Шашылыш кабар:

Дастан Догоев: Каттоо системасын толугу менен өзгөртөбүз

Февраль 5th, 2018 | by Бахар Хакимова
Дастан Догоев: Каттоо системасын толугу менен өзгөртөбүз
Күн чекит
0

Өкмөт  Мамлекеттик каттоо кызматынын базасында «Жаңы доор» деп аталган мамлекеттик корпорацияны түзүүгө ниет кылууда. Бул боюнча документ өкмөттүн расмий сайтына коомдук талкууга чыгарылган. Ал эми негиздеме катта мындай идея улуттук каттоо тутумун оптимизациялоо, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, ошондой эле, базаны убагында жаңыртуу үчүн иштелип чыкканы айтылат. Ушул теманын алкагында «Күн чекит» программасында Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоевге суроо узатып, кенен маалымат алдык.

Марал: “Жаңы доор” мамлекеттик корпорациясы түзүлсө, Каттоо кызматында кандай өзгөрүүлөр болот? Бул корпорация эмне берет?

Дастан Догоев: Мамлекеттик каттоо кызматы 2009-жылы түзүлгөн. Негизги функциясы мамлекеттик каттоо боюнча саясатты ишке ашыруу болуп эсептелет. Азыркы учурда биздин системада жарандарды каттоо жана өздүгүн тастыктоочу документтерди берүү, жарандардын абалын каттоо, автоунаа каражаттарын каттоо, айдоочулук күбөлүктөрүн берүү, кадастр системасы жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, архив системасы бар. Мындан тышкары, Кыргызпочтасы жана эки башка мамлекеттик ишканалар –инфоком борбору.

757 мамлекеттик кызматкер, 7330 штаттык эмес кызматкер эмгектенет. Жалпысынан айтканда учурда Мамлекеттик каттоо кызматы 44 кызматты көрсөтөт.

Акыркы 4 жылдын ичинде толук кандуу автоматташтырылган маалыматтык системаларды ишке киргиздик. “Таза коом” долбоорунун алкагында өкмөт башчы Сапар Исаковдун тапшырмасы менен бул кызматтарды электрондоштуруунун үстүндө иштеп жатабыз. Коопсуздук кеңешинин сунушу боюнча коррупциялык тобокелчиликтерди жок кылуу иш-чараларын жүргүзүүдөбүз.

Марал: Жаңы ачыла турчу мамлекеттик корпорация эмне максатта түзүлүп жатат?

Дастан Догоев: Мамлекеттик каттоо кызматынын алдында корпорация түзүлсө, көрсөтүлө турчу кызматтар электрондоштурулуп, техникалык инфраструктура менен камсыз кылабыз. Мындан тышкары, калкты тейлөө борборлорун ремонттон өткөрүп, адистердин маянасын көбөйтүү максатын көздөп жатабыз. Ошондо гана коррупциялык тобокелчиликтер азаят деген ойдобуз.

Марал: Каттоо кызматынын аты өзгөртүлөбү же бул корпорация өзүнчө болобу?

Дастан Догоев: Корпорация өзүнчө структура болуп түзүлөт. Бирок ошол эле учурда, кызмат көрсөтүүчү гана ишкана болот. Юстиция министрлиги, Маалыматтык технология жана байланыш агенттиги өзүнүн саясий каттоо системасынын мамлекеттик саясатын иштеп чыгууга жооптуу органдар болуп дайындалат.

Марал: Каттоо кызматы оптимизация болуп, кызматкерлердин саны кыскарабы? Качан ишке ашырууну көздөп жатасыздар?

Дастан Догоев: Туура, кызматкерлердин саны кыскартылат. Бюджеттен 500 миллиондон ашык каражат үнөмдөлөт. 757 кызматкер мамлекеттик кызматкер деп эсептелбей коммерциялык банктарда иштегендей милдеттерди аткарып калышат.

 

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache