Шашылыш кабар:

Г.Калыков: Той ырлары көбөйүп кетти, элдин табитин ойлогон эч ким жок

Январь 26th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Г.Калыков: Той ырлары көбөйүп кетти, элдин табитин ойлогон эч ким жок
Радио желе
0

“Марал” радиосунун “Радио желе” программасынын кезектеги коногу КР Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Калыков болду. Ырчы чыгармачылыктагы жаңылыктары менен бөлүшүп, кызыктуу маек куруп берди.

Бир баш кошулат, кийинчерээк дагы бир баш…

Ата болгон эң сонун сезим. Аны ата-эне болуп эле сезбесеңиздер сөз менен айтып жеткирүү кыйын. Учурда балама мээрим төгүп, улам кийим тандап жүрөм. Бат эле чоңоюп келе жатат. Ал эмес уулумду «кайсы бала бакчага окутсам» деп азыр эле ойлоно баштадым. Уулум ырчы болом десе колдойм. Кайсыл кесипти тандабасын ар дайым колдоо көрсөтүүгө даярмын. Өзүм атамды идеал тутуп жашайм. Үйлөнгөндөн кийин жумуш көбөйөт экен. Бир баш кошулат, кийинчерээк дагы бир баш… Үй-бүлөдөн сырткары чыгармачылык менен алектениш керек.

«Эне жөнүндө баллада» ырын кайрадан ырдап чыктым…

Ырлардын сөзүнө маани берем. Анткени ал кыска тарых же окуяны камтыйт. Ошол эле учурда обон жаратуу оңой эмес. Жеңил обондор элге бат сиңет. «Сулуунун элең сулуусу» чыгармасы жашоодон алынган. Сөзү белгилүү актер Болот Бейшеналиевге таандык. Болот агабыз улуу актриса Таттыбүбү Турсунбаеваны жакшы көрүп, бирок жетпей калган экен. Чыгармачылыктан сырткары киного да тартылып көрдүм. Актерлук дүйнө кызыктуу экен, мага жакты. Алгач «Сулуулар жана миллион» аттуу тасмага тартылганда кызыктуу нерсе көрө алган эмесмин. Кийинки «Миллиондук мелдеш» киносуна тартылып көп нерсе үйрөндүм. Мүнөзүмө жакын роль сунушталса дагы киного тартылышым мүмкүн. Оңой кесип болбойт. Ырчылык да, актерлук да түйшүктүү.

Лирикалык чыгармаларга жакынмын…

«Евразия жылдызы» конкурсуна продюсерим Канат Култаев байкенин жардамы менен катышып калдым. Эл аралык конкурс болгондуктан бор топ кыйын болгон. Бир канча убакыт продюсерсиз да иштеп жүрдүм. Бирок жалгыз дарак токой болбойт экен. Кыйналдым дегендей. Канат бейке менен кайра чогуу иштеп жатканыма кубанычтамын. Чындыгында асыл адам. Эми фестиваль уюштурулуп, чакыруу болсо барам. Бирок эл аралык сынактарга катышпайм. Негизинен лирикалык чыгармаларга жакынмын. Мындай чыгармалар психологияга оң таасир берет экен.

Оор басырыктуу жүргөнгө аракет кылып калдым…

Күйөрмандар менен жолуксам деген план бар. Келинчегим менен аларга белек берүүнү да кеңешип койдук. Айтылган сын сабак болот, өсүүгө түрткү болот. Мага «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси берилээрин сайттардан окуп билдим. Төш белги алып, чыгармачылыкка жооптуу мамиле кылып, оор басырыктуу жүргөнгө аракет кылып калдым. Андыктан сыйлыкка татыктуу чыгарма жаратууга камданып жүрөм. Үнүмө көп кам көрөм. Туздуу жебейм. Өтө муздак суу ичпей, балмуздакты азыраак жегени аракет кылам. Кыйналганда өзүм жалгыз унаага түшүп алып, шаар айланам. Музыка укканча көпкө ойлонуп, өзүмө келгенде кайра артка кайтам.

Ырчыларды комиссиядан өткөрсөк сахнада өзгөчө үндүн ээлери, сапаттуу ырчылар калмак…

Ырчылыкка чейин башка кесиптерде да иштеп, физикалык жактан кыйналчумун. Ырчы болуп көп моралдык түйшүк тарттым. Чет өлкөлүк таланттуу ырчылар менен дует аткарсам деген ой жок. Анын ордуна элге кандай чыгарма жагат деп көп ойлоном. Ар бир чыгарма сапаттуу болсо.  Акыркы күндөрү тойго ылайыкталган ырлар көбөйүп кетти. Диапазондуу ыр жазып, элдин табитин тарта билген оң. Ырчыларды комиссиядан өткөрсөк сахнада өзгөчө үндүн ээси, сапаттуу ырчылар калат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache