Шашылыш кабар:

Т.Сариев: Ош базарындагы жерлер тартипке келтирилиши керек

Январь 30th, 2018 | by Чолпон Бейшелең кызы
Т.Сариев: Ош базарындагы жерлер тартипке келтирилиши керек
Күн чекит
0

30-январь эртең менен Ош базарында өрт чыкты. Өрткө каршы күрөшүу кызматынын божомолу боюнча, тилсиз жоого электр кубатын этиятсыз колдонуу себеп болгон. Анын кесепетинен 2 миң  чарчы метрден ашык аянт күйгөн. Жалпысынан 10 өрт өчүрүүчү топ иш алып барды. Ал жерде кийим-кечелер болгонун маалымдашты. Маселенин чоо-жайын андан ары  Бишкек шаардык кеңештин депутаты Таалайбек Сариев  менен «Күн чекит» программасында талкууладык.

Ош базарында чыккан өрт 2 миң  чарчы метрден көп жерди алып кетти. Ош базары жайгашкан аймак камсыздандырылганбы?

тө жагымсыз окуя болду. Аянты 2 миң чарчы метрден көп деп жатышат. Ээси ким экенинен кабарым жок. Ошондуктан бул базар камсыздандырылганбы же камсыздандырылган эмеспи ачык айта албайм. Бирок мындай жерлердин баарын башынан баштап карашабыз керек. Биринчиден ал жерге туура салынганбы деген суроону коюшубуз керек. Ал жер тротуардын жээги болуп жатат. Экинчиден базар ажаткананын үстүнө тургузулган. Эми мындай жерге иштөөгө ким уруксат бергенин толук иликтеп чыгуу керек.   

-Эми товарынан ажыраган соодагерлерге компенсация төлөнүп берилеби? Бул жагы кандай чечилгени турат?

Чындыгында бул жерде карапайым эл көп жоготууга учурап жатат. Эми ошол жердин кожоюну чогуу отуруп кеңешип, компенсация маселесин дагы сүйлөшүш керек. Ал жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги  дагы өрт коопсуздугун сактаган кызматкерлер дагы жыйынттыктар түзүлө турган комиссиянын чечиминен кийин гана билине турганын айтып жатышат. Өрт кырсыгы болгондон кийин ошол Ош базары караган райондун акиминин орун басары менен сүйлөштүм. Менин жеке оюм боюнча аталган базарды көчүрүү маселесин кайрадан көтөрүү керек. Ошол эле өрт өчүрүү кызматы кире албай калган жерлер, туура эмес колдонулган жерлер тартипке келтирилиши зарыл. Буга чейин райондук администрация түздөн-түз кийлигишип көзөмөлгө алчу. Бирок кийин бул нерсе алынып калган. Ошону кайра берүү жагын мэрия карап чыгышы керек!

Элге компенсация жагы дагы каралып чыгышы керек деп жатасыз. Көлөмү кандай эсептелип чыгууга тийиш?

Азыр мен соодагерлер менен ишкерлердин ортосунда кандай келишим бар экенин билбейт экемин. Бирок чындыгында мындай кырсык болгон жерде маселе өтө ыкчам түрдө чечилүүсү керек. Колдон келсе, конпенсация төлөп береби же ижара акысынан кыскартабы, иши кылып бир жолу каралып чыгууга тийиш. Анткени ал жерде иштеген ар бир ишкер салык төлөп, патент алып иштеп келишкен.  Ошондуктан муну дагы эске алуу менен чечим чыгышы керек.

-Маегиңизге рахмат!

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache