Шашылыш кабар:

Аламанов: Кыргыз-тажик чек арасы боюнча саясий чечим кабыл алуу керек

Январь 31st, 2018 | by Бакыт Төрөгелди уулу
Аламанов: Кыргыз-тажик чек арасы боюнча саясий чечим кабыл алуу керек
Күн чекит
0

Президент Сооронбай Жээнбеков 1-2-февралда Тажикстанга расмий сапары менен барат. Өлкө башчысы визиттин алкагында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугат.

Президенттик аппаратын тышкы саясат бөлүмүнөн кабарлашкандай, анда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча маселе көтөрүлөт.

Биз ушул теманын айланасында чек ара жаатындагы эксперт Саламат Аламанов менен «Күн чекитте» маектештик.

Марал: Сооронбай Жээнбековдун Тажикстанга болчу расмий сапарында кыргыз-тажик чек ара маселеси талкууланары белгилүү болду. Ушу күнгө чейин эки өлкөнүн чек арасы бир жаңсыл болуп чечилбей келе жатат. Сиз бул жааттагы адис катары маселенин түйүнүн эмнеден көрүп турасыз?

Саламат Аламанов: Маселенин эң эле орчундуусу эки тарап тең чек аранын сызыгын кайсы эреже менен такташ керек деген көйгөйдү чече албай келе жатат. Эки өлкө тең өзүнүн ыңгайына, пайдасына жараша документтерге таянып, чек араны тактоону сунуш кылат. Бирок мамлекеттер бири-биринин сунушун кабыл албай ушул күнгө чейин келдик. Дагы бир айта кетчү жагдай Советтер союзу учурунда эки Союздук республиканын өкмөттөрүнүн паритеттик комиссиялары иштеп, административдик чек араны тактоо боюнча алгылыктуу чечимге келген.

Ошол кезде чарбалык чек араларды административдик чек арага айландыралы дешкен. Башкача айтканда колхоз-совхоздо чарба жүргүзүп жаткан чек араны административдикке алып келүү. Себеби чек арага жакын жерде жашаган, чарбасы ошол жерде жайгашкан элдер чек ара аймактарын жакшы түшүнүшөт, билет. Бул ишти жазып бүтүрүп дагы коюшкан эле. Тилекке каршы жогорку деңгээлдеги чечим кабыл алууга келгенде иш артка кетти.

Марал: Экс-президент Алмазбек Атамбаев былтыр «Чек ара боюнча Тажикстан 1925-1926-жылдардагы документтерге, Кыргызстан 1923-1924-жылдардагы документтерге таянат», — деп айткан эле. Эми кыргыз-тажик чек арасын тактоо кантип оң жолуна салынат?

Саламат Аламанов: Эгер биздин учурдагы президент Тажикстанга барып, чек ара маселесин талкууласа анда эки тарап биргелешип саясий чечим кабыл алыш керек. Эки өлкө бири-биринин оюн таңуулай берген туура эмес. Орток пикир таба турган кадамдарга барыш керек. 1958-1959-жылдары жана андан кийинки жылдардагы пайдаланылып келе жаткан чарбалык жерлерди, административдик чек ара деген түшүнүккө алып келишсе элге дагы түшүнүктүү болот. Ошондо ар ким буга чейин өзү ээлик кылып келе жаткан жерлерди кармап калышат.

Марал: Эки өлкөнүн президенттеринин Дүйшөмбү шаарында болгон жолугушуусунда чек ара боюнча эч кандай документ же келишимдерге кол коюлбайт экен. Дагы бир көйгөйлүү маселе бул анклавдар болуп жатпайбы. Алардын тагдырын кантип чечиш керек?

Саламат Аламанов: Анклав маселелерин биздин чөлкөмдө чечүүнүн алгылыктуу жолу анклавдардагы мамиленин режимин тактаган өзүнчө келишим болушу керек. Мисалы анклавда жашап жаткан эл өзү жашап жаткан аймакка кандай жол менен өтүш керек, андагы жарандардын кандай укугу жана милдети болуш керек такталышы зарыл. Ушундай келишимди түзүп, аны так сактап жашай берсе болот. Бирок бири-бирине доомат коюп эле талашып-тартыша бергенден маселе ырбап кетип жатпайбы.

Comments are closed.