Шашылыш кабар:

Кызылча оорусунун белгилери сасык тумоого окшош

Февраль 1st, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Кызылча оорусунун белгилери сасык тумоого окшош
Дабагер
0

«Марал» радиосунун «Дабагер» уктуруусунун бул жолку чыгарылышында кызылча ооруусун алдын алуу жана дарылоо тууралуу сөз кылдык. Суроолорго Республикалык имундук профилактика борборунун дарыгери Жолдош Калилов жооп берди.

Кызылча оорусу менен көбүнчө жаш балдар жабыркайт…

Кызылча оорусу жугуштуу оорулардын бири. Аны менен көбүнчө жаш балдар жабыркайт. Аталган дарт вирус чакырат. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 21 жаран кызылча оорусу менен жабыркаганы тастыкталды. Анын ичинен 17си Бишкек шаарынан, үчү Чүй жана бирөө Жала-Абад облусунан катталган. Бейтаптарды дарылап, өзүнчө бөлмөлөргө жаткырдык. Алар менен байланышкан адамдарды эмдөөдөн өткөрүлдү. Жарандар кабылган дарт Европа аймагында жүрүп жаткан кызылча оорусу сыяктуу экени далилденди.  Азыр республика боюнча эпидемиологиялык кырдаал туруктуу. Башка облустарда бул оору катталган жок.

Оорунун негизги белгилери…

Кызылча оорусунун вирусу организмде пайда болгондон кийин 7-10 күндө дарттын белгилери пайда болот. Негизги белгилери: бала жөтөлүп, көздөрү кызарып, дене табы 38-40 градуска чейин көтөрүлөт. Денеге кызыл бүдүрлөр чыга баштайт. Оозуна ак тактар пайда болот. Мындан сырткары, сасык тумоонун белгилерине да окшош. Балдар жөтөлүп, мурдунан суу агып, дене табы көтөрүлсө сөзсүз анализ тапшырышсын. Ата-энелер дарыгерлерди дароо үйгө чакырышсын. Ооруган балдар башкалар менен байланышпаш керек.

Азыр Европа өлкөлөрүндө кызылча күч алды…

Кыргызстанда 2015-жылы эпидемиологиялык кырдаал татаал болуп кеткен. 7 айда эле 21 миң 343 жаран кызылча оорусуна шектелип, лабораториялык текшерүүдөн өтүшкөн. Алардын ичинин 17 миң 779у кызылча оорусу менен жабыркаганы тастыкталган.  Ошол эле жылы 2 миллиондон ашуун жаран кызылча жана кызамык оорусуна каршы эмдөөдөн өткөн. Өлкөдө 2015-жылдын июль айынын 2018-жылдын 1-январына чейин кызылча оорусу катталган жок. 2016-жылдары өнүккөн Европа өлкөлөрүндө кызылча оорусу глобалдык масштабда жайылды. Азыр Германия, Греция, Венгрия, Румыния, Украина жана Орусияда кызылча оорусу жүрүп жатат. Себеби ата-энелер балдарын эмдөөдөн баш тарткандыктан, бул көйгөй курч бойдон калууда.

Кызылча өтүшүп кетсе бейтап майып болуп калышы мүмкүн…

Оору өтүшүп кетсе, өпкөнүн сезгенишине алып келет. Убагында дарыланбаса майып болуп же өлүп калышы да мүмкүн. Ошондуктан ата-энелер өзгөчө кышкысын балдарына кылдат көңүл бурушу зарыл. Жугуштуу ооруларга элдик дарыгерлердин кеңештери жардам бербейт. Себеби дарт медициналык кызматкерлердин гана жардамы менен айыгат. Кызылча оорусуна кабылгандарды дарыласа болот. Медицина кызматкеринин көзөмөлүндө дарттан толук айыктыруу мүмкүн. Оору жеңил болсо 7-8 күндө дарыласа болот.

Эмдөөдөн баш тарткандардын саны азаюуда…

Жугуштуу ооруларды азайтууда балдарды жана чоңдорду эмдөө календары боюнча эмдеш керек. Ага ылайык, бала 1 жана 6 жашында эмделет. Мыйзамга ылайык эгер ата-эне балдарын эмдөөдөн баш тартса, жоопкерчиликти өзү алат. Бирок баш тарткандар бара-бара азайып жатат. Мындан алты жыл мурун 4 миңдей үй-бүлө эмдөөдөн баш тартса, азыр 1 200 жаран баш тартууда. Алардын көпчүлүгү диний көз караштан улам мындай кадамдарга барышат. Бул бир гана Ислам динин кармангандар эмес, башка диндегилер да бар. Бала эмделбей калса ага кандай коркунучтар жаралаары тууралуу жер-жерлерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Жугуштуу оорулардан бир гана эмдөө сактап калат…

Эмдөө дени сак балдарды жугуштуу оорулардан коргоо максатында жасалат. Сарык, кургак учук, көк жөтөл, кызамык, кызылча, шал сыяктуу жугуштуу ооруларга каршы өз учуранда эмдөө алынбаса аталган дарт өлүмгө чейин алып барат. Мисалы шал оорусуна каршы дары жок. Болгону бала бир жарым жашка чыкканга чейин эмдөөдөн өтүшү керек. Эмдөө гана илдеттин  алдын алат. Адам ооруган учурда эмдөө таасир этпейт. Кош бойлуу аялдар кызамык менен жабыркаган болсо, балдары тубаса оорулу төрөлүп, майып болуп калат. Кызылча оорусуна каршы вакциналар бар. Жугуштуу оорулардан бир гана эмдөө сактап калат. Ошондуктан ата-энелер эмдөө боюнча дарыгерлерден кеңеш алганы жакшы.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache