жарым даяр оюнчуктар сунушталат. Баланын аң сезими калыптана баштаганда анын кыймыл-аракетин талап кылган оюнчкутарды сатып берген оң. Кум, таш сыяктуу нерселер материалдык оюнчуктардын катарын толуктайт. Ата-энелер оюнчуктардын түсүнө, жытына жана сертификатына көңүл бурушсун.

— Балдар эркин сүйлөп, өз оюн так айта алышы үчүн алар менен кайсы оюндарды ойногон пайдалуу?

— Ал үчүн ата-энелер балдары менен чогуу ойноп, жаңы оюнчуктун шарттарын түшүндүрүп бериши зарыл. Ата-эне фантазиясына жараша жаңы сөздөрдү колдонуп, түшүндүрүүнүн башка ыкмаларын пайдалана алат. Алар: «Балам ойнойт»,- деп эле үйгө оюнчукту толтуруп койбой өздөрү кошо ойногону жакшы. Көп оюнчук болсо өспүрүм анын кадырын билбей калат. Балдарды оюн-зоок аянтчаларына алып барган оң. Ал жактан башка коом менен аралашат. Ата-энелер эс алуу күндөрү балдары менен чогуу күн өткөрсө пайдалуу. Анткени ата-эненин бактылуу экенин көргөн балдар да бактылуу болот. Бала музыка, жомок, оюнга тойгондо гана анын жан дүйнөсү байыйт. Андыктан оюндан сырткары чыгармачылыгына да көңүл буруу маанилүү.

— Акыл оюндарынын орду тууралуу да айта кетсеңиз…

— Азыр акыл оюндарынын түрү көп. Аларга конструкторлор, оригами мисал боло алат. Үй шартында төө буурчак менен күрүчтү кошуп ойносо болот. Балаңызга асманда учуп бараткан чымчыктарды саноо менен математиканы үйрөтөсүз. Жалбырактардын түсүн изилдөө менен жаратылышты үйрөтөсүз. Бала ойноп жатканда кандай сөздөрдү колдоноорун да көзөмөлдөш керек.

— Балдар менен ойноодо ата-эненин чыгармачылык жөндөмү да таасир береби?

— Ата-эне — биринчи мугалим. Сөзсүз оюнчук сатып алыш керек деген нерсе жок. Алсак, апалардын жоолугу менен да көз таңмай, короодогу таштар менен беш таш ойносо болот. Удаа төрөлгөн балдарда оюнчуктарды бөлүштүрүүдө көйгөй жаралат. Андыктан баарына бирдей бөлүштүрүш керек. Балдарга физикалык жаткан кысым көрсөтпөш керек.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache