Шашылыш кабар:

Молдобаев: Кызматкерлерди кыскартып жылына бир млрд сом үнөмдөп калса болот

Январь 24th, 2018 | by Чолпон Бейшелең кызы

Аткаруу бийлиги кызматкерлердин санын азайтууга бел байлады. Анын алкагында мамлекеттик кызматта иштегендер 10% чейин кыскарат. Ушундан улам аткаруу бийлигинин системасын реформалоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлдү. Өкмөт бул иш-аракеттер бюджеттин чыгымын азайтуу жана бирин-бири кайталаган органдарды жоюу үчүн жасалып жатканын кабарлады. Өкмөттүн оптималдаштыруу аракети тууралуу  сурообузга «Күн чекит» программасында Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты Нарынбек Молдобаев жооп берди.

-Нарынбек мырза, өкмөт мамлекеттик кызматкерлердин санын кеминде 10 пайызга чейин кыскартууну пландап жатат. Айтсаңыз кызматкерлердин саны кандай тартипте кыскартылышы керек. Бул түзүмдүк  жактан жүрүшү керекпи же штаттык тартиптеби?

Мен билген премьер-министрлердин жок эле дегенде ону кызматка киришип жатып, өкмөт аппаратын 30% кыскартам деп эле келе жатышат. Бул жерде аппараттан тышкары министрликтер дагы бар. Чындыгында бүгүнкү күнү өкмөттөгү кызматкерлерди кыскартуу керек. Бирок структуралык жактан дагы, саны жагынан дагы 10% өтө аздык кылат.  Ошондуктан 30% чейин азайтуу керек.  Мисалы айыл чарба министрлигинде 6 миң адам иштей турганы айтылып кетти. Бүгүнкү күнү колхоздор жоюлганда мынча кызматкер эмне кылып жүрөт? Ошондой эле өкмөттүн астындагы архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде экспертиза департаменти бар. Ал эми дүйнө жүзүндөгү бир дагы мамлекетте аткаруучу бийликке караган мындай департамент жок.  Эми президенттик аппарат менен өкмөттүп аппаратына келсек. Бүгүн эки жакта тең бири-бирин кайталаган бөлүмдөр толтура.

-Кызматкерлердин санын кыскартуу ишинде эсептөөлөр кандай жүрүшү керек?

Ал үчүн ар бирине  терең анализ жүргүзүү керек. Себеби керексиз жана абдан зарыл болгон структуралар бар. Мисалы туризм түтүнү жок завод. Бул тармакты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитет уюштурулушу керек деген кептер чыкты. Бирок туризмге тийиштүү бир дагы мыйзамыбыз жок. Ошондуктан керектүү түзүмдөрдү жаратып, керексиз структуралар менен кош айтышуу зарыл.  

-Эгер сиз айткан 30 пайызга чейинки кыскартуу болсо, бюджеттен канча каражатты үнөмдөп калса болот?

Биздин азыркы жылдардагы бюджет болжолдуу түрдө 2млрд доллар. Сом менен 150 млрд сом. Эми Жогорку Кеңештин бир жылдык бюджети 1,5млрд сомго чамалайт. Ошонун 30% кыскартса эле канча каражат мамлекеттин казынасында калганы турат. Буга өкмөттү кошкондо бери дегенде эле 1млрд сомго чейин үнөмдөп калса болот.

-Ал эми жумушунан ажыраган кызматкерлердин тагдыры эмне болот? Мамлекет эмне кылып берүүгө милдеттүү?

Мен түшүнүп жатам. Кыскартуу болсо, жумушун жоготкондор кайда барат деген маселе бар. Бирок андан чочулабаш керек. Учурунда эмне деген гана завод-фабрикалар жабылды. Ошол кезде канчалаган илимдин кандидаттары жумушсуз калды. Бирок алар дагы жашоонун жолун таап кетишти. Андыктан бул кызматкерлер дагы жеке секторго барып иштеп кетүүсүнө толук мүмкүнчүлүктөр бар. Мына Кыргызстанда бизнестин он гүлүнүн бири дагы ачыла элек.  

Маегиңизге рахмат!

Comments are closed.