Шашылыш кабар:

Тоо кендерин иштетүүдө үч тараптуу келишим болушу керек

Февраль 2nd, 2018 | by Бахар Хакимова
Тоо кендерин иштетүүдө үч тараптуу келишим болушу керек
Күн чекит
0

2-февралда Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтүндө Шамбесай алтын кенин иштетүүгө каршы болгон эл нааразылык акциясына чыгышты деген маалыматтар айтылды. Эл кен иштетилсе экологияга зыян экенин, кенден мамлекет да, эл да пайда көрбөй турганын айтышкан. Бирок Кадамжай районунун акими Жаныбек Исаков Шамбесай алтын кенинде митинг эмес кенди иштетүүнү каалаган компания өкүлдөрү менен жолугушуу болгонун айтып, кендин зыяндуулугу боюнча да маалыматты төгүндөдү.

Бүгүнкү күндө Шамбесай алтын кенинин потенциалы кандай? Бул теманын алкагында Кыргызстандын геологдор жана тоо кенчилер ассоциациясынын жетекчисинин орун басары Дүйшөнбек КамчыбековКүн чекит” программасында маек курду.

Марал: Кадамжайдагы Шамбесай кенинин потенциалы кандай?

Дүйшөнбек Камчыбеков: Ал жерде мурун чалгындоо иштери жүргүзүлгөн, эми иштетүү маселесине келип жетти. Кенде алтындын канча запасы бар экендиги тууралуу ар түрдүү маалыматтар бар.

Марал: Жергиликтүү эл менен инвестордун ортосунда эмне себептен орток пикир табылбай жатат?

Дүйшөнбек Камчыбеков: Башында ал жер бирөөлөрдүн жайыты болгон. Же болбосо элдин суу алып жаткан суунун башы болгон жер эле. Ошого байланыштуу жергиликтүү калк сууну бузасыңар, малыбызды кайсы жайытка чыгарабыз, кенди иштетпегиле деп каршы болуп келишет.

Негизи алтын кендерин иштетүүгө бийлик лицензия берердин алдында социалдык пакет деген түшүнүктү кеңейтип, жергиликтүү бийлик, эл менен сүйлөшүп, түшүндүрүшү керек. Мисалы, кенди казууда экология маселеси, социалдык жардамдар тууралуу айтып, жергиликтүү бийлик инвесторго тоскоолдук кылбай шаттарды түзүп берүүсү жөнүндө документалдык түрдө келишимдерди түзүп алып анан иштетсе жакшы болмок.

Азыр көрүп атабыз, кенди иштетүүгө келген компанияга лицензияларды берип коет да эл менен сүйлөшүп алгыла деп коет. Компания жергиликтүү депутаттарга, аким, айыл башчыларын кайрылат. Бирок эл каршы чыгып калган учурлар көп болот.

Марал: Негизи тоо кен тармагындагы инвесторлорго жергиликтүү эл көп талап коет, мисалы, ошол эле оорукана салсын, жолду оңдосун, же дагы башка социалдык объектилерди курсун деген. А компания инвестицияны бюджетке төгөт, башка иштерди жергиликтүү бийлик аткарат да. Муну кантип жөнгө салса болот? Инвесторлорго эмнеге ушундай мамиле болот?

Дүйшөнбек Камчыбеков: Инвестор чалгындоо иштерин жүргүзө турган болсо, ошол учурда минималдуу жардамдарды берип турганга социалдык пакетти түзүп, жергиликтүү калкты жумушка тартышы керек. Алтындын запасы аныкталып, кен толук иштетиле баштагандан кийин социалдык пакет кеңейтилиши шарт. Эл менен ушундай келишимдерди түзүп, андан кийин лицензия алышы керек. Бүгүнкү күндө дароо эле лицензия берип коюп, түшүндүрүү иштери андан кийин өтүп жатат.

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache