Шашылыш кабар:

Эл өкүлдөрү эмнеге элден алыстады?

Февраль 1st, 2018 | by Чолпон Бейшелең кызы
Эл өкүлдөрү эмнеге элден алыстады?
Күн чекит
0

Жогорку Кеңештин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Камчыбек Жолдошбаев эл өкүлдөрүнүн жана алардын жардамчыларынын маршрутка менен жүргөнүнө уяла турганын айтты.

Ал парламенттин бүгүн, 1-февралдагы жыйынында кызматтык автоунаалардан баш тартуу маселесин жабык талкуулоону сунуштады. Эл өкүлүнүн бул сөзү коомчулуктун талкусуна жем таштады. «Күн чекит» программасында депутат менен элдин ортосундагы азыркы акыбалды Жогорку Кеңештин 4-чакырылышынын депутаты Гүлжамал Султаналиева менен талкууладык.

-Гүлжамал айым Жогорку Кеңештин депутаты   Камчыбек Жолдошбаев маршрутка менен жүргөн кесиптештеринен уялаарын айтты. Сиз мурунку депутат катары айтсаңыз… Эл өкүлү үчүн коомдук транспортто жүргөн уятпы?

Эл өкүлүнүн коомдук транспортто жүргөнүндө  уят болчу эч нерсе жок.Себеби Жогорку Кеңештин депутаты эң биринчи Кыргызстандын эң жөнөкөй жараны болушу керек. Ошол эле учурда коомдук транспорттун деңгээлин,элдин жашоосун билиш үчүн ошолорду дагы көрүшү керек. Мисалы Венада премьер-министр жумушка метро менен барат экен. Ошол эле учурда өзүм дагы депутат болуп жүргөн кезде, Швецияга барып калдык. Ал жакта алдыбыздан шайлан араба минген бир киши өтүп кеткен. Андан бир аз өтпөй парламентине барсак,  алардын парламентинин  төраганын орун басар экен. Ошондуктан элдин арасышда жүрүү менен элдин абалын жон териң менен сезүүгө жардам берет. Бул жерде эч кандай уят болбошу керек.

А биздин өлкөдө эмне үчүн мындай маселе көтөрүлүп жатат?  Же  эл өкүлдөрү элден алыстап  баратабы?

Биздин коомдо дагы деле бир көз караш бар. Эгерде сен депутат болуп, коомдук транспортко же дүкөндө жүрсөң, эл дагы «Депутат экен»- деп чочулоо менен кабыл алат. Бул дагы бир жолу жогорку кызматта отуруп чечим кабыл ала турган адамдар менен элдин ортосунда чоң ажырым бар экенин айтып турат. Бүгүн жогорку кызматтагылар башка деңгээлде, карапайым эл тап-такыр башка деңгээлде жашап жатат. Бизде тең мүмкүнчүлүк, тең шарттар жок экенин депутаттарыбыз дагы, эл дагы өздөрү эле айтып турат. Бул өтө жаман көрүнүш.

-Кызматтык унаа маселеси көтөрүлүп жатат. Анда бул унааларды эл өкүлдөрүнө кайрадан кайтаруу керекпи?

Бул унааны бир гана жетекчи колдонсун деген нерсе жок эч жакта жок. Унаа ошол ведомствонун ишин аткаруу үчүн берилет. Ал мүлккө жоопкерчиликтүү болсун деп, бир жетекчинин атына берилиши мүмкүн.Бирок бул жерде дагы эмне үчүн жетекчи унаа менен жүрүшү керек дагы, эсепчи эмне үчүн маршрутка менен жумушун бүтүрү керек? Мен ойлойм биринчи эле ушундай нерселерден арылышыбыз керек. Албетте депутат дагы аймактарга чыгат. Шашылыш иштер чыгат. Мындай учурда чектелүү унааны нөөмөткө бекитүү жетиштүү деп ойлойм. Бирок энчилеп берүүнүн эч кандай  зарылчылыгы жок.   

Бул ажырымды кантип жое алабыз? Ал үчүн кайсы кадамдар ташталышы керек?

Мамлекеттик деңгээлдеги маселени чечип жатканда албетте шарттар болушу керек. Бирок анда дагы шарттарды туура колдонулушу зарыл. Тагыраак айтканда мага 10 миң сом унаамдын майына бергиле, аны каалагандай колдоном деген нерсе болбошу керек. Себеби максаттуу эмес колдонулуп калган учурлап көп болуп жатат. Ошон үчүн буга эл тарабынан нааразычылыктар айтылып жатат. Андыктан унааны дагы керек учурда гана колдонуу туура болот.

-Маегиңизге рахмат!

Comments are closed.