Шашылыш кабар:

Сүйүнчү пул банкта эсеби бар гана ата-энелерге берилет

Февраль 7th, 2018 | by Чолпон Бейшелең кызы
Сүйүнчү пул банкта эсеби бар гана ата-энелерге берилет
Күн Чабыт
0

Сүйүнчү пулду берүү жол-жобосун жеңилдетүү боюнча тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койду. Учурда кандай жеңилдиктер каралып жатат?

Пилоттук долбоорго чейин сүйүнчү пулду алуу үчүн жарандар социалдык өнүгүү башкармалыктарына барышы керек болгон. Ал жактан арызды толтуруп, андан соң гана сүйүнчүнү алууга мүмкүнчүлүк түзүлчү. Азыр Мамлекеттик каттоо кызматы менен Социалдык өнүгүү министрлигинин ортосунда бирге аракеттенүүнүн негизинде пилоттук долбоор өткөрүлүп жатат. Анын негизги багыты, балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып жатканда сүйүнчүнү алуу боюнча арыз дагы кабыл алынат.  Арыздарды каттоо Мамкаттоо кызматынын түзүмдүк бөлүмдөрү, маалыматтык күркөлөр, калкты тейлөө борборлору жана аймактык жарандык абалды каттоо кызматтары кабыл алышат. 

-Сиз айткандай арыздар маалыматтык күркөлөргө же калкты тейлөө борборлорунда гана алынса, муну бир гана ымыркайдын ата-энеси тапшырышы керекпи?  Буга кошумча талап кылынчу документтердин тизмесине өзгөртүүлөр кирдиби?

-Эгер ата-энелер өздөрү келе албаса, жакындары ишеним каттын негизинде кайрыла алышат. Буга чейин негизги үч документ Социалдык өнүгүү башкармалыгына берилиши керек болчу. Паспорт, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана жашаган жеринен маалым кат. Азыр баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн толтуруп жатканда эле толтурулуп, башка документтер талап кылынбайт. Бир гана арыз жетиштүү. Калган документтер маалыматтык базадан гана алынат.

—  Сүйүнчүгө берилчү акча кандай тартип менен ата-эненин колуна жетет?

Арызды толтуруп жаткан жаран банктык эсептерин жазып бериши керек. Ошондо гана банктык эсептерге сүйүнчү пул которулуп берилет.

Алыскы айылдарда, банктык эсептери жок жарандар кантип алышат?

Азыркы учурларда айылдарда жашаган жарандарга бекер банктык эсептерди ачып берүү боюнча банктар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.  Жалпысынан бул иштерди 13 банк бүтүрүп бериши керек.  

-Маегиңизге рахмат!

Comments are closed.