Шашылыш кабар:

Турак жайларды туура жылуулоо боюнча адистен кеңеш

Январь 30th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Турак жайларды туура жылуулоо боюнча адистен кеңеш
бизнес клуб
0

Үйлөрдү туура жылуулоонун жолдору боюнча Kazeco жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Кубанычбек Алимовдун кеңешин сунуштайбыз.

— Күн энергиясын пайдаланып жылуулук чыгарган жабдыктарды колдонуңуз.

— Жылуулук насосун колдонуу сунушталат. Алсак, 5 киловаттык насостон 15 киловатка чейин жылуулук алууга болот. Бул жол менен турак жайларды автономдуу түрдө ЖЭБге туташтырбай эле жылытуу мүмкүн.

— Генератор менен камсыздалган көп кабаттуу үйлөрдөн батир алууга аракет кылыңыз. Кокус электр энергия өчүрүлсө, генераторду колдоносуз.

— Буу казандар бузулса атайын адистерди чакырып оңдотуңуз. Анткени сантехниктердин баары буу казандын иштөө системасын түшүнө бербейт.

— Алдын ала көчмө отканаларды даярдап койгон оң. Эгер жылуулук электр борборлору аварияга учурап калса, турак жайды көчмө откана менен убактылуу жылыта аласыз.

— Эгер үйүңүз жакшы жылыбай жатса батареянын ичиндеги абаны чыгарып коюңуз.

— Имараттын полдорун жылуулоо менен бөлмөнүн температурасын туруктуу сактаса болот.

— Жеке турак жайлардын жылытуу системасын көмүр жана электр энергиясы менен иштей тургандай кылып жасаш керек.

— Жылуулоочу жабдыктардын баасына эмес сапатына маани берген жакшы. Анткени арзан тетик же технология жылуулукту натыйжалуу бере албайт. Мындайда каражатты үнөмдөйм деп кошумча чыгашага дуушар болушуңуз мүмкүн.

— Жылытуу системасын курган адистерге турак жайдын кемчиликтерин ачык айтыш керек. Усталар жылуулуктун кубаттуулугун ошого жараша жасашат. Эгер туура эмес маалымат берилип калса үй кышында жакшы жылыбайт.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache