Шашылыш кабар:

Адаттан тышкары суук мектептердин жабылышына алып келди

Январь 25th, 2018 | by Бахар Хакимова
Адаттан тышкары суук мектептердин жабылышына алып келди
Күн чекит
0

Катуу суукка байланыштуу 26-январдан 30-январга чейин өлкөдөгү мектептерде окуу процесси токтотулаарын Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. Ал эми бала бакча, жогорку окуу жайларга да ушундай тартип киреби? Бул суроонун алкагында “Күн чекит” программасына Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Самара Умралиева маек курду.

Марал: Бүгүн катуу суук болуп жаткандыгына байланыштуу парламент депутаттары мектептерде окуу процессин токтото турууну сунушташты. Министрлик болсо окуу процессин 4 күнгө токтотту. Башка билим берүү уюмдары да жабылабы?

Самара Умралиева: Билим берүү мыйзамынын 31-беренесинде балдардын жана мектеп окуучуларынын саламаттыгын сактоо боюнча айтылган. Ошондуктан азыркыдай суук аба-ырайы болуп жатканда балдар оор кырдаалга учурабаш үчүн 26-январдан тарта 30-январга чейин окуу процесси убактылуу токтотулат. Жумалык окуу жүктөмү беш күндүк тартипте иштеп жаткан мектептер үчүн 3 күн берилет. Ал 26,29,30-январь күндөрүнө туш келет. Ал эми окуу жүктөмү 6 күндүк мектептерге каникул 4 күн берилет, 26,27,29,30-январь күндөрү.

Марал: Бул мыйзам бала бакчалар жана башка окуу жайлар үчүн да тийиштүүбү?

Самара Умралиева: Бала бакчаларда ички жылуулук тартиби сакталса, тагыраагы бөлмөлөрдөгү аба ырайы 18 градус жылуу болсо алар ишин уланта берет. Анткени наристелерди ата-энелер өздөрү алып барып, алып кетет. Ошентсе да эгер ишти токтотобуз дешсе, жергиликтүү билим берүү башкармалыктары менен кеңешип токтотууга уруксат берилди.

Ал эми кесиптик-техникалык окуу жайлар, жогорку окуу жайлар ушул күндөрдө окуу процессин токтотобу, токтотпойбу муну жетекчилери өздөр чечишет.

Марал: Жабылган мектептерде окуу планы кандай болуп жетишилет?

Самара Умралиева: Бул убакыт каникул деп эсептелбейт. Башкача айтканда, окубай калган 4-5 күндүк окуу программасын кайра толуктоо үчүн 5 күндүк тартип менен окуган мектептер февраль же март айында ишемби күндөрү окушат. 3 күн окуп азыркы программаны толукташат.

Ошондой эле, 6 күндүк тартипте окуган мектептерде жазгы каникулдун эсебинен 3 күндү толукташат.

Ушул жерден белгилей кетчү нерсе, 5 күндүк режимде иштеген мекемелерде 9-классттар 6 күндүк тартипте окуйт. Анткени алардын окуу жүктөмү азыркы учурда 32 саат. Булар дагы жазгы каникулда 4 күндү кошумча окушат. Жыйынтыктап айтканда окуу прогараммасы артта калбайт.

Comments are closed.