Шашылыш кабар:

Дарыгер: Мигранттардын балдарынан кызамык жугууда

Январь 25th, 2018 | by Бурулай Шергазиева

Өлкө аймагында кызамык оорусу кайра катталды. Атап айтканда, Бишкек шаары боюнча 13, Чүй облусу боюнча 3 киши, Жалал-Абадда болсо 1 киши кызамык жуктуруп алган деген маалыматтар бар. Болжолдуу маалыматтар боюнча, кызамык оорусу Орусиядан келген мигранттардын балдарынан жуккан. Жаңы жылга жакын келген балдардын бирөө 1 жаш 10 ай, бирөө 9 ай болгон. Алар «көк жөтөл» деген диагноз менен инфекциялык ооруканага жаткырылган. Ошол учурда алардан ооруканада жаткан башка балдарга да кызамык оорусу жуккан.


Орусиядан келген мигранттардын балдарынан кызамык оорусу жугуп, учурда Бишкекте 13, Чуйдө 3, Жалал-Абадда 1 учур катталган. Учурда алардын абалы жакшы. Бул туурасында республикалык инфекциялык ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

 -Бейтаптардын абалы жакшы. Ооруканадан жакынкы күндөрү чыгарабыз. Негизи Орусиядан келген балдардан жуккан. Оору жугузгандардан кайра башкаларга жуккан. Бирок убагында дарыланып жатышат.

Эске салсак, кызамык оорусу 2015-жылы көп катталып, учурунда тиешелүү чаралар көрүлгөн. Адистердин айтымында, учурда Орусияда, Украинада, Европада көп катталып жаткандыктан, мигранттардын балдары жуктуруп келген учурлар болууда. Анын үстүнө алардын чет жакта каттоосу жок болгондуктан, убагында эмдөө алышпайт. Ата-энелердин кайдыгерлигинен бала ооруга чалдыгып жатат. Негизи кызамыкка каршы бала 1 жашында жана 6 жашында эмдөө алышы керек. Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысованын айтымында, учурда кызамык менен ооругандар эмдөө албаган же эмдөө жашына жете элек балдар.

-Эмдөө календарына ылайык, эки жолу эмделет. 1 жана 6 жашында. Ал эми азыр ооруп жаткан балдар эмдөө жашына жете электер. Арасында ар кандай себептер менен эмдетпей койгон ата-энелердин балдары да бар. Бала эмделген учурда анда ал ооруга каршы иммунитет пайда болот, балага оору жукпайт.

Көпчүлүк учурда ата-энелер кызамыкты аллергия же сасык тумоо менен алмаштырып, дарыгерге кайрылбай койгон учурлар болот. Ал аба аркылуу бат жуккандыктан оору тез эле өтүшүп кетет. Ошондуктан баланын дене табы көтөрүлүп, кызыл тактар пайда болгондо эле ооруканага кайрылуу керектигин адистер эскертишет. Анткени кызамыкка чалдыккан балада башка өнөкөт оорулар да козголуп, оор абалга кабылуу коркунучу бар. Бул туурасында медицина илимдеринин доктору, инфекционист Сапарбү Тобокалова билдирди.

-Иммунитетти алсыз болуп калат. Ошол учурда баланын кайсы өнөкөт оорулары бар болсо, ошол оорулар козголот. Өзү оор өтпөсө да, өнөкөт оорулар баланы кыйнайт. Тилекке каршы, бала чарчап калган учурлар да болот.

Андыктан адистер алдын алуу максатында баланы эмдетүү керектигин эскертишет. Ал эми балада кызамыктын белгилери байкалса дароо ооруканага кайрылууну сунушташат.

Comments are closed.