Шашылыш кабар:

Гүлзада: Ырчылардын эмгегин тарых таразалайт

Январь 24th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Гүлзада: Ырчылардын эмгегин тарых таразалайт
Радио желе
0

“Марал” радиосунун “Радио желе” программасынын кезектеги коногу Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Гүлзада Рыскулова болду. Ырчы чыгармачылыгы жана жеке жашоосу тууралуу кызыктуу маек куруп берди. 

 

Өзгөн күрүчүнөн мыкты палоо жасайм…

Жыл мезгилинен жазды жактырам. Анткени балалыгымды эске салат. Өзгөн күрүчүнөн мыкты палоо жасайм. Күрүчтөргө бири-бириңер менен кучакташпай башкыла дейм (күлүп). Социалдык тармактарга айласыздан кирем. Активдүү эмесмин. Мага азыранча «Манас айт» деген аян келе элек. Келип калса балким айтам. Тун уулум Мейкин чыгармачылыкка шыгы бар. Эң кичинекей уулум музыкага жакын.

2017-жылы жашоомо из калтырган окуялар көп болду..

2017-жыл жемиштүү болду. Көчмөндөр оюнуна өз чыгармаларым менен катыштым. Ал учурда 6 айлык боюмда бар эле. Чыгармачылыкты сүйгөнүмдөн ден соолукка кыйынчылык келбеди окшойт. Атайын даярдандык. Ыйык сахнада өнөр тартуулагандын өзү чоң сыймык десем болот. Андан сырткары, «Айкөл Манас» аттуу чыгармама клип тарттырууга да жетиштим. Чыгарма өзү бир жарым жылда даяр болду.

Жашоонун агымы музыка дүйнөсүнүн жээгине алып келди…

Атамдын да, апамдын да туугандары ырга жакын. Кичинекей кезимде ырчы болсом деп тилек кылат элем. Жашоонун агымы музыка дүйнөсүнүн жээгине алып келди окшойт. Кыйынчылыктарга карабастан максаттарыма жетип жатам. Ар бир ырымдын маанисине чөмүлөм. Сахнада ыр саптарынын дүйнөсүнө кирип, элестетип ырдайм. Башкалардай «көйнөгүм, чачым кантти экен» деп ойлонбойм.

Сахна боёкторго бай…

Бир стилге байлангым келбейт. Чыгармачылыкка жараша табит өзгөрүп турушу кажет. Анткени сахна боёкторго бай. Замандын, жан дүйнөңдүн талабына жараша сырткы келбетти өзгөртүү зарыл. Жаш ырчылардын эмгегин тарых таразалайт, эл электен өткөрөт. Адам өмүр бою изденет. Бүгүн кимдир бирөөнү туурагандар, балким эртең өзгөрөт. Жаштар өзгөчөлүктөрдү тапсын, бирок сахна ыйык жер экенин унутушпасын. Жеке өзүмдө ишке ашырсам деген көп ойлор бар. Азырынча кандай пландарым бар экенин айтпай коё турайын, сюрприз болсун. Жеке концерт берем деп күндө ойлоном.

Башка өлкөлөрдүн жакшы нерселерин Кыргызстанга алып келгим келди…

Япониянын жакшы жагын көрсөм эле Кыргызстанга алып кетким келди. Япон элинин маданиятынан аябай таасирлендим. Япония өлкөсүнө карап түздөнсөк болчудай. Эли билимдүү, ошол эле учурда абдан жөнөкөй келишет. Кичи пейилдиги, маданияттуулугу менен дүйнөнү тан калтырышат. Сыртта жүргөндө кыргыздарды көрсөң кадимкидей толкунданып, сүйүнөт экенсиң. Андыктан чет мамлекетке барганда ал жактага жарандарыбызга өзүм менен кошо Кыргызстандын абасын алып барууга даярмын.

Үй-бүлө үчүн аталардын орду опол тоодой…

Жолдошум экөөбүз балдарыма жакшы тарбия бергени аракет кылабыз. Тажабай, сураган суроолоруна жооп берип дегендей. Аялдарды көп нерсеге жөндөмдүү кылып жараткан экен. Үйдө эне, сахнада ырчы, кайын журтка барганда келин болом. Жолдошум балдарды каралашат. Үй-бүлө үчүн аталардын орду опол тоодой. Элиме түбөлүккө кызмат кылгым келет. Кыргыз болуп төрөлгөнүмө арданган эмесмин. Башка тилди билбесем уялбайм. Досторум мени менен сүйлөшүп жүрүп адабий тилге көнүштү.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache