Шашылыш кабар:

Рахат Аксултанова: Апам үчүн күн сайын көңүл бурганым чоң белек

Январь 20th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева

“Марал” радиосунун “Радио желе” программасынын кезектеги коногу актриса Рахат Аксултанова чыгармачылыктагы жаңылыктары менен бөлүшүп, кызыктуу маек куруп берди.

Курбумду колдогону барып актриса болуп калдым…

2009-жылы курбу кызым кастинге катышып, мен аны коштоп барып калдым. Режиссердун сунушу менен сынакка катышып, 300 кыздын арасынын тандалып калдым. Алгач “Аят” тамасына тартылдым. Бала кезде «актирса болом» деп ойломок турсун уктасам түшүмө да кирчү эмес. Өзүмдүн принциптерим бар.  Мага жакпаган роль болсо дароо баш тартам. Акыркы жолу Рысбек Жабировдун “Квартирант” киносуна тартылдым. Рысбек байке дагы жаңы тасма тартып баштады. Бирок мен катышпайм. Кино тартууда жамааттык ынтымак абдан маанилүү. Мына ошондо жумуш бат бүтөт.

Эми журналистикага барсам болот…

Кесибим боюнча журналистмин. Көз карандысыз, калптын баарын ачкан, адилеттүүлүк үчүн күрөшкөн журналист болом деген максатта окугам. Кино тармагына аралашканга чейин окууну бүтүп, ЭлТР телеканалына бардым. Күндүз ЭлТРде иштеп, кечки саат сегизден кийин тасмага тартылып иштейин десем, жетекчилик макул болбоду. Кино же телени танда дешти. Бир чети ал убакта мен абдан уялчаак болчум. Телеканалда иштеген диктор бала: “Сенден журналист чыкпайт” – деди. Кийин киного тартылып жүрүп, эл менен сүйлөшкөндү үйрөнүп, такшалдым. Эми журналистикага барсам болот.

Атка минбеймин деп ыйлагам…

Кино – кыйноо дегени туура. Ар кандай образ жаратууга туура келет.  Ысык, суукта кыйналасың. Бирок жашоого тарбиялап, чыдамкайлыкты үйрөтөт. Азыркы кезге чейин эч уруш уга элекмин. “Түндүктүк келин” тасмасында аябай кыйналдым. Түштүк аймагын биринчи жолу көрдүм, биринчи жолу күйөөгө тийдим. Көшөгө, жоолук дегендерди да биринчи жолу көрдүм. Атка минбеймин деп ыйладым.

Бардык нерсени кечире бербейм…

Эки башка сүйлөгөн адам эки жүздүү. Бирок кырдаалга караш керек. Сенин ак көңүлдүүлүгүңдү кошоматчы катары баалагандар да бар. Менин ак көңүл мүнөзүмдү курбуларым пайдаланып калышты. Кечиримдүү болгонго аракет кылам. Бирок бардык нерсени кечире бербейм. Мугалимдердин үй-бүлөсүндө чоңойдум. Киного тартылуудан башка шахмат ойноп, тил курстарына барат элем. Азыр токтолуп калдым окшойт. Жалкоолугум бар.

Көңүл бургандын өзү чоң белек…

Жашоодо жаман адаммын (күлүп). Аябай ачыкмын, баарын айтып салам. «Жөнөкөймүн» деп айтпайм. Бой көтөргөн мүнөзүм да бар. Бирок чектен ашпоого аракет кылам. Баардык адамдар бирдей, андыктан текеберленүүгө негиз жок. Кайрымдуулук иштери менен алектенбейм. Апамдын сүтүн актай албайм. Апам үчүн ага күн сайын көңүл бурганым чоң белек. Кооз сүйлөгөндүн ордуна аракет менен көрсөткүм келет. Үйдө күчтүү адаммын.

Жолдошум «инстаграм баракчаңды өчүр» десе өчүрмөкмүн…

Сүйүүдөн запкы чеккем. Келин болгондон корком, бирок турмуш курууга даярмын. Жолдошум жумуштан кеч келсе урушпайм. Кайын атама өмүр боюу жүгүнгөнгө даярмын. Бир саатта конок тосконго жетишемин. Келин болсом улууларды тергебейм, өзүмдөн кичүүлөрдү атынан айтып чакырам. Жолдошум инстаграм баракчамды өчүр десе өчүрмөкмүн. Алдыды Сабира Күмүшаливадай актриса болгум келет.

Comments are closed.