Шашылыш кабар:

Шоколад менен газдалган суусундук уйкуну качырат

Январь 24th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Шоколад менен газдалган суусундук уйкуну качырат
Ден соолук
0

«Марал» радиосу ар жуманын шаршемби күнү саат 16:00дө «Психолог сааты» уктуруусун обого чыгарат. Анда Кыргызстандагы абройлуу «SEAR Psychology» психологиялык борборунун  адистери угармандарды түйшөлткөн суроолорго жооп берет. Төмөндө сиздерге бул чыгарылыштагы суроолорго карата психологдун кеңешин сунуштайбыз.

— Организмге уйкунун кандай пайдасы бар?

— Адам уктап жатканда мээ маанилүү жана эң пайдалуу функцияларды аткарат. Организм күн бою денеге топтолгон токсиндерден тазаланат. Эгер алар денеге көп өлчөмдө чогулчу болсо түрдүү физиологиялык ооруларга жол ачат. Мындан сырткары, эс тутумдун альцгеймер дартына себеп болот. Стресстен арылууга жардам берген мелатонин гармонунун 70% уктап жатканда бөлүнүп чыгат. Ал өзгөчө түңкү саат 23:00-03:00 чейинки аралыкта иштелип чыгат. Уктаган учурда мээ күн ичинде уйрөнгөн нерселерди кайра кайталайт.

— Эмне себептен кичинекей балдар көп уктайт?

— Анткени наристелердин организми уйкуну көп талап кылат. Жогоруда айтып өткөн мелатонин гармону иммунитетке жооп берет. Жаш балдардын чоңоюп, өсүшүн шарттайт. Балдар уктап жатканда чоңоюшат.

— 3 айдан бери уктай албай кыйналам. Көп болсо 2 саат уктайм. Эмне кылсам?

— Уктай албаган учурда эмоционалдык абалыңызга маани бериңиз. Уктаар алдында телефон, компьютер жана башка технологияларды колдонуудан алыс болуңуз. Адам көк түстү көргөндө мээге «иште» деген билдирүү барат. Жатаарда эртеңки күн тууралуу ойлонбогонго аракет кылыңыз. Күн бою кылган ишиңизди тескерисинен эстесеңиз 15 мүнөттө уйкуңуз келет. Тагыраак айтканда, «тиш жуудум, тамактандым, дүкөнгө бардым» деп акыркы кыймылыңыздан алгачкысын көздөй эстейсиз.

— Көзүмдү жумганда эле ар кандай түш көрөм. Кантип кутулсам болот?

— Так маалымат бериш үчүн сизди жакындан тааныш керек. Адамдын аң-сезиминин айынан түштөр өзгөрүлүп турат. Facebook, Google сыяктуу ири компанияларда түшкү уйку сааты бар. Чак түштө 20-30 мүнөт уктап алуу күн боюу күчтүү, жакшы маанайда жүрүүгө жардам берет. Көп уктаган айымдар жаштыгын көпкө сактай алат. Андыктан, сулуу, дени сак жана стресстен алыс болом десениз туура убакытта көп уктаңыз.

 — 78 жаштамын. Аябай аз уктайм. Кандай кеңеш бересиз?

— Улгайган сайын уйку азая баштайт. Чочулоонун эч кандай кажети жок. Жатаардан мурда жылуу сүт же каалаган сүт азыктарын жеп алсаңыз тынч уктайсыз. Мындан сырткары, бүгүнкү күндү жыйынтыктап көрүңүз. Шоколад менен газдалган суусундуктар уйкуну качырат. Андыктан кечкисин аз энергия берүүчү азыктарды колдонуу сунушталат. Ошол эле учурда туура дем алуу  да маанилүү.

— Организмди кыйнап уктатса болобу? 

— Жаткандан кийин 15 мүнөттө уктай албасаңыз өзүңүздү кыйноонун кереги жок. Күн сайын бир мезгилде уктаганга аракет кылыңыз. Себеби уйку тартиби болушу зарыл. Уйку менен бир нерсени байланыштырып алган пайдалуу. Мисалы, мээге «тишимди жууп баштадым, демек бир аздан кийин уктайм»  деген ой барышы зарыл. Уктоочу бөлмөдө китеп окуу сунушталбайт. Себеби кийин китеп окуганда уйкуңуз келе баштайт. Мындайда мээ уйку менен китепти байланыштырып алат.

Comments are closed.