Шашылыш кабар:

Тентиев: Чакан ЖЭБдерди куруш керек

Январь 31st, 2018 | by Бакыт Төрөгелди уулу
Тентиев: Чакан ЖЭБдерди куруш керек
Күн Чабыт
0

Европанын жана Азиянын бир катар өнүккөн өлкөлөрүндө борборлоштурулган жылытуу системасы жок. Көпчүлүк мамлекеттердин жарандары турак-жайларын эбак эле өз алдынча жылытуу жолуна өтүшкөн.

Биз ушул теманын айланасында архитектор, куруучу Жумабек Тентиев менен «Күн чабытта» маектештик.

Марал: Кыргызстанагы учурдагы кырдаал Бишкек жылуулук борборунун гана көзүн карап отуруу туура эмес экенин көрсөттү. Өнүккөн өлкөлөрдө борборлоштурулган жылуулук сиситемасы деген дээрлик жокко эсе экен. Дүйнөлүк тажрыйбалардан Кыргызстан кайсынысын колдонсо болот?

Жумабек Тентиев: Бишкекте буга чейин эле экинчи ЖЭБди курабыз деп токтоп калган 1995-жылдары Данияга барып, ал жактагы таштанды жагылып жылуулук берген ЖЭБди көргөнбүз. Бизде дагы таштанды тоо болуп жыйылып жатат. Ошондуктан Кыргызстанда дагы таштандыны кайра иштетүү эмес аны күйгүзүп, жылуулук алуу бизге ыңгайлуу, эффективдүү жана арзан болот.

Бул иштерди мэрия бир нече жолу көтөрүп эле кайра токтоп калып жатат. Таштандыны кайра иштетүүдө анын экологияга келтирген зыяны көп болуп калат. Ошондуктан аны өрттөш керек. Анан баары эле таштандыны күйгүзөт десе түтүн каптайт деп ойлойт. Биз Данияга барганда алардыкын көрдүк. Аны компьютердик система башкарат экен. Система өзү күйө турчу таштандыны бөлүп алат экен дагы, карасаң бир түтүн жок.

Марал: Борбор калаанын тургундарынын саны болжол менен 1 миллионго жетсе, Бишкек жылуулук борбору 121 миңдей үйдү жылуулук менен камсыздайт экен. Калаага асман тиреген көп кабаттуу үйлөр биринин артынан бири салынып жатпайбы. Ушул турак жайларды өзүнчө жылуулук системасы менен курууга мүмкүнчүлүк барбы?

Жумабек Тентиев: Бишкектин жылуулук берүүчү түтүктөрүнөн эле бир топ жоготуулар болуп жатат. Европа мамлекеттеринде болсо 10-15 үй туташкан бир жылуулук системасы бар. Азыр Бишкекке көптөгөн жаңы конуштар түшүп жатат. Ишкерлер мына ошол райондорго өзүнчө жылуулук борборун да курса болот. Силер айтып өткөндөй ар бир чоң турак үйдүн өзүнчө жылуулук борбору болушу мүмкүн. Жылытуу десе эле көмүр жагып карала-торала болуу эмес, электр энергиясын колдонуп деле жылуулук өндүрсө болот. Бирок эң эле ыңгайлуусу ар бир кичи райондун өзүнчө жылуулук борбору болгону жакшы. Алардын түтүктөрү чакан болуп, жылуулукту жоготуу азаят. Аны салууга жеке ишкерлердин деле күчү жетет. Алар курган борбор өндүргөн жылуулукту элдерге сата берет. Элдин баары эле үй салат десе чоң үй салып алып, аны жылыта албай же сата албай отурушат.

Марал: Көп кабаттуу турак жайды өзүнчө жылытуу системасы менен куруу бул кошумча чыгым дегенди билдирет да. Үй курган компаниялар деле муну өз эрки менен жасай коюшпаса керек. Мүмкүн кардарлар үйдү сатып алууда талап коюшса болот чыгар…

Жумабек Тентиев: Айрым көп кабаттуу турак үйлөр курулуп жатканда алар борбордук жылуулук системасына, электр жарыгына кошулуп жатат. Бирок кээ бир жерлер ага эсептелген эмес. Ошондуктан чакан жылуулук борборун куруу же көмөк чордон орнотуу иштерин курулуш компанияларына жүктөсө болот. Анткени кардарлар дагы, мамлекетке дагы пайдалуу болуш керек. Үйдү куруп коюп эле анын суусу, жылуулугу жана электр жарыгы жок болсо бул болбойт да. Буга комплекстүү караш керек.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache