Шашылыш кабар:

Айылдарга таза суу чыгарууга донорлордон 399 млн доллар түштү

Январь 18th, 2018 | by Бахар Хакимова
Айылдарга таза суу чыгарууга донорлордон 399 млн доллар түштү
Күн Чабыт
0

Кыргызстанда иче турган суу маселесине 2000-жылдары көңүл бурула баштап, “Таза суу” долбоору 2001-жылдан тарта ишке ашырылууда. Аны Азия өнүктүрүү банкы менен Дүйнөлүк банк каржылап, дээрлик 70 миллион доллар бөлгөн. Бирок долбоорлоо иштеринде, тендер өткөрүүдө, суу түтүктөрүн куруу коррупциялык айла- амал менен коштолгону, миллиондогон каражат кымырылып кеткени белгилүү болгон. Быйыл 2018-жылы аймактарды өнүктүрүү жылы деп белгиленди. Айыл аймактарынын эң курч көйгөйү бул таза суу маселеси. Демек, чыны менен эле айыл эли таза суу ичип калабы деген суроонун алкагында Ичүүчү суу менен камсыздоо департаментинин башчысы Аскарбек Токтошев менен «Күн чабытта» маек курдук.

Марал: Бүгүнкү күндө таза сууга муктаж болгон канча айыл бар?

Аскарбек Токтошев: Таза сууга аябай муктаж болгон 631 айыл бар. Анын ичинен эң катаал шарт Ош менен Жалал-Абад облустарындагы айылдарда болуп жатат.

Азыркы учурда таза суу маселеси өкмөттүн “Жаңы доорго 40 кадам” программасы, Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү стратегиясы сыяктуу ири программаларга киргизилип чоң жумуштар аткарылат.

19-январда аким, губернаторлор катышкан тегерек стол өткөргөнү жатабыз. Ага вице-премьер министр Дайыр Кенекеевдин жана донорлордун келишин күтүүдөбүз. 631 айылды 5 жыл ичинде ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча аракеттер жүрөт.

631 айылдын ичинен 386 айылда башынан эле суу түтүктөрү орнотулган эмес. Анын ичинде Жалал-Абад облусунда 179 ушундай акыбалдагы айыл бар. Ошондуктан бул облуска 3 донорду тартканы жатабыз.

Марал: Донорлордон түшкөн канча каражат бар, алар кайсы уюмдар?

Аскарбек Токтошев: Бүгүнкү күндө 8-9 донор бар. Бүткүл Дүйнөлүк банк, Европа өнүктүрүү банкы, Азия өнүктүрүү банкы, Ислам өнүктүрүү банкы, Европа Биримдиги, Швейцария королдугунан жана Бельгиядан келген донор бар. Жалпы суммасы 399 млн долларды түзүп калды.

Марал: Бул уюмдардын артыкчылыгы эмнеде? Алардын кандайдыр бир талаптары барбы?

Аскарбек Токтошев: Таза суу долбоорунун биринчи этабында көп акчалар кымырылып кеткен. Эл аралык донорлор ушул сыяктуу кемчиликтер кайталанбасын деген талап коюшууда. Эгер кайталанса дароо эле каржылоону токтотуп коюуга мажбурбуз деп жатышат. Мисалы, Азия өнүктүрүү банкы 20,4 млн грант түрүндө бергенде коррупциялык аракеттер байкалгандыктан аны токтотуп койгон. Аны кайрадан секторго киргизүү кыйынчылыкка турду, бирок 2019-жылдан тарта долбоорду ишке киргизүүгө 700-750 миң долларды техникалык жардам катары бөлүп берип жатат. Аны 2022-жылга чейин пайдаланышыбыз керек.

Марал: Реалдуу жумуш качан башталат?

Аскарбек Токтошев: Реалдуу жумуш 2017-жылы башталды. Мисалы, Кара-Кулжа районунун Тоготой айылында жумуштар быйыл март-апрель айында бүтөт. Ноокат районунун 3 айылын камтыган чоң долбоор бар. Чүй облусунун Панфилов районундагы Курама айылы,Чүй районундагы 10 айылды камтыган дагы бир долбоор жүрүп жатат.

Мындан тышкары, апрель, май айларынан тарта Бишкектин Күн-Туу, Кызыл-Туу айылдарында иш жүрөт. Ошондой эле, Ысык-Көл облусундагы бир топ айылдарда таза суу долбоору ишке ашырыла баштайт.

2022-жылга чейин ар бир жылга 200-250 млн сом каралып жатат. Аз акча сарптап, көп жумуш бүтө турган айылдар да бар. Бул айылдарга бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды жумшайбыз.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache