Шашылыш кабар:

Улуттук банк электрондук уюлдук капчыктарды колдонууга тыюу салбайт

Январь 29th, 2018 | by Чолпон Бейшелең кызы
Улуттук банк  электрондук уюлдук капчыктарды колдонууга тыюу салбайт
Эколикбез
0

Калктын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында   улуттук банк жана Марал радиосунун «Эколикбез» программасында  электрондук  капчык. Анын ичинде уюлдук электрондук капчык тууралуу сөз сөз болду  Уюлдук электрондук капчык тууралуу Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын Операторлор жана төлөм уюмдары бөлүмүнүн башкы адиси Муктар Саякпаев  айтып берди.

Электрондук капчыкты колдонгондордун саны бир миллионго жакындады

Электрондук акчалар жөнүндө Улуттук банктын атайын жобосу бар. Анын негизинде электрондук түрдө сакталган акчаларга: төлөм карттар, электрондук капчык жана электрондук акча инструменттери кирет. Банктык карталар менен  электрондук карталардын аймырмачылыгы карталар банктык эсеп менен байланган. Ал эми электрондук мобилдик капчык бул аппараттык программада сакталган акча.

Биздеги акыркы маалыматтарда  электрондук уюлдук капчыкты чыгарууга укугу бар тогуз банк катталып лицензия алган. Ал эми аны колдонуучулардын саны 2017-жылдын жыйынттыгында 982миң 972 колдонуучуну түзгөн. Алардын арасында товарларга жана кызматтарга төлөнгөн акчалардын жалпы көлөмү 11 млн 385миң 756 сомду түзөт. Ал эми электрондук капчыкты толуктоонун көлөмү 7млрд сомдон ашты.

Электрондук капчыктагы акчаны уюлдук операторлор коргой алабы?

Биз сунуштап сөз кылып жаткан долбоордо электрондук мобилдик капчыкты колдонуу ишмердүүлүгүнө тыюу эмес, капчыкты толтуруу механизмдерине гана тиешелүү. Мунун башкы максаты электрондук акчаны колдонуу, электрондук акча менен кызмат көрсөтүү тартибин аныктоо, аларды чыгаруу, эсепке алуу жана аны сактоо ишинде потенциалдуу тобокелдиктерди минималдаштыруу болуп саналат. Ошондуктан жобо эч кандай электрондук мобилдик капчыкты колдонууга тыюу салбайт.  Уюлдук операторлордун электрондук акчаларды жайылтуу ишмердүүлүгүнүн схемаларын караган учурда тобокелдиктердин бар экени аныкталган. Буга байланыштуу тобокелдиктерди азайтууга багытталган.

Улуттук банк электрондук уюлдук капчыктарды колдонууга тыюу салбайт

Бул тобокелдиктер биринчиден керектөөчүлөрдүн укугун коргоо. Анткени азыркы тапта колдонуучулардын көбү  электрондук уюлдук капчык жөнүндө биле беришпейт. А бул жерде уюлдук капчыкта сакталган акчалардын сактыгына эч ким кепилдик бербейт. Тагыраагы уюлдук операторлор жоопкер эмес. Ошондуктан жарандарыбыздын укугун коргоо, рыноктогуларга бирдей шарт түзүп берүү. Экинчиден диний экстремистик жана террористик уюмдардын каржылоосуна бөгөт кою болун саналат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache