Шашылыш кабар:

Марс: Ырдаганымды Күмөндөр Абыловго окшоштурушат

Январь 31st, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Марс: Ырдаганымды Күмөндөр Абыловго окшоштурушат
Радио желе
0

“Марал” радиосунун “Радио желе” программасынын кезектеги коноктору ырчы Марс менен Акаса болду. Жаш таланттар регги стилинде ырдап беришти.

Марс:

Менин ырдаганымды Күмөндөр Абыловго окшоштурушат…

Атымды чоң атам койгон. Марс өзүмдүн эле атым. Өзүбүздүн жаштарды колдоо максатында “ Келечек жаштардын колунда” деген чыгарманы жараттык. Албетте жаңы образ жаратуу ниетти да бар эле. Регги стили ачык түстөргө жакын. Бул стилдеги чыгармаларыбызды эл жакшы кабыл алды. Жакында регги стилиндеги той ырларын чыгарабыз. Регги стилинде кайгы-капалуу ырлар жок. Музыкалык билим албай, талантыбыз менен эле ырдап жүрөбүз. Алдыда музыкалык билим алганды пландап жатабыз. Анткени ырдаганда, үндү тарбиялаганда сөзсүз билим керек. Менин ырдаганымды Күмөндөр Абыловго окшоштурушат.

Тамадалык чыгармачылыкка таасирин тийгизбейт…

Акасаны көргөндө эле бир нерсе чыгаарына көзүм жеткен. Клип тартып жүргөндө мени көргөндөр псайга окшош экенимди айтышкан. Кичинекей кезимден эле музыкалык аспаптарды черткенди үйрөндүм. Комуз, гитара боюнча курстарга бардым. “Ак-Шоола” балдар хорунда 3 күн окудум. Эжекеме эркелеп кетип калгам. Азыр тамадалык да кылабыз. Тойлорду орусча, кыргызча алып барабыз. Университетте жүргөндө майрамдык концерттерди да Акаса менен чогуу алып барчубуз. Тамадалык чыгармачылыкка таасирин тийгизбейт. Тойдо ичип алгандар көп кыйнайт.

Акаса:

«Акаса» — адам менен табияттын ортосундагы сүйүүнү билдирген сөз…

Өзүм Жала-Абаддын кулунумун.»Акаса» деген африка элинин сөзү. Ал адамзат менен табияттын ортосундагы сүйүүнү даңазалайт. Реп ырларына кызыгуум артып, 2009-жылдан бери алектенип келем. Марс байке менен университетте таанышып калдык. 2017-жылы дует ырдап чыктык. Мамилебиз жакшы, дайыма кеңешип турабыз. Бир туугандай эле жүрөбүз. Обондуу ырларды да ырдайбыз.  Эргүү келгенде лирикалык ырларды да ырдап коёбуз. Соло ырларын да чыгаралы деп пландаштырып жатабыз. Жакшы ыр тартипке чакырат.

Клиптерди дүйнөлүк деңгээлде тартканы аракет кылабыз…

Февраль айынын ортолорунда жаңы клип жарык көрөт. Клиптерди эл аракык деңгээлде тартканы аракет кылабыз. Мындай кадамдар менен шоу бизнезке салым кошкубуз келет. Антпесек баардык клиптер бири-бирине окшошуп баратат. Назгүл Жамгырчиева эжекебиз колдоо көрсөтүп келет.  Жаман сындар катуу тийбейт. “Заман” аттуу клип тарканда элдин пикирин байкап жүрдүк. Шоу бизнесте ар ким талантына, кызыгуусуна жараша аракет кылат. Ыр жакса угуш керек, жакпаса укпай койгон оң.

Comments are closed.