Шашылыш кабар:

Каптагаев: Бийликте чала сабаттар көп

Февраль 12th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Каптагаев: Бийликте чала сабаттар көп
Кыска кабар
0

Парламентке депутат болууну каалагандар мамлекеттик түзүм, мыйзамдар жана Конституция боюнча сынактан өтүшү керек. Мындай пикирин коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мындай шарт менен көпчүлүк талапкерлер депутат болуудан баш тартышат. Азыр бийликте чала сабаттар көп. Асмандан түшө калгандай эле талкуулар болуп жатат. Тажрыйба топтоо — чоң маселе.

Каптагаев белгилегендей, дүйнөдө либерал, социалист жана улутчул-демократияга багытталган партиялар бар. Учурда улутчул-демократиялык партиялар басымдуу. Аталган багыттагы фракциялар өнүгүүнүн жогорку баскычына чыкканга чейин өнүгөт. Ал эми либерал-демократтар таасирин жоготту. Социал-демократияда жандануу пайда болгондой.

Добавить комментарий