Шашылыш кабар:

БШК: Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо мыйзам бузуу катталган жок

Январь 29th, 2018 | by Канай Анаркулов
БШК: Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо мыйзам бузуу катталган жок
Күн чекит
0

28-январда өлкө боюнча 11 жергиликтүү кеңеште, атап айтканда Кара-Балта менен Таш-Көмүр шаарларында жана 9 айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо өттү. Бул шайлоодо жалпысынан 211 депутат шайланышы керек эле. Алардын 149 айылдык кеңештин, 62 шаардык кеңештин депутаттары. Алдыга чыккан партиялардын тизмелери ЖМКларга жарыялана баштады. Мына ушул шайлоонун жыйынтыктары тууралуу БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов менен маектештик.

Шайлоонун жыйынтыктары кандай болду?

Жалал-Абад облусундагы Кара-Жыгач айыл кеңеши, Таш-Көмүр шаардык кеңеши, Нарын облусундагы Тоголок Молдо айылдык кеңеши, Ош облусундагы С.Юсупов, Ак-Таш айыл кеңештери, Чүй облусундагы Кара-Балта шаардык кеңеши жана Кара-Булак, Көк-Ойрок, Александровка айылдык кеңештерин таратуу жана жаңы шайлоо өткөрүүгө токтом кабыл алынган. Ошондой эле, Ысык-Көл облусундагы Кажы-Сай жана Чүй облусунун Жаңы-Алыш айылдык кеңештеринде да шайлоо өттү. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайлоосуна катышуу үчүн 1250 талапкер катталган. Шайлоочулардын акыркы тизмесине 87 миң 132 шайлоочу киргизилген. 9 шайлоо округунда, 56 шайлоо участогунда болот. Алар үчүн 5 жумушчу топ түзүлгөн. Бардык иш өз убагында жана кемчиликсиз өттү десек болот.

Эч кандай мыйзам бузуу же нааразы тараптар катталган жокпу?

Шайлоо белгиленген тартипте өтүп, тартип бузуулар, добуш сатып алуулар жана добуш берүүну каттаган жабдуулардын бузулушу боюнча эч кандай арыз-даттануулар түшкөн эмес..  Ошол эле саясий партиялардан дагы нааразычылыктар болгон жок.

Шайлоочулардын катышуусу, активдүүлүгү кандай болду?

Буга чейин шайлоочулардын тизмеси такталып, ага 87 миң 132 киши кирген. Анын 48 миңге жакыны келип, өз добушун берди. Бул 55%га жакын десек болот. Эң жогорку активдүүлүктү 63,4% шайлоочунун келиши менен Араван районундагы Юсупов аймагы, андан кийин Кара-Балта жана Таш-Көмүр шаарлары болду. Бул көрсөткүчтөр жарандардын жылдан жылга шайлоого активдүү катышып жатканынан кабар берет.

Депутаттардын тизмеси качан жарыяланат жана алар качан ишке киришет?

Негизи шайлоо толук өттү десек болот. Азыр аймактык комиссиялар иштеп жатат. Эртең же бүрсүгүнү протоколдук документтер келет. Анан баары каралып чыгып, жалпыга маалымдоо каражаттарына толук маалымат берилет. 

Маегиңизге рахмат.

Comments are closed.