Шашылыш кабар:

Рысалиев: Кылмыштуу топтор менен күрөш өтө чабал жүрүп жатат

Январь 18th, 2018 | by Чолпон Бейшелең кызы
Рысалиев: Кылмыштуу топтор менен күрөш өтө чабал жүрүп жатат
Күн чекит
0

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы уюшкан кылмыштуу топто  «Дөө»  деген каймана ат менен таанымал  Чыңгыз Жумагулов эркиндикке чыкты.

Чыңгыз Жумагулов «киши өлтүрүүгө катышкан, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, ээнбаштык кылган жана кылмыш тобун түзгөн» деген айып менен 18 жылга соттолгон. Ага карата өкүмдү 2017-жылдын 6-январында Биринчи май райондук соту чыгарган. Жумагуловдун адвокаты райондук соттун өкүмүн жокко чыгарууну өтүнүп жогорку инстанцияга кайрылып, Бишкек шаардык соту анын абактагы мөөнөтүн 13 жылга кыскарткан.

Кылмыштуу топтордун бүгүнкү күндөгү абалы жаны алар менен жүрүп жаткан күрөш тууралуу «Күн чекит» программасында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси, Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев менен маектештик.

-Бүгүнкү күнү уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөш кандай жүрүп жатат?

Бүгүн уюшкан кылмыштуу топтор жөнүндө сөз коомчулукта көтөрүлүп, эл сурап жаткандан кийин бул жерде сөзсүз маселе бар. Мындай топтор менен күрөшүдө жүргүзүлгөн иштерде чабалдык бар. Болбосо аларды тескей турган мыйзамдар толук жетиштүү. Болгону гана ошол мыйзамдарга чындык менен  таза мамиле кылыш керек. Мамиле качан бузулганда ушундай иштер козукарындай чыга баштайт. Алар алыстан баарын байкап турууга жөндөмдүү келет. Кайсы иште же жерде чабалдык бар экенин дароо сезишет.

Мен билгенден Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор союз тараган маалда 1990-жылдары күчөп кетишкен. Андан Акаевдин бийлигинен кийин аябагандай күчөп кетишти. 2010-жылы алардын катары бир топ калыңдап кийин басаңдаган. Эми кайрадан башып көтөрүп калышкандай.

-Мындай топтор менен катуу күрөш жүргүзүлбөсө аягы эмне менен аякташы ыктымал?

Мындай топтордогу адамдар баарына даяр болушат. Жыл башында Беловодск айылында бир үй-бүлөнү өлтүрүп кеткендерге шектүү делип 17 адам кармалды.  Бул топ эмес, банда деп айтсак дагы болот. Бул өтө коркунучтуу нерсе.  Эгер алардын  түзүлгөн пландары же идеясы болсо, ички иштер министрлиги же улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен  акыркы күчү калганга чейин каршылык көрсөтүшү ыктымал. Анткени бул топтогулар жөнөкөй жарандан баштап эч кимди аяшпайт.

Көп жыл мурун Кара-Балтада «Группа черных» деген балдардын тобу болгон. Мындагы балдар үйлөргө беткапчан кирип акча бергиле деп жарандардын бетин үтүктөгөн фактылар бар. Эгер азыр дагы ушул деңгээлге жетип кетчү болсо, мамлекет үчүн өтө коркунучтуу. Бизге алар сырттан келип кирген жери жок. Кармалгандардын баары өзүбүздүн Кыргызстандык жарандар.

-Уюшкан кылмыш дүйнөсүнө каршы натыйжалуу күрөштү кандай жүргүзүү керек?

ен бул тармакта иштеп турган мезгилде эски мыйзамдар менен аларды ордуна койгонбуз. Алар менен күрөшүүнүн, иштөөнүн негизги принциптери бар. Ошондуктан бул жакта чыныгы дасыккан кызматкерлер иштеши керек. Бизде кандай кызматкерлердин саны көп. Болгону гана талап катуу коюлушу керек.

Маегиңизге рахмат!

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache