Шашылыш кабар:

Кыргызстанда тигилген кийимдер Европа рыногуна чыгат

Февраль 12th, 2018 | by Субанбек Исмакеев
Кыргызстанда тигилген кийимдер Европа рыногуна чыгат
Кыска кабар
0

Кыргыз кийим тигүүчү ишканалары 11-февралдан тартып Парижде өтүп жаткан эле “Apparel Sourcing Paris exposition” ири көргөзмөгө катышууда. Аталган көргөзмө дүйнөдөгү текстиль-кийим тигүү өндүрүшүндөгү эн маанилүү окуя болуп эсептелет.

Кыргызстандык текстил фабрикаларынын өкүлдөрү көргөзмөгө эң мыкты акыркы үлгүлөрүн чыгарышты, ошондой эле, жаңы материалдар жана кийим тигүү өндүрүшүндөгү технологиялар менен таанышып жатышат. Аны менен катар, европалык буюртмачылардан көбүрөөк келишимдерди түзүүгө жетишүү да иш-чарага катышкан ишкерлердин башкы максаты болууда.

Ал эми Кыргыз стендине келгендер кыргыз ишкерлеринин чакан партиядагы буйрутмаларды чукул мөөнөттө  камсыздоо мүмкүнчүлүгүн жакшы артыкчылык катары белгилеп жатышат.

Белгилей кетсек, эл аралык рынокко чыгуу жана эл аралык компаниялар менен кызматташуунун эн маанилүү шарты болуп социалдык жоопкерчиликтин баардык шарттарын жана талаптарын аткаруу болуп саналат, атап айтканда, ишкерлерден кызматкерлердин деп соолугун жана коопсуздук шартын сактоо талап кылынат.

Иш-чарага кыргызстандык ишкерлер Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси долбоорунун колдоосу менен катышууда. Көргөзмө 14-февралга чейин уланат.

 

Добавить комментарий