Шашылыш кабар:

Карыпова: Шакирттериме устат, дос, сырдаш болом

Январь 28th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева

“Марал” радиосунун “Радио желе” программасынын кезектеги коногу ырдаган ыры, сүйлөгөн сөзү салмактуу, таланттуу ырчы Мээрим Карыпова болду. Ырчы  чыгармачылыгы, жеке турмушу тууралуу маек куруп, реп ырдап берди. Турган турпаты, мукам үнү кыргыз элине куп жарашкан ырчы айым ырларындай мазмундуу, обондорундай шайыр экен. 

Чыгармачылыкты таштап кетсем деген ой келген эмес…

Ар бир жыл ар кандай башталат. Быйыл жаңы жылдын башынан эле клип тарттырганга жетиштим.  Учурда мамлекеттик концерттерден бошоп, аз да болсо жеке чыгармачылыкка аралашууга шарт түзүлүп жатат. Чыгармачылыкты таштап, башка жакка кетсем деген ой келген эмес. Тескерисинче, аялдык милдетимди чыгармачылык менен кошо алып кеткенге жетишсем экен деп тилейм. Экөөнү да чогуу алып кетүү албетте кыйын. Ар бирине өзгөчө мамиле кылыш керек. Учурда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искуство университетинде салттуу музыка жана фольклор факультетинде мугалим болуп иштейм.

Мекенчил элибиз, билимдүү жаштарыбыз менен каада-салтыбызды жоготпойбуз…

Башка элдин маданияты аралашып жатса да улуттук баалуулуктарды кармап кала алабыз. Анткени маданияттар аралаша берет. Кыргыз элинде камчыга сап уул-кыздар бар. Алар улуттук баалуулуктарды бапестеп, көкүрөгүнө сактап келе жатат. Буюрса өнүккөн элдердин катарын толуктайбыз деп, келечекке ишеним менен карайм. Өнөр адамдары чет мамлекеттерге, фестивалдарда барып, боордоштор менен камыр-жумур болуп жүрөбүз. Кыргызстан, кыргыздар жөнүндө ар кандай сөздөрдү уккан учурлар болгон. Ал эми азыр жалаң жакшы нерселерди угам. Мекенчил элибиз, билимдүү жаштар менен каада-салтыбызды жоготпойбуз.

Катуу болчу жерден өтө катуу болуп, көп талап коём…

Бала кезден бери сахнада жүрөм. Жаш кезимде эле сахнага чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Себеби көп таланттын ээси Роза Аманова эжекебиз менен устат-шакирт болгонума көп жылдын жүзү болду. Бала кезден эжекемдин тарбиясын алсам, эми азыр өзүм шакирттерди окутуп жатам. Мен кыргыздын каймактарынан таалим-тарбия алганымды сыймыктануу менен айтам. Алар менен бирге өлкөбүздүн 7 дубанын кыдырып, Орто Азиядагы бир туугандарга чейин бардым. Ал адамдардын батасын алдым. Негизи жумшакмын. Бирок катуу болчу жерден өтө катуумун. Талапты катуу коём, болбосо окуучулар жаштык кылып ойноп кетиши мүмкүн. Шакирттериме устат да, дос да, сырдаш да болом.

Замандын талабына жараша сценарийлер өзгөрүп турат… 

Чакырган жерге барганы аракет кылабыз. Кээде барбай калсак, күйөрмандар таарынып калат. Өзүм бир эмес үч жумушта иштейм. Ошондуктан чакырылган жерге бара албай да калам. Жеке чыгармачылыкта чектелүүлөр болот. Алсам, 4 жылдан бери жеке концерт бере элекмин. Бирок “Эл ырчысы Эстебес» тобу менен жакшы коцерт коюп жүрүп жеке концертке убакыт жок. Аалы Туткучев комузун колго алып, кирдим-чыктым болуп тойлордо, сахнада ырдап коюп жүрсө болмок. Бирок акын сценарист катары да өзүн көрсөтө алды. Төрт жылда түрдүү сценарий менен концерт берип жатат. Кесиптештеримдин баары көп кырдуу таланттар. Актер катары да калыптанып, айрым актерлорго караганда жакшы аткарып калдык. Замандын талабына жараша сценарийлер да өзгөрүп жатат.

Кээде кесиптештериме эртең менен чалып, ойготуп койгула дейм…

Кээде жумуштан катуу чарчагандыктан эртең менен ойготкучту да сезбей уктап калган учурлар болот. Эгер эртең менен бир жакка барчу болсок, кесиптештериме эртең менен чалып ойготуп койгула дейм. Өнөр жолун тандап алдым, кесибимди сүйгөндүктөн иштеримди мээрим менен жакшы көрүп жасайм. Чарчасам да мен үчүн жагымдуу. Мен иштеп элге керегим тийгенине кубанам. Окуп жүргөндө мугалимдер: “Тойдун ырчысы болбогула, ордуңар сахна” дешчү. Биз сахнада ырдашыбыз керек деп чоңойдук. Бир учурда тойдо ырдоо уят катары каралаар эле. Бирок азыркы учурда тойдун ырчысы болгон да сыймык. Эл чакырганда барыш керек. Эл үчүн чарчаган жакшы. Быйыл концерт берсемби деген оюм бар.

Башкы сынчыларым атам менен апам болду…

“Аккан арыктан суу агат” деп бекеринен айтылган эмес. Мен 6-класстан тарта комузда ырдай баштадым. Кийинчерээк өзүм жашаган чөлкөмгө атым чыгып калганда айылдагылар:“Карыптын кызы Мээрим чоң атасын тартыптыр” деп калышчу. Чоң атам согушта жүргөндө жамактап ыр түрүндө кат жазчу экен. Өзү актерлук чеберчилиги күчтүү, жаркылдаган киши эле. Тилекке каршы майдандан кайтпай калган. Атам менен апам ырдаган ырларымды сындап, кеңештерин беришчү. Негизинен ырчылар көп кырдуу болсо жакшы. Фольклордо да, эстрадалык ырларды да ырдашсын. Мен дастанды, лирикалык чыгармаларды, эстраданы да ырдап жүрөм. Баарын эриш аркак алып жүргөн жакшы. Өзүм деле реп ырдап чыкканга каршы эмесмин. Салттуу чыгармалар менен реп ырларды аралаштырсак балким жаңы нерсе жаралат.

Боёнбой, жасанбай жүргөндү жактырам…

Үй-бүлө болгондон кийин казан-аяк кагышат. Кызганыч сөзсүз болот. Жубайы сахнада болгон мырзаларга абдан оор. Мен да жолдошумдун сабырына баа берем. Аны жер каратпаганга аракет кылам. Сый көргөзүп, татыктуу жубай болсом деп тилейм. Мени «Меку» деп эркелетип коюшат. Үйдө абдан жөнөкөймүн. Боёнбой, жасанбай жүргөндү жактырам. Билим берүүдө кайсы бир сабактын кереги жок деп айта албайм. Себеби дүйнө таанымды кенейтүүдө географиянын да, тарыхтын да өз орду бар. Адамда кызыгуу болсо баарына жетишсе болот.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache