Шашылыш кабар:

Ибраев: Бажыдан көп акча чогултууга ишкерлердин салымы бар

Февраль 6th, 2018 | by Бахар Хакимова
Ибраев: Бажыдан көп акча чогултууга ишкерлердин салымы бар
Күн чекит
0

Январь айында мурдагы жылдарга салыштырмалуу бажы жыйымдары эки эсе көп чогулганын мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов премьер-министр менен жолугушуусунда билдирди.

Анын айтуусунда, үстүбүздөгү жылдын январь айында 2,8 млрд сомдон ашуун бажы төлөмдөрү жыйналган. Ал эми болжолдонгон көлөм 1,9 млрд сомду түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу 907 млн 3 миң сомго көп. Бажы жыйымдарынын көп өлчөмдө чогулушуна эмне себеп болууда? Бул теманын алкагында ЖИА бизнес ассоциациясынын логистика бөлүмүнүн башчысы Рамис Ибраев “Күн чекит” программасына маек курду.

Марал: Бажы төлөмдөрү өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу эки эсе көп чогулганы айтылып жатат. Жогоруда Бажы кызматы бул боюнча расмий маалыматты берди. Сиздин оюңузда эмненин негизинде ушундай өсүш болду? Жаңы жетекчинин келишиненби же башка себеп барбы?

Рамис Ибраев: Албетте жаңы жетекчилердин келишинин себеби да бар. Бирок эң негизгиси, 2015-жылдын август айынан бери ишкерлердин жасап жаткан иштеринин пайдасынан деп эсептейм. Анткени биз бажы биримдигине киргенден баштап ЖИА бизнес ассоциациялар сыяктуу бизнес биримдиктер көбөйүп, чет мамлекеттерден импортерлор менен жолугуп, форум, ярмарка өткөрүп, биздин 6 миллиондук базарыбыз 135 миллиондук базарга айланганын түшүндүрүп, көп өлкөлөргө жол ачып берген ишкерлердин салымы бар деп ойлойм.

Өткөн жылдын январь айында да жүктөр келчү, бирок ага караганда быйыл көп жүк келип түшүүдө.

Марал: Төлөмдөрдүн аз же көп жыйналышына аны жыйноодо адам фактору азайып, электрондоштурулганы да да түрткү болдубу?

Рамис Ибраев: Көп деле кызматтар электрондошкон жок. Мурунку эле кызматтар көрсөтүлүп, маалымат берүү кызматтары да бир жыл мурун кандай болсо азыр да ошондой. Менин оюмда, автотранспорт аркылуу келген жүктөрдүн бажы төлөмдөрү азайган үчүн жүктөрдүн көбү биздин өлкөгө келе баштады. Экинчиден, аэропортто учак менен ташылчу жүктөрдүн төлөмдөрү көтөрүлгөнү да буга бир себеп болду.

Марал: Кадрдык жагдай да көз каранды болдубу?

Рамис Ибраев: Албетте, бул жагдай дагы себеп болуп жаткандыр. Негизи бажы системасы ишкерлерге тынч, туруктуу кырдаал түзүп берип жатат. Эгер ишкерлерден бажы төлөмдөрү түшпөсө мындай көрсөткүч кайдан келмек деген суроо жаралат.

Comments are closed.