Шашылыш кабар:

Баласына тарбия бергендин ордуна там салганды артык көргөн жаштар

Январь 29th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Баласына тарбия бергендин ордуна там салганды артык көргөн жаштар
Ата-эне сааты
0

“Марал” радиосунун “Ата-эне сааты” программасында Билим берүүнүн мыктысы, «Энелер ресурстук мектебинин» директору Дилнара Майкулакова менен энелердин милдети тууралуу маек курдук.

— Апалар тууралуу көп ырлар жазылып, асыл сөздөр энеге арналып келет. Бул сүйүүнүн теориялык жагы. Чындап келгенде бүгүнкү күндө эне менен баланын ортосундагы мамиле кандай? Эгер өзгөргөн болсо, кайсы жагына өзгөрдү?

— Чынында эле бүгүнкү күндүн балдары өзгөчө. Мындан 20 жыл мурда эле балдардын ата-энелерге мамилеси такыр башка болчу. Азыр карап көрсөңүз жаш үй-бүлөлөр өз алдынча жашагысы келет. Жаш апалардын балдарга болгон мамилеси да башкача. Алгач материалдык жактан камсыздасак деп ойлошот. Энелик мээримге, балдарынын адамгерчилигине кайдыгер карашат. Жаш үй-бүлөлөрдүн 30 % балдарын чоң ата, чоң энесине, таенелерине калтырып коюшат. Пенсия курагындагы көпчүлүк ата-апалар небере карап отурат. Анткени балдары чет жактарда иштеп жүрөт. Таята-таенелер караган балдар менен ата-энеси тарбиялаган жеткинчектердин көз караштары эки башка.

Апалардын балдарына болгон мамилеси, мээримдүүлүгү өзгөрбөй сакталат. Анткени энелик сезим бул табигый нерсе. Бирок ошол нерсе көп байкалбайт, ортодогу сүйүүгө доо кетип жаткансыйт. Себеби балдарга жасалган зордук-зомбулук, терс көрүнүштөр эне менен баланын ортосундагы байланыштын начардыгынан улап келип чыгууда.

— Мындай көйгөйлөр базар экономикасы кирген учурдан тартып сырткы таасирлерден улам жаралып жатабы же ага көз каранды эмеспи?

— Жок, бизде үй-бүлөнүн баалуулугу төмөндөп бара жатат. Жаш үй-бүлөлөр материалдык баалуулуктарга көп маани берип, «Орусияга барып иштеп, там салып, унаа алыш керек» дешет. Бул туура. Бирок балдарга терс таасирин тийгизип жатат. Көпчүлүк ата-энелер баламдын жакшы шартта чоңойгону маанилүү деп ойлошот. Бирок биз бала эмне кааларын, анын ички дүйнөсүн билишибиз керек.

— Энелүү бала менен энеси жок баланын айырмасы кандай болот?

— Энеси бар бала эрке болот. Ал көзүнөн эле байкалат. Өзүнчө жаркылдап турат. Энесиз өскөн бала сырткы келбетинен, көз карашынан дароо көзгө илинет. Анткени анын ички дүйнөсүндө катылган сыр болот. Мына ошол нерсеси менен байкалат. Балдарга кийим же оюнчук эмес ата-эне керек. Мисалы бала бакчада ата-энелери кеч калган балдар дароо мостоё түшөт. Апасы же атасы келсе дүйнөсү түгөл болуп калат.

— Сырткы миграцияда жүргөндөр балдарынын ал абалын телефон аркылуу сурап калды. “Уулум, мен сенин апакеңмин. Атым…” деген учурлар да болот. Мунун кесепети кандай болот?

— Биз энелер мектеби деген программа менен иштеп жаткандан кийин ата-энелер менен жолугушканда “Балдарыбыздын материалдык абалын жакшыртабыз деп жүрүп, эртең маңкурт кылып албайлы”,- деп көп айтабыз. Бүгүн Өкмөттөн бала бакча талап кылсак, эртең карылар үйүн талап кылбасак экен. Себеби балалык бала бойдон кала берет. Согуш маалында жетимдерди да эркелетип чоңойтушкан. Бирок бүгүнкү күндө балдарыбызга ата-эне керек болуп жатат.

— Энелердин балдарга болгон байланышын күчөтүү орчундуу маселе болсо керек…

— Баланы тарбиялоодо атанын да, апанын да жоопкерчилиги бар. Экөөнүн тарбиясын көргөн бала бактылуу деп ойлойм. Бирок балдарды тарбиялоо иши апаларга калтырылап калгандай. Анткени көпчүлүк аталар чет өлкөлөргө иштеп кетишет. Үй-бүлөлөрдүн ажырашып, башкан нукка түшүшүнө миграция таасир этип жатат. Ата-энелердин сабаттуулугун күчөтүү зарылчылыгы туулуп жаткансыйт.

— Үй-бүлөдө эненин жоопкерчилиги кандай?

— Аталар үй-бүлөнү багыш үчүн көбүнчө сыртта жүрөт. Ал базар болушу мүмкүн же мамлекеттик жумуш дегендей. Эркек таап келген нерсени аял ирети менне колдонуп, балдарын багууга даяр болушу зарыл. Тилекке каршы, азыр атанын тапканы жетпей калды деп энелер да көчөгө чыгып кетет. Мындайда ата-эне баласы менен чер жазышып сүйлөшкөнгө убакыт бөлбөй калат.

— Энелер мектеби өз максатына жеттиби?

— Энелер мектеби бала бакчага келбеген балдар үчүн ачылган. Бүгүнкү күндө 70тен ашуун энелер мектеби иштейт. Бул мектептердин көпчүлүгүнө 15-20 жеткинчек келет. Алсак Бишкек шаары боюнча 600 бала энелер мектебине барат. Аймактарда бош калган үйлөргө мектептерди уюштурууга жергиликтүү өкмөттүк уюмдар  жардам берди. Ошентип жакшы нукка салып алдык. Айыл өкмөт башчылары көзөмөлдөп турат. Мектептин экинчи багыты ата-энелерге көңүл буруу, тарбиялык иш-чараларды уюштуруу. Келген ата-энелерге балага туура мамиле кылуу тууралуу кеңештер айтылат. Атайын психологдор иштейт.

— Ата-эне менен баланын ортосундагы көйгөй мамилени кантип өзгөртүш керек?

— Адам баласы үй-бүлө күтүп, тукум улайын деп жашайт. Бул жаратылыштын мыйзам ченемдик көрүнүшү. Биз кыргыздын тукумдарын, элдин келечегин тарбиялап жатабыз. Буга маани берип, үй-бүлөнү бекем сактасак. Мамлекет жакшы шарттарды түзүп, жолдорду куруп жатат. Андан сырткары имараттар салынууда. Биздин жаштар да чет мамлекетке барып иштеп, азап-тозок көргөндүн ордуна Кыргызстанда эле өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуп иштешсе болмок. Жаш үй-бүлөлөр сыртка чыкпай, Кыргызстанда калса балдарыбыз бактылуу болот. Себеби бала атага да, энеге да муктаж.

— Бадарын укугун коргогон уюмдарга, мамлекеттик органдарга кандай сунуш менен кайрылат элеңиз?

— Бизде ата-энелер кокус баласы кулап түшсө да бала бакча же мектепти күнөөлөйт. Тарбиячылар деле жакшы караганы аракет кылат. Алар кантип балдарды уруп, согуп, алардын укугун тебелесин. Укук коргогон органдар үй-бүлөнү коргошу зарыл. Жубайлар эмне себептен ажырашып жатканын караш керек. Жаш үй-бүлөлөргө бардык шарттарды түзүп бергендин ордуна жер тилкесин эле алып берген оң экен. Дегеним ар бир бүлө өз алдынча оокат кылып, жакшы жашоого умтулушу кажет. Себеби жаштардын арасында ата-энелер үй салып берүүгө милдеттүү, болбосо жубайым менен ажырашып кетебиз деген ойду кармангандар да бар. Андыктан мыйзамдар үй-бүлө үчүн иштегени жакшы. Мамлекет да дал ушул үй-бүлөдөн куралат.

— Мурда көп нерселер ата-энеден уул-кыздарга мурас катары берилет эле. Азыр кандай болуп жатат?

— Биз мурастардан баш тартпашыбыз керек. Азыркы жаштарга кеп-кеңеш айтсаң туура кабыл алышпайт. Улуттук тарбия улуу муундан кийинки муунга өткөнү жакшы. Эне демекчи кыргызда апалардын башкача аталышы аяш эне, өкүл эне дегендер да бар. Алардын да өз жоопкерчиликтери болот. Алсак, өкүл эне — бул өзүнчө калыс эне. Аны үлгү катары тандашат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache