Шашылыш кабар:

Айымдар балалуу болууну өтө каалаганда да боюна бүтпөй калат

Январь 26th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева

«Марал» радиосунун «Дабагер» уктуруусунун бул жолку чыгарылышында тукумсуздук тууралуу сөз кылдык. Суроолорго Medi Plus клиникасынын гинеколог-эндокринолог дарыгери Сейил Шеримбекова менен уролог Зухар Хакимхожаев жооп берди.

Тукумсуздук оору эмес…

Тукумсуздук оору эмес, ал инфекция. Алар түрдүү оорулардын жыйынтыгы. Эндокринологиялык факторлор, алсак гармоналдык бузулуулар тукумсуздукка себеп болот. Мындан сырткары, стресске кабылып, депрессия абалында көпкө жүрүү да тукумсуздукка жол ачат. Балдар жаштайынан спорт менен туура эмес машыгып, оор жүк көтөргөндө күрөө тамырлары кеңейип кетет. Бул да тукумсуздуктун башкы себеби. Андыктан, өспүрүм чакта, 14-16 жаштарында баланы текшертип коюу сунушталат.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, жубайлар бир жылда балалуу боло алышпаса анда экөөнүн бирөө тукумсуздук менен жабыркайт. Андайлар алгач дарыгерге кайрылсын. Анын кеңешин уккан соң элдик медицинаны колдонуп көрүшөт.

Тукумсуздук аялдарда да эркектерде да бирдей…

Кыргызстанда ар бир онунчу эркек тукумсуздук менен жабыркайт. Мындан жыйырма жыл мурда өзгөчө айыл жергесинде тукумсуздуктун айынан аялдар көп жапа чекчү. Анткени түгөйлөр ажырашып кетишчү. Статистикалык маалыматтарга ылайык, тукумсуздук аялдарда да эркектерде да бирдей. Акыркы убактар алгач жигиттер өздөрү кайрылып, текшерилип жатат. Алардын жаш курагы 20 жаштан 50 жашка чейин. Оорулуулар көбүрөөк түштүк аймактан келишет. Түндүк тараптан Ысык-Көл облусунан кайрылгандар көп. Анын себептери так аныктала элек.

Айымдар балалуу болууну катуу каалаганда да боюна бүтпөй калат…

Бир балалуу болуп, кийин неристелүү боло албай калгандар да бар. Демек биринчи ымыркайын төрөгөндөн кийин тукумсуздукка чалдыккан. Аны дарыласа болот. Бирок тубаса тукумсуз болуп төрөлгөн адам такыр балалуу боло албайт. Аялдар көп жыл балалуу болбой жүрүп боюна бүткөн учурлар да болот. Мындайда гармоналдык, нейропсихикалык факторлор таасир берет. Мисалы аял стресс болуп жүрүп, кийинчерээк жан дүйнөсү тынчып калышы мүмкүн. Мындан сырткары, айымдар балалуу болууну катуу каалаганда да боюна бүтпөй калат. Мындайда жумушка алаксып, башка иштер менен алек болуш керек. Аба алмаштырып, чет жактан эс алып келген пайдалуу. Анткени айлана-чөйрөдөн да көз каранды болушу мүмкүн.

Тукумсуздуктун алдын алууга болот…

Тукумсуздуктун алдын алууга болот. Эркектер алкоголдук ичимдиктерден алыс болуп, тамеки тартышпасын. Эгер семирип кетсе анда спорт менен машыгып, туура тамактанганы оң. Анткени семирген кишинин гармондору бузулуп, тукумсуздукка чалдыгышы мүмкүн. Жашоого ыраазы болуп, шайыр жүрүшсүн. Балалуу болбойт экенбиз деп үмүт үзгөндүн кереги жок. Түгөйлөр бири-бирин күнөөлөнүн ордуна тескерисинче колдошсун.

Comments are closed.