Шашылыш кабар:

Чийки мыйзам бейтаптарды дарысыз калтыруу коркунучун жаратты

Февраль 2nd, 2018 | by Бурулай Шергазиева
Чийки мыйзам бейтаптарды дарысыз калтыруу коркунучун жаратты
Ден соолук
0

Дары-дармек боюнча жаңы мыйзам күчүнө кирсе, өтө зарыл болгон дарылар өлкөгө айлап кирбей калуу коркунучу бар. Анткени мыйзам 15-февралда күчүнө кире турган болсо да өкмөттүн тиешелүү чечимдери толук чыгып бүтө элек. Мындан улам 1200 чакты кургак учукка кабылган бейтап, 3 миңдей ВИЧке чалдыккан кишилер, онкологиялык оорулуулар айлап дары-дармексиз калышы мүмкүн.


Дары-дармек саясатына багытталган жаңы мыйзам 15-февралдан баштап күчүнө кириш керек. Бирок азырынча анын ишке ашышы боюнча арсар ойлор бар. Анткени мыйзамдын толук иштеп кетиши үчүн өкмөттөн 15 чечим чыгыш керек болчу. Бирок азырынча анын баары чыга элек. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин төрагасы Айбар Султангазиев айтты.

Департаменттин айтымы боюнча, өкмөттүн 15 чечими чыгыш керек болчу. Алар 15-февралга чейин чыгарып жетишебиз деп жатышат. Бирок биз андай ойдо эмеспиз. Мындан улам канча айлап дары келбей калат деп ойлонуп жатабыз. Азыр 15-февралга чейин баары толук бүтөбү, бүтпөйбү белгисиз.

Анын кесепетинен өлкөгө өтө зарыл дарылар кирбей калышы мүмкүн. Маселен, ВИЧ, кургак учукка каршы каражаттар.

Ошондуктан депутат Аида Исмаилова бул мыйзам башында эле чийки кабыл алынып калгандыгын эске салат. Анткени анын иликтөөсүнө ылайык, аталган мыйзамда департаменттин статусу жөнүндө маселеси, коопсуздук жагы каралбай, дарылар жеңилдетилген түрдө кирип калат. Натыйжада кайсы дары гуманитардык түрдө, кайсынысы грант түрүндө кире тургандыгы боюнча так маалымат жок болот.

Булар бул мыйзам аркылуу мурда мыйзамсыз жасаган нерселерин мыйзамдаштырып жатышат. Мен элдин коопсуздугу үчүн кабатырмын. Анткени мыйзам дарылардын оңой кирүүсүнө шарт түзүп жатат. Бирок аны эч ким текшербейт. Эч ким жоопкерчилик албайт. Кудай сактасын,  эгерде ошол кирген дарылардан кимдир бирөөнүн оорусу өтүшүп кетсе, эч ким жооп бербейт. Алар эл аралык уюмдарга шилтеп коюшат.

Ошентсе да бул мыйзамдын кабыл алынышы өлкөдөгү дары саясатын тизгинге алмак деп эсептегендер да бар. Өкмөттүн аппаратынын социалдык саясат бөлүмүнүн эксперти Анара Эшкожоева: “Эгемендүүлүк алган жылдары өлкө бюджетинин дары-дармекти жүгүртүүгө дарамети жетпей, фармация жеке менчикке өткөн. Ошол саясат учурунда жакшы жыйынтык берген. Ал эми бүгүн аларды кайра мыйзам чегинде калыпка салуу керек”,- дейт.

Бүгүнкү күндө азыркы дарылардын ичинен кайсынысы бизге абдан керек экендигин, баасын белгилегендин учуру келди. Бул бир эле министрликтин же мекеменин иши эмес. Муну бирдиктүү карап чыгуу зарылчылыгы бар. Баарын мыйзам иретке келтирет.

Ошондуктан бул мыйзам өлкөдөгү дарылардын баа саясатын жөнгө салып, карапайым калк үчүн жеткиликтүү кылат деп ишенет Айбар Султангазиев.

Сапаттуу дарыларды каттоо жолу оңой болот. Экинчиден дары саясатын жөнгө салып турууга мүмкүн болот. Натыйжада ооруканаларга да, жарандарга да жеткиликтүү баада алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Кошумчалай кетсек, эгерде жаңы мыйзам өз убагында ишке кирбесе, 1200 чакты кургак учукка кабылган бейтап, 3 миңдей ВИЧке чалдыккан кишилер айлап дары-дармексиз калышы мүмкүн.

Comments are closed.