Шашылыш кабар:

Экомайдан: Аймактарды өнүктүрүүнү алгач эл каалаш керек

Январь 19th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Экомайдан: Аймактарды өнүктүрүүнү алгач эл каалаш керек
Экомайдан
0

“Марал” радиосунун “Экомайдан” программасында аймактарды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу эл аралык Ала-Тоо университетинин экономика жана башкаруу факультетинин деканы экономика илимдеринин кандидаты Кыялбек Акмолдоев менен маек курдук.

— Аймак дегенде эмнени түшүнөбүз?

— Аймак дегенде негизинен айыл чөлкөмдөрүн, жергиликтүү бийликти, тоолуу региондорду, шаардан сырткаркы жерлерди түшүнсөк болот. Өлкө калкынын 60% көбү айылдарда жашайт. Аймактарды өнүктүрүү мамлекеттин приоритеттүү багыттарынын бири болуп эсептелет.  Мисалы, Баткен шаары да бир аймакка киргени үчүн өнүктүрүүдө аталган шаар кошо каралат. Ошондой эле, Бишкек шаары Чүй облусунун аймагында. Демек борбор калаа да өнүгүүгө кирет.

— Айтсаңыз, аймактардын экономикасы дегенде эмнени түшүнсөк болот?

— Буга чейинки президенттердин аймактарды өнүктүрүү программалары кагазга жазылып эле калып кетти. Региондорду бир жылда өнүктүрө албайбыз. Ал көп мөөнөттү талап кылат. Быйыл өнүгүүнүн пайдубалын түптөө мүмкүн. «Кырк кадам» программасынын негизинде аймактар туруктуу өнүгүү жолуна түшөт. Региондорду өнүктүрүү үчүн элдин каалоосу маанилүү. Программа эки тараптуу мамиле менен ишке ашат.  Рынок шартында мамлекеттен күтүп отура берген болбойт.

— Аймактарды өнүктүрүүдө айыл чарба тармагын өнүктүрүү канчалык маанилүү?

— Айыл чарба тармагы аймактардын негизги кирешелерини бири. Бирок бул тармакты өнүктүрүү менен чектелбеш керек. Негизи өнүгүүнүн концепциясына коплекстүү кароо зарыл. Бир гана калктын социалдык-экономикалык абалын эмес, билим берүү тармагына, медицина жаатына, жарандардын руханий байлыгына да көңүл буруу шарт. Экономикалык өсүү жогорулаганы менен балдардын өлүмү кыскарбаса аны өнүгүү деп айта албайбыз. Айыл чарба продукцияларынын өндүрүмдүүлүгүн заманбап технологиялардын жардамы менен көбөйтүп, аймактарды өнүктүрсө болот. Мисалы, Голландия ушул ыкмада дүйнөгө таанылды. Бирок айыл чарба продукцияларынын баасын дүйнөлүк рынок белгилейт. Андыктан тобокелчилик абдан чоң. Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү тармагына басым жасасак өнүгүүгө салым болмок.

— Аймактарга инвесторлордын аз келиши эмнеден көз каранды?

— Чет элдик тике инвестициялар Бишкек шаарына Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облусуна көп келет. Башка облустарда ири базар жок болгондуктан инвестор аз келип жатат. Инвестиция тартыш үчүн кошуна мамлекеттер менен жакшы мамилени түзүү зарыл. Муну менен алардын базарын да колдонсок болот.

— Бирок ЕАЭБге кирип, базарларга жол ачылды. Маселе башка жакта эмеспи? Болбосо Кыргызстан Орто Азия боюнча инвесторлорго жакшы шарт түзгөн мамлекеттердин сап башында турат...

— Дүйнө глобалдашты. Биз өндүргөн картошканы Кытай да, Өзбекстан да эгет. Андыктан айыл чарба менен экономиканы өнүктүрүү кыйын. Алсак чипти жасоого 1 саат, ал эми бир килограмм картошка алыш үчүн 3-4 ай керек. Эми төрт айда чыккан чиптин баасы менен картошканын наркын салыштырып көрөлү. Демек айыл чарба тармагына караганда технологиядан көп киреше түшүп жатат. Мамлекет электрондук кызматка өтсө жакшы болмок. Анткени Өкмөт бир жылдык планы, аткарган иштери тууралуу маалымат берсе эл үчүн да пайдалуу. Айыл өкмөт бири-биринин планынан үлгү алат. Өнүгүүгө коомдук ишеним да маанилүү. Бийлик менен элдин ортосунда ишеним аз. Экинчиден аймактарды кайрадан бөлүштүрүнүн убагы келди. Райондор СССР убагында бөлүнгөн бойдон өзгөрүүсүз турат. Алардын башкаруу системасын да караш керек.

— Аймактардын экономикалык абалын өнүктүрүүдө биринчи эле ишкерлер көзгө илинет. Анткени мамлекеттик завод, фабрикалар жок. Калкты жумуш орду менен ишкер камсыз кылып жатат. Ишкерлерге кандай колдоо керек?

— Региондорду өнүктүрүү долбоорун колдогон эл аралык уюмдар көп. Алсак АРИС алардын бири. Жергиликтүү айыл өкмөт, эл айыл маселелерин чечүүгө кызыгып, долбоор жазып демилге көтөрбөй жатат. Эгер эл аралык уюмдарга кайрылса көйгөйлөрү чечилмек. Аймактардагы ишкерлерди колдосок айылдар өнүгүшү мүмкүн.

— Өз алдынча демилге көтөрүш үчүн эмне кылыш керек?

— Университет, билим берүү мекемелери жергиликтүү бийлик менен тыгыз байланышта болуш керек. Студенттерге аймактарга практикага барып, туулган жериңерге салым кошкула деп сунуштасак. Айыл өкмөттөргө бизнес план, маркетинг тууралуу маалымат берсек өнүгүү болмок. Мындан сырткары, мектепке чейинки билим берүүнүн жоктугу, окуунун сапаты төмөндөгөнү да көйгөйлүү меселе. Мамлекет баардык жерге шаарга да, аймакка да бирдей шарт түзүп бериши керек. Бүгүнкү күндө ажырым бар. Айылдын билим деңгээлин өнүктүрсөк, күчтүү кадрлар чыгат.

— Анда аймакты өнүктүрүүнү эмнеден башташ керек?

— Биринчиден аймактардын билим берүү сапатына маани берүү зарыл. Экинчиден инфраструктураны өнүктүрүү менен калкка сапаттуу кызмат көрсөтө алабыз. Бийлик менен элдин ортосунда айкындык болушу зарыл. Чет өлкөдө жүргөн жарандар өзү жашаган аймакта аткарылып жаткан иштерден, дагы кандай колдоо керек экенинен маалымат алмак.

Comments are closed.