Шашылыш кабар:

Эксперт: Баңзигат менен күрөшүү агенттигин кайра ачуу керек

Февраль 9th, 2018 | by Бахар Хакимова
Эксперт: Баңзигат менен күрөшүү агенттигин кайра ачуу керек
Күн Чабыт
0

Бир канча жылдар мурун Кыргызстандын маңзат рыногуна басымдуу түрдө героин кирип келген болсо, учурда маңзаттын жаңы түрлөрү кире баштады. Мындай маалыматты Борбор Азиядагы Баңгизатка каршы саясат борборунун директору, эксперт Александр Зеличенко билдирди.

Анын айтымында, буга чейин мамлекеттик органдар бул жагдайды көзөмөлдөп келген болсо баңгизатынын жаңы түрлөрү кире баштагандыктан ага көзөмөл кылуу кыйындап кетти. Анын үстүнө укук коргоо органдары бул көйгөй менен күрөшүүдө эски схема менен иштешет.

Мына ушул маңзат бизнесинин айланасында коопсуздук маселелери боюнча эксперт Артур Медетбеков “Күн чабыт” программасына маек курду.

Марал: Кыргызстанга кирип жаткан баңгизаттарын ким көзөмөлдөшү керек? Маңзат менен күрөшүүдө ИИМдин күчү жетеби?

Артур Медетбеков: Мындан бир нече жыл мурун баңгизаттарына каршы күрөшүүдө өзүнчө агенттик иштечү. Бирок аны эки жолу жаап, кайра ачып, акырында эки жыл мурун жаап салышты. Учурда баңгизат менен күрөшүүдө Улуттук коопсуздук кызматы, ИИМ жана Бажы кызматынын бир структурасы иш алып барат.

Тилекке каршы, бүгүнкү күндө бул кызматта иштегендер абдан аз. Экинчиден, баңгизат менен күрөшүүдө атайын кызмат болсо, туруктуу жемишин бермек. Ошентсе да укук коргоо органдары баңгизатын көзөмөлдөп жатышат, бирок күрөш чоң деңгээлге жетпей жатат. Кыргызстанга синтетикалык наркотиктердин келиши, өлкөдөн чыккан маңзаттары жаштар арасында кеңири тарай баштады.

Марал: Өлкөгө баңгизаттарынын киришинин себеби эмнеде?

Артур Медетбеков: Материалдык кызыкчылыгын алып караганда, синтетикалык наркотиктердин өлкөгө кириши, таркашы, сатылышы оңой жана чоң акча тапса болот.

Экинчиден, баңгизаттарды таркатууда атайын чакан же орто эсептеги кылмыштуулук топтору да иш алып барат. Үчүнчүдөн, шылуундар түнкү клубдар, же болбосо жаштар чогулган башка жерлерде синтетикалык наркотиктерди таркатуу, сатып акча топтоого шарт түзүп коюшкан.

Марал: Өлкөгө кирип жаткан баңгизатынын жолун кантип буусак болот?

Артур Медетбеков: Убагында маңзат менен күрөшүү боюнча чоң программалар, концепциялар ачылып, колдонула баштаган. Бирок социалдык-экономикалык кризистин күчөшү уюшкан кылмыштуулуктун туруктуу болуп, баңгизаттардын Кыргызстан аркылуу башка мамлекеттерге жеткирилишине шарт түзүп койду.

Мындан тышкары, чынын айтыш керек, биздин укук коргоо органдарынын көбүнчөсү жогорку деңгээлде иштебей, баңгизат бизнесине аралашып, ыплас иштерди кылгандары арбып кетти.

Жыйынтыктай турган болсок, баңгизатына каршы күрөшүү агенттиги эмне себептен жоюлуп кеткендиги азыркы убакытка чейин белгисиз. Бюджеттин тартыштыгына байланыштуу деп айтышкан, бирок алар Кыргызстандын келечегин ойлосо агенттикти калыбына келтирип, маңзатка каршы күрөштү күчөтүү керек. Себеби бул уюм жогорку деңгээлде уюштурулган, чет элдик уюмдар менен иштешип жакшы жемиштерин бермек.

Бул уюм чакан болгону менен мобилдүү болуп, андагы кызматкерлердин башка укук коргоо органдарына салыштырмалуу коррупциялык же болбосо ыплас иштерге аралашканы абдан төмөн деңгээлде болчу.

Comments are closed.