Шашылыш кабар:

Абдыкариева: Талаштуу көпүрөнү биргеликте колдонуу макулдашылды

Февраль 9th, 2018 | by Чолпон Бейшелең кызы
Абдыкариева: Талаштуу көпүрөнү биргеликте колдонуу макулдашылды
Күн Чабыт
0

 

8-февралда Тажикстан «Кулунду» жана «Кайрагач» кыргыз-тажик чек арасын бир тараптуу жаап адамдардын, транспорт каражаттары жана жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө тыюу салган.

Маалыматка караганда, Лейлек районуна караштуу Сай калктуу конушуна Сада каналы аркылуу мектеп окуучулары үчүн көпүрө курулгандан кийин ал аймактагы өткөрүү бекеттеринин иши токтотулган. Чек арадагы абал азыркы абал тууралуу  чек ара кызматынын  басма сөз катчысы Салкын  Абдыкариева «Күн чабыт» программасында  айтып берди.

Учурда кыргыз-тажик чек арасында абал кандай? Буга чейин чек ара Тажикстан тараптан жабылганы кабарланды эле...

-Кыргыз-тажик чек арасында учурда абал туруктуу. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, тажик тарап «Кайрагач» жана «Кулунду» чек ара  көзөмөл өткөрүү жайларынын жаап алышкан. Ошондой эле Лейлек районунун Сай жергесинде жайгашкан көпүрөнү тажик чек арачылары бир тараптуу жаап, чек ара кезметин көбөйткөн. Буга кошумча аскерлердин санына дагы кошулган. Натыйжара Сай жана Сада айылындарынын жашоочулары тараптан нааразычылык чыгып, чек арада кырдаал пайда болду. Бул абалдын жаралышы тууралуу тажик тарап жүйөлүү себептерин айта алган жок.

-Бул маселе талаштуу аймактардан чыгып жатат. Сиздер Тажикстандын чек ара кызматы менен сүйлөшүү жүргүздүңүздөрбү?  Эки тараптуу сүйлөшүү кандай жыйынтыкталды?

Чек арада кырдаал пайда болору менен Кыргызстандын чек ара кызматкерлери тажик чек ара өкүлчүлүгүн сүйлөшүүлөргө чакырды. Ал жолугушууга Баткен облустук район жетекчилери, жергиликтүү башкаруу органдарынын жетекчилери катышты. Эки тараптын сүйлөшүүсү менен «Кайрагач» жана «Кулунду» чек ара чек ара көзөмөл өткөрүү жайлары ошол эле күнү кечки 18-00  ачылды. Бүгүнкү күндө мурунку калыбындай иштеп жатат. Мындан тышкары Сай жергесиндеги көпүрө Кыргызстандын аймагында турат. Бирок Сада аймагы такталбаган жерлердин катарына киргендиктен ал жерден эки өлкөнүн тең жарандары өтүүгө мүмкүнчүлүгү бар.

Бирок акыркы учурларда Сада жана Сай айылынын жашоочуларынын айтымында ал жерде тажик тарап Сай айылындагы көпүрөнү жаап салууну адатка айлантып алышкан. Ошондуктан ал айылдын жашоочулары нааразычылыктарын билдирип жатышат. Анткени жогоруда айтылган эки айылдын жашоочулары көпүрөнү колдонот. Себеби окуучулар ошол көпүрө аркылуу мектепке өтүшөт. Кечээки жолугушууда ушул маселе дагы көтөрүлдү. Анткени жергиликтүү тургундар тажик чек арачылары тараптан тоскоолдуктар көп болуп тураарын белгилешкен. Сүйлөшүүнүн жыйынттыгында алар эч кандай тоскоолдук кылбай, ал жерди эки тараптуу кайтарууга алуу боюнча макулдашылды.  

Мыйзам бузуу ким тараптан болгон?

Ал жер такталбаган аймак болгондон кийин мыйзам бузуу эки тарапта тең болот. Андыктан так кесе айтуу дагы кыйын. Ошондуктан тажик тарап дагы, кыргыз тарап дагы биргеликте кайтарууга алабыз. Бул боюнча эки өлкөнүн чек ара кызматтары жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүп турабыз.

Маегиңизге рахмат! 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache