Шашылыш кабар:

Лидер мырза мүнөзү токтоо кызга баш кошсо үй-бүлөдө уруш аз болот

Февраль 7th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Лидер мырза мүнөзү токтоо кызга баш кошсо үй-бүлөдө уруш аз болот
Психолог сааты
0

«Марал» радиосу ар жуманын шаршемби күнү саат 16:00 «Психолог сааты» уктуруусун обого чыгарат. Анда Кыргызстандагы абройлуу «SEAR Psychology» психологиялык борборунун адистери Нурзада Нурбаева менен Нурзат Айтпай угармандарды түйшөлткөн суроолорго жооп берет. Төмөндө сиздерге бул чыгарылыштагы суроолорго карата психологдун кеңешин сунуштайбыз.

— Үй-бүлөдө мамиле кандай болуш керек?

— Үй-бүлө — ата-эне, балдардан түзүлгөн кичи мамлекет. Адам баласы ар дайым мамиледе болот. Андыктан туура мамиле кандай экенин билип алган оң. Мамиле — бул билимин, пикирин, сезимин, кыскасы өзүндө болгон маалыматын жанындагы адамга билдирүү. Үй-бүлөдө эффективдүү жана менен эмпатикалык мамиле болушу зарыл. Статистика боюнча адамга күнүнө 80 миң ой келет. Анын 50 миңи сыртка чыкпайт. Аялдар калган ойдун 24 миңин, ал эми эркектер 12 миңин сөз менен сыртка чыгарышат. Ошондуктан аялдар эмоциялуу келишет да көп сүйлөшөт. Андыктан эркектер бардык сөзүн жумушта коротуп салбай, 4-5 миң сөзүн аялы үчүн калтырып койгону дурус.

— Көп нерсени жүрөгүмө жакын алам. Түнт болуп калгандаймын. Жашоодон рахат деле албай калдым. Мунун себеби эмнеде?

— Эмоциялык абалыңыз эки жумадан көп убакытта созулса адистерге кайрылып, кеңешин угуңуз. Эгер жаш кезиңизден түнт болсоңуз анда бул мүнөз. Ошентсе да сырыңызды жакындырыңыз менен бөлүшүңүз. Сезимдерди айтпасаңыз депрессияга кабыласыз. 1985-жылдан кийин төрөлгөндөр көбүрөөк өздөрүн жакшы көрүшөт. Мисалы, балаңыз сиз ойлогондой болбой калса аны да жактырбай калабыз. Экинчи орунда өздөрүн жакшы көргөндөрдү сыйлашат. Түгөйлөр өзү каалагандай өмүрлүк жарга жетпегени үчүн көп ажырашат. Андыктан «мен каалагандай бол» деген туура эмес.

— Келинчегимди жакшы көрүп үйлөнсөм да кээде аябай жек көрүп кетем. Ортобузда 3 бала бар. Ажырашсак аларга кандай таасир берет?

— Мүмкүн болушунча баланы ата-эне чогуу тарбиялаганы жакшы. Себеби экөөнүн орду эки башка. Атадан балдар өзүнө ишенгенди үйрөнөт. Ажырашуу балдардын психологиясына катуу таасир берээрин эске алышыңыз зарыл. Жубайыңызды тааныганга аракет кылыңыз. Анын өзгөчөлүктөрүн билип көрүңүз. Балдар үчүн эмес, өзүңүз үчүн да жашаңыз. Балдарга кеңеш айтаарда өзүбүздү алардын ордуна коёлу.  Ата-энелер балдарынын билимине колдоо көрсөтүп, жеке менчик окуу жайларда окутканы менен аларга жеткиликтүү көңүл бурулбаса пайдасы аз болот. Күн сайын жок дегенде 40 мүнөт убакыт бөлгөн жакшы. Балдар менен бирге киного барганга караганда көргөн тасманы талкуулап, алардын оюн уккан дагы да пайдалуу.

— 25 жаштамын. Кыздар менен таанышып, сүйлөшкүм келбейт.  Кандай кеңеш бересиз?

— Биринчи өзүңүзү тааныңыз. «Өзүм үчүн мен киммин» деп анализдеңиз. Ата-эне, досторуңуздун арасында кандай экениңизди так аныктаңыз. Өзгөчөлүктөрүңүздү, кандай киши болууну каалаганыңызды жазып алыңыз. Үй-бүлө куруу эң кыйын нерсе. Байланышып жаткан адамды тааный албагандыктан татаалга турат. Үй-бүлө куруудан мурда кишилер бири-бирин жакшы таанышсын. Анткени киши бирөөнү катуу жактырып калганда мээнин сезимдерге жооп берген бөлүгү туура чечим кабыл ала албай калат. Тагыраагы адам бир эле сезимдерге берилип, башка нерселерге маани бербей калат. Мындайда адам биринчи өзүн тааныганы оң. «Мен киммин жана айланамдагылардан эмне күтөм» деген суроого жооп издесин. Ошондо жаңылбай туура чечим чыгара алат.

— Лидермин. Кандай айым менен баш кошсом үй-бүлөдө уруш аз болот?

— Лидерлер үй-бүлөдө да башчы болушат. Бул туура. Бирок «баарын өзүм көзөмөлдөйм» десеңиз жаңылышасыз. Мындай адамдар токтоо аялдар менен баш кошкону жакшы. Башкача айтканда, лидер мырзалар психологиялык мүнөзү кызыл түстөгү адамдардын тобуна кошулат. Алар психологиялык мүнөзү жашыл түстөгү аялдар менен үйлөнсө үй-бүлөдө уруш-талаш аз болот. Анткени оор басырыктуу адамдар лидерлерди жакшы түшүнөт. Үй-бүлөдө түгөйлөр бири-бирине камкор болушу зарыл.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache