Шашылыш кабар:

Жылуулук энергиясынын тарифи кантип эсептелет?

Февраль 7th, 2018 | by Канай Анаркулов
Жылуулук энергиясынын тарифи кантип эсептелет?
Күн чекит
0

Бишкекте борбордук жылытуу системасынан жылытылган үйлөрдүн жашоочулары январь айынын беш күнү үчүн жылуулук акысын төлөшпөйт. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында маалым болду. Январдын аягында Жылуулук борборунда авария болуп, жарандар бир канча күн жылуулуксуз калгандыктан “Бишкек жылуулук тармагы” ишканасы январь үчүн төлөмдү кыскартуу чечимин кабыл алган. Ошондой эле февраль айынын эки күнү да кошулуусу күтүлүүдө. Мындан тышкары, “Түндүкэлектр” ишканасынын Бишкектеги абоненттерине да ушундай жеңилдик берүү сунушу айтылды.  Мына ушул теманын алкагында, “Бишкек жылуулук тармагы” ишканасынын башкы директорунун орун басары Нурлан Кайдуев менен маектештик.

Бүгүнкү күндө жылуулуктун тарифи кандай? Негизи эле кантип эсептелет?   

Алгач дагы бир жолу биздин жарандардан күтүлбөгөн кырсык, андагы кемчиликтер үчүн кечирим сурайбыз. Ал эми жылуулук маселесине келсек, калк үчүн 1 гигакалория 1134 сом 76 тыйын деп бааланат. Ал эми калктан тышкары керектөөчүлөр, өндүрүштүк  жайларга болсо 1695 сом 10 тыйын деп белгиленген. Мына ушул суммадан 7 күн үчүн акы алынбай турган болду.

Ар бир үй ар кандай эмеспи.  Ошол эле эсептегичи бар же эсептегичи жок жылуулук алган үйлөр болжолдуу канча сом кемиши мүмкүн. Бир үйдү мисал кылып түшүндүрө кетсеңиз.

Мисал келтире турган болсок, 104-сериядагы бир бөлмөлүү батир 32 чарчы метр. Анын аянты жана жашаган кишилери каралат. Ал маалыматтар үй башчысынан такталат. Ошол батирге январь айына 1015 сом келмек. Биз беш күндүкүн алып салганда, 250 сомдой кемиди. Ал эми 105-сериядагы үч бөлмөлүү батирге 1950 сом чыкмак. Андан беш күндүк акы 450 сом кемип жатат. Бул болжолдуу орто баа. Ар бир үйгө, мекемеге жараша баа өзгөрөт.

Февраль айынын эки күнү үчүн да кыскартуулар болорун айтылууда. Бул маселе да азыркы айдын эсеби келгенде каралабы?

Ооба, анда да эки күндүн баасы кыскарат. Бул баалар аба-ырайына да байланыштуу болот. Себеби аба-ырайы суук болсо, жылуулуктун температурасы көбөйөт. Ал эми жылуураак болсо төмөндөйт.

Жарандар кемитилген акчалар тууралуу кантип тактап же кошумча маалымат ала алышат?

Албетте, бизде 1980 деген кыска номер же 61119 деген номерлер иштейт. Андан тышкары, Москва көчөсү 160, Лермонтов 2 жана Абдрахманов көчөсү 99 даректеринде биздин кеңселер жайгашкан. Ошол жерлерге келип, кошумча маалымат ала алышат.

Маегиңизге рахмат.

Comments are closed.