Шашылыш кабар:

Лидерлер кандай тамактаныш керек? (Психологдон кеңеш)

Январь 31st, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Лидерлер кандай тамактаныш керек? (Психологдон кеңеш)
писихолок сааты
0

«Марал» радиосу ар жуманын шаршемби күнү саат 16:00дө «Психолог сааты» уктуруусун обого чыгарат. Анда Кыргызстандагы абройлуу «SEAR Psychology» психологиялык борборунун адистери угармандарды түйшөлткөн суроолорго жооп берет. Төмөндө сиздерге бул чыгарылыштагы суроолорго карата психологдун кеңешин сунуштайбыз.

— Кантип туура тамактанабыз?

— Адам тамактанып жатканда өзүн бактылуу сезет. Ошондуктан тамак-аштын 80 % рахат алыш үчүн жейбиз. Бирок көп тамак жеген ден соолукка зыян. Андыктан жашаш үчүн тамактануу зарыл. Адамдын тамактанганы анын денесине, акылына жана сезимдерине таасир берет.

Перфекционисттер, тагыраак айтканда бардык нерседен идеалга жетүүнү максат кылгандар көк түстүү адамдардын катарын толукташат. Алар тазалыкты жактырып, тартип менен иштешет. Мындай мүнөздөгү адамдар тамактанбай калса стресс боло башташат. Стресс психологиялык жана эмоционалдык ооруларга жол ачат. Андыктан перфекционисттер курсагы ачканда дароо тамактанганы жакшы. Мындан сырткары күнүнө 2 литрден кем эмес суу ичишсин.

— Лидер адамдар кандай тамактанышы зарыл?

— Лидер адамдар күчтүү болгондуктан убагында тамактанбаса жанында чогуу иштегендерге катуу айта баштайт. Лидерлер эртең менен сөзсүз тамактансын. Эгер жолдошуңуз лидер болсо, жумуштан маанайы суз келгенде дароо тамак бергени шашылыңыз. Агрессивдүү абалда болсо катуу айтып, капа кылып алышы мүмкүн.

Ал эми шайыр адамдар ачка болгондо алсырай түшүп, тамашаны түшүнбөй калат. Демек дайым шайыр жүргөн досуңуз алсыз болуп турса, анын курсагы ач экенин байкасаңыз болот. Көңүлчөөк, баарына жардам бергиси келген адамдар курсагы ачып турганда туура чечим кабыл ала албай калышат.

— Тамактануунун акылга таасири кандай?

— Тамактануу күч-кубат эле бербестен, туура чечим кабыл алууга да жардам берет. Балаңыз эртең менен чай ичпей мектепке барса сабакты жакшы түшүнбөйт. Маалыматты кабыл алуусу төмөндөп, суроолорго жакшы жооп бере албай калат. Андыктан эртең мененки тамакты саат 8:00 чейин жеген жакшы. Анткени тоюнуп алып дароо ишке киришкенде мээ тамакты сиңирүү менен алек болот. Мындайда жумушка толук көңүл бура албай калышыңыз мүмкүн. Эртең менен бал (бактылуулук гармонун бөлүп чыгарат) сыр, жумасына бир жолу жумуртка менен балык жеген организмге пайдалуу.

— Тамакты бат жейм. Зыян эмеспи?

— Мээ ашказанга караганда жай иштейт. Бат жегенде тойгонуңузду сезбей тамакты көп жеп алышыңыз мүмкүн. Бат тамактануу психологиялык абалга таасир берет. Тамакты эң аз 21 жолу чайнаш керек. Туура тамактануу эрежесине ылайык, 40 жолу чайнаган оң. Ошондой эле адамдар ачка болгонун алгачкы 12-20 мүнөт эле сезет. Кийин организм унутуп калат. Калган учурда психологиябыз «ачка калдың» деп эскертип турат. Алсак, ачка болгондо дүкөндөн көп нерсе алып, бирок баарын түгөтө албайсыз. Негизи биз жеген тамактын 20% гана жетиштүү болот.

Comments are closed.