Шашылыш кабар:

Осмонканов: Экскюзивдүү долбоор даярдалып жатат

Февраль 8th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Осмонканов: Экскюзивдүү долбоор даярдалып жатат
Радио желе
0

“Марал” радиосунун “Радио желе” программасынын кезектеги коногу тамашоучу, актер, сценарист, режиссер Бакыт Осмонканов болду. Көп кырдуу талант ээси чыгармачылык жолундагы кызыктуу учурлар тууралуу маек куруп берди.

Бакыт Осмонканов 1987-жылдын 2-февралында Бишкек шаарында төрөлгөн. Курт-кумурскалардан коркот. Магнит чогултканды жактырат. Сахнага алгач мектепте окуп жүргөндө чыккан. Биринчи Эрнест Абдыжапаровдун “До+Фа” киносуна тартылган.

Кинолордо өзүмдү тарбиялаганга аракет кылам…

Уулум 4, кызым 2 жашта. Жакшы ата болгонго аракет кылам. Бирок кемчиликтерим бар. Балдарыма аз көңүл буруп калам. Аларды урушпай, көп эркелеткенге аракет кылам. Кинодон өзүмдү да тарбиялаганга аракет кылам. Өзүм билген көйгөйлөрдү элге жеткирем. Ийгиликтин сыры эмгекте. Тамашоу биринчи чыкканда баарына жаңылык болгон. Убакыт ордунда турбайт. Заманга жараша адамдардын кызыгуулары да өзгөрүп турат. Ар бир доордун өзүнүн жашы, талабы болот. Азыр элди таң калтыруу кыйын. Интернет өнүгүп, каалаган долбоорду көрө аласың. Андыктан жаңылануу зарыл. Театрларда да жандануулар байкалды.

Үйлөнүп өзүмчүл сапаттан арыла баштадым…

Үйлөнгөндөн кийин өзүмчүлдүгүм азайды. Бул мүнөзүм чыгармачылыкка терс таасирин берет. Балким дебаттарга көп катышкандыктан калыптанып калса керек. Чыгармачылыкта да талаш-тартыш болот, бирок орток пикирге келебиз. Мени Сыймык Бейшекеевге окшоштурушат.  Чыгармачылыкты жаштайымдан жактырчумун. Бирок чыгармачылык эмес, үй-бүлө өзгөрттү. Тамашоу — аянтча. Ал жактан белгилүү болдук. Элдер Тамашоудон тааныды. Оюн киного барууга чоң салым болду.

Эксклюзивдүү долбоор даярдалып жатат…

Бул жылы кино жаатында эки долбоор даярдап жатабыз. Анын бири казакстандык актерлер менен иштелип жатат. Март айынан тарта чет өлкөдөгү билим жана саякат жөнүндө телевизиондук долбоор чыгат. Эксклюзивдүү долбоор болот. Негизи билимге басым жасалып, окуу жайларга тапшыруунун жолдору, кеткен каражат жана башкалар жөнүндө маалымат берилет. “Эки адам” долбоору келечекте уланышы мүмкүн.

Журналист болгум келген…

Кино жаатында билим алган эмесмин. Негизи журналист болгум келген. Бирок коомдук толкундун агымы менен экономика факультетинен билим алдым. Магистратураны эл аралык байланыштар бөлүмүнөн бүтүрдүм. Ошентсе да чыгармачыл кесипке ооп кеттим. Мурда КВНде Эрмек Нурбаев менен чогуу ойночубуз. Ошентип сахнадан кезигип, тааныш болуп калдык. Жеңиштин командасындагы автор болуп, аларга тамашаларды жазып берчүмүм. Кино — чоң искуство. Ал аркылуу өз оюңду, жашоого болгон көз карашыңды айта аласын. Биринчи жолу сценарий жазганда өзүбүзгө сөз бердик, «эгер кино элге жакпаса, башка кино тартпайбыз» деп.

Эки тармактагы кинону салыштырууга болбойт…

“Бир тууганчик” тасмасында гана башкы ролду аткардым. Кинонун сценарийин Жеңиш экөөбүз жазганбыз. Көп талашып отуруп жакшы кино чыкты.  “Апамды издеп” киносуна да биз сценарий жаздык. “Ата” тасмасы — драма. Анын динамикасы башка. Бул кино тууралуу жакшы сындарды уктум, өзүмдүн да купулума толду. Көрүүчүлөрдүн көпчүлүгү комедияга кызыгат. Кинонун автордук жана жанрдык деген эки тармагы бар. Кинотеатрларда жанрдык кинолор коюлат. Анын максаты элди эс алдыруу. Автордук кинолор кинофестивальдарга катышат. Эки тармактагы кинону салыштарап, сыноого болбойт.

Бейтааныш кишиге оңой менен ачылбайм…

Көбүнчө үй-бүлө темаларына көп тасма тартабыз. Келечекте башка темаларда дагы тартабыз. Сценарийлер жашоодо көрүп жүргөн окуялардын негизинде жазылат. Мен абдан шашып сүйлөйм. Бирок жашоодо токтоо, сүрдүү жүрөм. Апам да, жубайым да көп таарынат. Себеби туугандардын арасында сөзгө аралашпай отура берем. Бейтааныш кишиге оңой менен ачылбайм. Бирок достор менен андай эмесмин. “Бир тууганчик” тасмасы өзүмдүн чыныгы мүнөзүмдү ачып берген. Коомдогу терс көрүнүштөрдүн баарын киного киргизе берген болбойт. Анткени эл тамса көргөндө эс алгысы келет.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache