Шашылыш кабар:

Кудретов: Жазган ырларымды казакстандык ырчылар аткарып жүрөт

Февраль 8th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Кудретов: Жазган ырларымды казакстандык ырчылар аткарып жүрөт
Радио желе
0

“Марал” радиосунун “Радио желе” программасынын кезектеги коногу ырчы Ильяс Кудретов болду. Ырчы чыгармачылыгы тууралуу кызыктуу маек куруп, «Өмүр ай» аттуу ырын ырдап берди. 

Добулбас чертем, фортепианодо ойнойм…

1992-жылдын 17-июнь айында Жалал-Абад облусуна караштуу Кербен шаарчасында жарык дүйнөгө келгем.  Атымды чоң энем койгон экен. 8-класска чейин Аксыда окуп, 11-классты борбордогу мектептердин биринен бүтүрдүм. Кичинекей кезимде эле ырчы босом деп самачумун. Жаштайымдан ырга жакын элем. Мектепте маданий иш-чаралар менсиз өтчү эмес. Добулбас чертем, фортепианодо ойнойм. Жашоодон сынган же көңүл калган учурлар болгон жок. Өзүм сүйлөп алып өкүнгөн күндөр болгон. Алдыда саясатчы болбойм. Музыкалык билимим жок.

Бек Борбиевдин «Аселдейим» чыгармасын аткарып, сынактан баш байге жеңип алганбыз…

Алгач 2007-жылы “Эсимде” чыгармасын ырдадым. Ага чейин кафе, ресторандарда музыкант болуп иштедим. Ресторанда иштегенде күн сайын ырдаганга мүмкүнчүлүк болот. Үнүңдү машыктырып турасын, тажрыйба топтойсуң дегендей. 2012-жылы “Ашыгым” деген чыгармамды жаздым. 2014-жылдан бери “Добулбас” тобунда иштеп келем. Кыргыздын көмүскөдө калган чыгармаларын жаштардын табитине ылайыктап ырдап чыгабыз. Бек Борбиев “Делбирим” деген ыр сынагын  уюштуруп калды. Мирлан Ниязов агайбыз бир топ түзүп, конкурска катышалы дегенинен үч ырчы чогулуп Бек Борбиевдин “Аселдейим” чыгармасын аткарып, сынактан баш байгени жеңип алганбыз.

«Өмүр ай» чыгармасынын обону өзүмө таандык…

“Өмүр ай” чыгармасы туура бир жыл мурда жазылган. Алгач обонун жаздырдык. Идея меники. Клиптин сценарийи менин продюсерим Бакыт Мойдуновго таандык. “Өмүр ай” ырына клип тартаарда тарбиялык мааниси болушун каалаганбыз. Абдыразаков Анарбек жана башка байкелеримдин, клипке катышкандардын эмгеги. “Өмүр ай” ырынын казакча варианты чыкты. Москвага чакыруулар болуп жатат. Жазында жеке концертимди берсем деп турам. Бул жылы жаңы чыгармалардын үстүндө иштейбиз. “Жаным” деген ыр жаңы эле жазылып бүттү.

 

Эл — бизгө күзгү, аларга карап өзүбүздү түздөйбүз…

Суроолорго жооп бергени аракет кылам. Сындарды туура кабыл алам. Эл — бизге күзгү. Аларга карап өзүбүздү түздөйбүз. Караңгы күндө, жакшылыкта жаныңда болгон дос гана чыныгы дос боло алат. Жеке ырчы катары коомдогу окуяларга өз пикиримди көп жарыялай бербейм. Социалдык тармактарда активдүүмүн. Кыргызстан спорт тармагында, чыгармачылык жагында өнүгүп бара жатат. Элди таң калтырган стилге өтпөсөм керек. Чыгармачыл адамдарга ар кандай учурда эргүү келет. Кээде атайын калем алып отурганда эргүү келбей калат.

Жазган ырларымды казакстандык ырчылар аткарып жүрөт…

Чыгармаларды өзүм тандайм. Топ менен чогуу иштешкендиктен кээде бирге кеңешебиз. Ырлардын сөзүн жазып, акындарга текшертип турабыз. “Добулбас” тобун жаңыртуу оюубуз жок. Ылайыктуу чыгарма болсо чогуу аткарып коёбуз. Топ менен ырдаган да өзүнчө керемет. Убакыт аз болгондуктан театрга бара албай жүрөм. Мен жазган ырларымды казакстандык ырчылар аткарып жүрөт.  “Браво 2” тасмасына тартылдым. Коомчулукту туура нукка бурсак деген ой менен “Тамчы жаштар” деген чыгарманы жаздырдык. Алдыда клип тартабыз.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache