Шашылыш кабар:

Каржылык сабатсыздык атайын борборлордо жоюлат

Февраль 12th, 2018 | by Чолпон Бейшелең кызы
Каржылык сабатсыздык атайын борборлордо жоюлат
Эколикбез
0

Улуттук банк менен «Марал» радиосу калктын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу максатындагы ишмердүүлүгүн улантат. «Эколикбез» программасынын бул жолку чыгарылышында каржылык сабаттуулук жана анын турмуштагы орду тууралуу Улуттук банктын коомчулук менен иш алып баруу бөлүмүнүн Финансылык сабаттуулук секторунун жетекчиси Эмир Бообеков айтып берди.

Каржылык сабаттуулук —  Бул керектүү маалыматтарды алууга, аларды түшүнүүгө жана аны практикада колдонууга адамдын жөндөмдүүлүгү деп койсо болот. Мында жаран боло турган финансылык кесепеттерди дагы билүүсү зарыл. Бул жөндөмдүүлүк адамдын кайсы бир чечимди кабыл алуусуна жардам берет. Чечимдер ар кандай сатып алууларда, билим алуу, эс алуу жана каражатты топтоо болуп эсептелет. Каржылык жактан сабаттуу адам үй-бүлөлүк бюджетин эсептеп, аны башкарууну билиши керек. Экинчиден каржылык кызматтарды толук колдонгонду билүүгө тийиш. Үчүнчүдөн жыйымдарды топтоо зарыл.

Калктын 30 пайызы киреше жана чыгашасын эсептебейт

Калктын каржылык сабаттуулук деңгээлине ар дайын изилдөөлөр жүргүзүлүп келет. Акыркы изилдөө быйыл болду. Бирок анын жыйынтыктары азыр чыга элек. Буга чейин 2015-жылы атайын социалдык изилдөө жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында калктын каржылык сабаттуулугунун деңгээли өтө эле төмөн болуп чыккан. Калктын 30 пайызы өздөрүнүн киреше жана чыгашаларын таптакыр эсептебейт. Бир айда канча акча таап, кайра анын канчасы чыгып жатканын билишпейт. Ал эми 22 пайызы тапкан акчасын толук короткондор түзгөн. Бул көрсөткүчкө кирген жарандар жыйымдарды топтошпойт.

Айыл аймактарга бөлүп карай турган болсок, айылдарда банк тууралуу маалыматтар жок. Насыя тууралуу билишет, бирок аны туура колдонуунун жолдоруна кызыгып көргөн эмес. Алардын алдында анализ жүргүзүүнү билишпейт. Бирок мындай абал бир гана аймактарда эмес, Бишкек шаарындагы дагы бар. Ортодо айырма өтө чоң эмес. Ошондуктан республика боюнча айылдар менен шаарлардын даражасы бирдей эле.

Бүгүнкү күнү Кыргызстан боюнча микрокредиттик компаниялардын саны көп. Алардан насыя алгандардыкы андан дагы жогору. Учурда 600 миңге жакын зайымчылар бар. Алардын 5 пайызы каражатты туура эмес колдонушат. Бирок бул коркунучтуу көрсөткүчтөр эмес. Коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу бизде өтө эле төмөн. Эл микрокредиттик компания же банктардын алдында жоопкерчиликтүү келет. Бирок көпчүлүгү бул насыяларды өз мүмкүнчүлүктөрүн санабай туруп алып алгандар.

Каржылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча борбор түзүлөт

Өкмөт калктын каржылык сабаттуулугун көтөрүү максатында 2016-жылы атайын программа кабыл алган. Сунуш Улуттук банк тараптан берилип, 2016-2020-жылдарга бекитилген. Программа социалдык изилдөөлөрдөгү жыйынтыктардын негизинде түзүлгөн. Азыркы тапта программанын биринчи этабы аяктады. Биринчи этапта даярдоо иштери алып барылды. Бүгүнкү күнү көп институттар каржылык сабаттуулук боюнча иш алып барышат. Бирок мунун баарын толук каржылык сабаттуулук деп саноого болбойт. Ал үчүн атайын стандарттар болушу керек. Улуттук банк ошол бирдиктүү стандарттарды иштеп чыгып, кабыл алынды. Атайын координациялык кеңеш түзүлдү. Эми бул топ программаны ишке ашыруу жагын карайт жана көзөмөлдөйт.

Буга кошумча жогорку окуу жайлардын мугалимдери окутула баштады. Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда жайгашкан ЖОЖдордун мугалимдери атайын курсттардан өтүштү. Бул жаатта Улуттук банк Билим берүү министрлиги менен тыгыз иштеше баштады. Каржылык сабаттуулуктун элементтерин окуу программаларына, предметтик стандарттарына киргизүү боюнча. Мындан тышкары Кыргызстандын башкы банкы телерадио программалар аркылуу эл менен байланышып, маалымат берип келет. Ошондой эле атайын тренингдер өттү. Былтыр айыл өкмөттөргө дагы уюштурулуп берилди. Жасалган иштердин артында жыйынтыктар бар. Эми 2-3 жыл аралыгында жаңы билим алганда сабак өтө баштайт.

Улуттук банктын максаты каржылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча каржылык борборлорду түзүү турат. Ал айыл өкмөттөрдүн базасында болобу же мектептердин базасында болобу учурда караштырылып жатат. Бул иштер 2020-жылга чейин бүткөрүлөт.

Маянанын 10 пайызын жок акча деп эсептеңиз

Каржылык жактан сабаттуу болом деген жаран биринчи кезекте өзүнүн алдына конкреттүү финансылык максаттарды коюшу керек. Мисалы «2019-жылы баламды бул мектепке берем», же «Келээрки жылы жай мезгилинде чет өлкөгө саясатка чыгам» деген өңдүү. Эми ошол максаттарга жетүү үчүн план түзүлүшү керек. Ал үчүн биринчи кадам, тапкан акча менен чыгашаны толук эсептеп чыгууга тийиш. Мында жок дегенде үч ай киреше толук кагазга түшүрүлүүсү керек. Анын ичинде маяна, жөлөк пул жана башка каржы булактары камтылат. Ошону менен бирге күнүгө кетип жаткан чыгашалар жазылып туруусу тийиш. Бул жерде сиз чыгаша менен кирешени толук эсептейсиз. Жыйынтыгында жыйымга акча ашып же ашпаганын көрөсүз. Эгер кирешеңиз чыгашаны толук жаап, ашып калса жыйымга топтойсуз. Эгер жыйымга ашпаса анда керексиз чыгашаларды кыскартасыз. Ошону менен кирешеңиздин 10 пайызын жок акча деп эсептеп, жыйымга топтойсуз. Жыйынтыгында жогоруда койгон максаттарыңызга канча айда же жылда жеткениңизди көрө баштайсыз.

Жыйымдарды топтоонун эң ишенимдүү жайы банк

Жыйымдарды топтоого эң ишенимдүү бул банктар. Анткени үйдө турган акчанын жоголбой сакталышына эч ким кепилдик бербейт. Банк кайсы бир себептерден улам, банкрот болсо дагы, мамлекет аманатка калтырылган каражатыңыздын 200 миң сомун кайтарып берет. Буга кошумча аманатта турган акчанын үстүнө акча кошулуп турат. Финансы рыногунда мындан башка дагы финансылык инструменттер бар. Улуттук банк 2015-жылдан баштап алтын куймаларын чыгарып сата баштады. Мында жарандардын алтын куймаларын сатып алып аны үйгө же банктарга калтырып, жыйымдарды топтогонго дагы болот. Бул чет элдик акчага караганда баасы туруктуу сакталып турат. Үчүнчүдөн каражатыңызды баалуу кагаздарга салсаңыз дагы болот. Бирок эң жакшысы кирешеңизди акча, алтын жана баалуу кагаздарга тең бөлүп топтогонуңуз натыйжалуу.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache