Шашылыш кабар:

Актерлор жаныбарларды туураганда… (Арген & Канболот)

Январь 22nd, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Актерлор жаныбарларды туураганда… (Арген & Канболот)
Радио желе
0

“Марал” радиосунун “Радио желе” программасынын кезектеги коноктору Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын актерлору Арген Карагулов менен Канболот Атаканов болду. Жаш өнөрпоздор жаныбарларды туурап,чыгармачылыктагы кызыктуу окуялары менен бөлүштү.  

Арген:

Театрга бир жолу баш баксаң кайра чыга албай калат экенсиң…

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунан болом. Төрөлгөндөн тарта театрга аралашып келе жатам. Анткени атам Карагул Тиленчиев Абдылас Малдыбаев атындагы опера балет театрында көп жылдан бери эмгектенип келет. Учурда атам менен кесиптеш болуп калдым. Биринчи курсту аяктаганда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Замир Сооронбаевдин сабагына катышып жүрүп театрдын тузун таттым. Театрга бир жолу баш баксаң кайра чыга албайт экенсиң. Жакында Кайрат Иманалиевдин эмгегине таандык “Керээз” спектаклин коёбуз. Азыр катуу даярданып жаткан чагыбыз. Мындан сырткары ыр жаздырдым. Балким ырдып да чыгып калам.

Сахнанын артында 5 мүнөттөй күлүп жаттым…

“Боорду эзген Боронбай” жана “Кайра жаралуу” аттуу эки тасмага тартылдым. Билимсиз актердун тасмага тартылганы медициналык билими жок доктордун операция кылганындай эле кеп. «Театрда окуйм» десең көпчүлүк «бир көзүң менен ыйлап, бир көзүң менен күлө аласыңбы» дешет. Манастын уулу Семетей спектаклинде Семетейдин жигиттеринин бири болдум. «Ушулбу сенин жигитиң?» деп камчы менен жоонго чапканда учуп барып, сахнанын артында 5 мүнөттөй күлүп жаттым. Алдыды Гамлетти ойногум келет.

Канболот: 

Актер — бул ар кандай түс, пластилин жана камыр… 

Токтогул районуну караштуу Сары-Сөгөт айылынан болом. 2009-жылы Арген экөөбүз окуу жайга чогуу тапшырып, актердук кесипти 4 жыл окудук. Андан соң Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство жана маданият университетинен да режиссердук билим алдык. Кээде капаланган күндөрүм болот. Бирок «эмнеге театрды тандадым» деп эч качан өкүнгөн жокмун. Театрга киргенде эле кайгынын баарын унутуп каласың. Таетрдын даамын таткан соң эч жакка кете албайсың. Бир канча клипке тартылдым. Киного тартылуу боюнча сунуштар түшүп жатат. Актер — бул ар кандай түс, пластилин жана камыр.

Кичине роль эмес кичине актер, актриса болот…

Театрга алып жатканда көркөм кеңештин мүчөлөрү актердук билимибизди текшерип, сынашкан. Театрда иштеш үчүн үн, бой жана келбет болушу зарыл. Кайра жаралсам да ушул эле чөйрөнү тандамакмын.  Алты санымдын амандыгы, ата-энемдин жанымда болгону мен үчүн чоң бакыт. Театр менен элди тарбияласа болот. Бизге кандай роль берилсе «кыңк» этпей аткарабыз. Мени көпчүлүк “Кудалар” комедиясындагы жеңенин ролун аткарганым менен тааныйт. Актерлор өзгөчө эмес, эл катары эле түш көрөбүз (күлүп).

Актерлор жаныбарларды туураганда…

Comments are closed.