Шашылыш кабар:

А.Султангазиев: Тез жардам автопаркын менчикке берүүгө мүмкүн эмес

Февраль 12th, 2018 | by Бурулай Шергазиева
А.Султангазиев: Тез жардам автопаркын менчикке берүүгө мүмкүн эмес
Ден соолук
0

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев тез жардам кызматынын автопаркын аутсорсинг аркылуу жаңылоо керек деген сунушун коллегия жыйынында билдирди. Министрдин бул сөзү коомчулукту дүрбөлөңгө салды. Анткени аутсорсинг аркылуу машиналар менчикке өтсө, тез жардам кызматы акы төлөмө болот деп коркушууда. Бирок министр бул жаңылыш пикир деп четке кагат. Ал эми эксперттер машиналар жеке менчикке өтсө, тез жардам кызматынын акы төлөмө болуп калышы толук ыктымал дешет.


Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев тез жардам кызматынын автопаркын аутсорсингге, башкача айтканда жеке менчикке өткөрүү менен аны жаңылоо сунушун министрликтин коллегия жыйынында айткан эле. Анын мындай сунушу коомчулукта кызуу талкууга алынып, “тез жардам кызматы да акы алса, министр кызмат ордун бошотсун” дегендер да болду. Ал эми министр Талантбек Батыралиев аутсорсинг ыкмасы медициналык кызматты эмес, автоунааларды жаңылоо ыкмасы деп элди туура түшүнүүгө чакырды.

Тез жардам кызматы эч кандай акы ала тургандай болбойт. Эч бир өлкөдө андай тажрыйба колдонулбайт. Бирок биздин автоунаалардын абалы өтө жаман, ошондуктан аларды жаңыртуунун бир жолун табуу керек. Ошондуктан, аутсорсинг аркылуу инвестор табылса, 5 же 10 жылдык келишим менен бүт автоунааларды алмаштырса болот. Бирок мында тез жардам кызматын эмес, автопаркты алмаштыруу боюнча сөз болуп жатат. Алмаштырбаш керек.

Деген менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин төрагасы Айбар Султангазиев элдин кооптонуусунун жөнү бар дейт. Анткени бүгүнкү күндө мамлекеттен алына турган каражат менен тез жардам кызматынын автоунааларын аутсорсинг аркылуу жаңылоого мүмкүн эмес. “Автоунаалар жеке жакка өткөндөн кийин акча талап кылат, алар талап кылган акчаны мамлекет толук камсыздай албайт. Натыйжада жарандар төлөп калышы мүмкүн”,-дейт.

Азыркы учурдагы каражат менен аутсорсингге өтүүгө мүмкүн эмес. Анткени тез жардамды чакыруулар көп болот, ал эми аны толугу менен төлөөгө мамлекеттин чамасы жетпейт. Бул реалдуу эмес. Эгер тез жардамдын автоунааларын жеке тарапка өткөрүп, кызмат үчүн мамлекет төлөй турган болсок, биздин бюджет көтөрө албайт, буга али эрте.

Айбар Султангазиев ансыз деле буга чейинки келген тез жардам автоунааларын максатсыз жана кымбат баада алынып келгендигин эске салат. Анын кесепетинен учурда 15 автоунаа колдонууга берилбей турат.

Эсиңерде болсо 8 машина 137 миң доллардан алынып келинген. Негизи мен иликтеп көрсөм, эң жакшы реанимобиль 40 миң доллар турат. Ошо менен катар 15 машина жаңы бойдон турат. Алар колдонулган жок. Анткени техникалык талапка жооп бербейт.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүн иликтөөгө алган жумушчу топ да мындай фактыны аныктаган. Депутат Аида Исмаилова машиналар техникалык коопсуздукка жооп бербегендиктен аны дарыгерлер колдонуудан коркушат дейт.

Биз карап чыктык. Алардын абалы техникалык коппсуздукка жооп бербейт. Ага кошумча алып келүүдө да катачылыктар кеткен. Ал эми абалына токтоло турган болсо, иштен чыгып калган машиналарга окшош. Эки машинаны бириктирип койгондой эле.

Эске салсак, акыркы жолу декабрь айында 1,18 миллион евролук 15 тез жардам автоунаасы келген. Алар Германия менен кызматташуунун алкагында алынган. Ал эми автопарктагы машиналардын эң эскиси министрдин айтымында 1980-жылдарга таандык.

Добавить комментарий