Шашылыш кабар:

Шаршеев: Мага дем-күч берген — элдин батасы

Февраль 2nd, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Шаршеев: Мага дем-күч берген — элдин батасы
Радио желе
0

“Марал” радиосунун “Радио желе” программасынын кезектеги коногу бирма боксу боюнча Орто Азиян чемпиону Дастан Али Шаршеев болду. Спорт чебери  чыгармачылыгы, жеке жашоосу тууралуу маек куруп берди. 

Балык улап, китеп окусам эс алып калам…

Бул жылы пландар чоң. Чоң спортко кадам таштадым. Кайра эле машыгууларга киришебиз. Бирма боксу опурталдуу спорт түрү. Кадимки көчөдөгдөй эле мушташ. Бул багытта шакирт тарбиялабайм. Спортто жүргөндөн кийин утасың, утуласың, Андагы сезимдер таптакыр башка. Эркек катары ал жерде утулганыңды билип, туура мамиле жасайсың. Беттештен кийин эс аласың. Мен балык улап, китеп окуйм.

Үч жылдан кийин профессионалдуу беттештерге чыга баштагам…

Спортко 20 жашымда келип, үч жылдан кийин профессионалдуу беттештерге чыга баштагам. Спорттун эрежесиз эр уруш, бирма боксу, тай бокс, кикбокс түрүн өздөштүрүп, Азия, Евразия, Москва, Россиянын чемпиону болууга жетиштим.Үй бүлөдө 5 бир тууганбыз. Мен эң кичүүсүмүн. Мирлан деген байкем эмерек жасайт. Университетте окуганда агама жардам берип жүрдүм. Анын  «иштерди бүтүрсөң машыгууга барасың» деген талабы бар эле. Ошентсе да чарчаганымды сезбей, окуудан келип, жумуштарды бүтүрүп машыгуу үчүн шашат элем.

Алдыда эрежесиз мушташка өтөм…

7 жылымды спортко арнадым. Азыркы тренерим Каныбек Бекбоев. Манилүү мелдештерде рингди аттаганда эле коркуу сезими пайда болчу. Бирок тренерлерим моралдык колдоо көрсөтүп, колдоп турат. Алдыда эрежесиз мушташка өтөм. Ал талыкпаган эмгекти талап кылат. Тренерим чакырууларды кабыл алат, машыктырат, кыскасы барын жасайт. Андан сырткары биздин тамак-ашыбызды көзөмөлдөп турган диетолог бар.

Дем күч берген бул — элдин батасы…

Кыргыстанда төрөлгөнүмө сүйунөм. Желегибиз, калпагыбыз бар экени кубантат. Канчалаган улут бар эгемендүү мамлекети жок. Андыктан Кыргазстандын кадырана жетели. Дем күч берген бул- элдин батасы. Кыргызстанда партер күрөшүн үйрөткөн мыкты тренерлер бар. Спортко ден соолук менен каалоо керек. Татарстанда өткөн беттеште калыстын чечими адилеттүү болбой калганын айтканда коркутуулар болгон. Менимче тайманбастык жакшы сапат, мага терс таасирин тийгизген жок. Эркектердин барында тайманбас болушу зарыл.

Тамактарды мыкты жасайм…

Ыр жазган өнөрүм жок. Спорттон сырткары тамактарды мыкты жасайм.  Италиянын, өзүбүздүн ашкананы жакшы билем. Ушул жылы буюрса үйлөнөм. Аялым үй-иштерине жетишпей жатса жардам берүүгө даярмын. Киного тартылууга азырынча ниет жок. Бирок жаштар үчүн сабак болчу кыска метраждуу тасмаларга сунуш түшсө, балким тартылып калам. Жашоодан алынган “Путь” аттуу кыска тасманын сценарийи даяр. Бирок тартууга убакыт жана каражат табылбай  жатат. «Путь» жаштарды биримдикке, ата-энеге урмат-сый менен мамиле жасоого чакырат. Ошондой эле мекенди сүйүп, ак дил менен кызмат кылууга үндөйт.

Тагдыр да аракетке жараша өзгөрөт…

Ата-эне баласына мээрим төгүп чонойтот. Бирок балдар бутка туруп, өзүнчө иш кылып баштаганда аларга орой мамиле кылып баштайт экенбиз. Бул туура эмес. Жашоо айланып, ата-энеге кылган мамилебиз бир күн өзүбүзгө кайтат. Унуптайлы, ата-энебиз болбогондо биз бул жарык дүйнөгө келмек эмеспиз. Бир тууган деле каалоо айтаарда же бир ийгилигиңди көрсө кызганышы мүмкүн. Ал эми ата-энелер чын дилден батасын берип, өмүр өткөнчө жүрөгүндө сактайт. Андыктан аларды көзүнүн тирүүсүндө сыйлайлы. Адамдык сапаттан алыстап кетпесек экен. Анткени адам өз жолун өзү тандайт. Тагдыр да аракетке жараша өзгөрөт.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache