Шашылыш кабар:

Баланын оюнчуктан ооруп калганы көп байкалбайт

Январь 18th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева

«Марал» радиосунун «Дабагер» уктуруусунун бул жолку чыгарылышында балдардын оюнчуктары тууралуу сөз кылдык. Суроолорго Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун дарыгери Мария Кушубакова жооп берди.

Жылына 30 өлкөдөн жалпы 7 тоннадай оюнчук келет…

Баланын аң-сезимин өстүрүүдө оюнчуктардын таасири зор. Жаратылышты, жаныбарларды үйрөтүүгө жардам берет. Оюнчуктар жаш куракка карап чыгарылат. 3 жашка чейинки балдарга жумшак оюнчук керек. Алар аны оозуна салат. Баланын шилекейи менен аралашып, уулуу заттар бөлүнүп чыгышы мүмкүн. 2004-жылдан тарта оюнчуктардын пайда-зыяны иликтене баштаган. Кыргызстанга жылына 30 өлкөдөн жалпы 7 тоннадай оюнчук келет. Алардын 70% Кытайдан кирет. Дал ошол желимден жасалган оюнчуктардын ичинен уулуу заттар табылган.

Уулуу заттар топтолуп отуруп, мутацияга алып келиши мүмкүн…

Уулуу заттар оюнчукту жумшартуу үчүн колдонулат. Бирок белгилүү чектен ашып кетсе зыян. Мисалы формальдегид уулуу заты абада тез тарайт. Баланын дем алуу органына, терисине терс таасир берет. Баланын оюнчуктан улам ооруп калганын байкоо жана тастыктоо кыйын. Анткени оорунун белгилери башка дарттарга да мүнөздүү. Бала башы ооруп, кусуп, денесине аллергия чыгышы мүмкүн.  Оюнчук ойноп жатканда ушундай абал байкалса дароо дарыгерге кайрылышсын. Оюнчукту аймактык таксикологиялык лабораториялар текшерет. Бирок буга акча төлөш керек. Ошондуктан ата-энелер көп кайрылбайт.

Оюнчуктардын зыяндуулугун билиш үчүн…

Оюнчуктардын сөзсүз түрдө маркасы болушу зарыл. ЕАЭБге киргенде КРдин оюнчуктар боюнча техникалык регламенти иштелип чыккан. Ага ылайык, кандай сакталышы, кайсыл өлкөдөн чыкканы, оюнчуктун курамы жана башкалар көрсөтүлөт. Оюнчуктардын зыяндуулугун билиш үчүн анын документин сураш керек. Эгер сертификаты болсо анда ал кооптуу эмес. Ар бир оюнчукту алганда соодагерден тиешелүү кагазды талап кылыңыз. Эгер документ жок болсо, анда албай эле койгон оң.

Балага сүт куюп берген айрым бөтөлкөлөр да кооптуу…

Мындан сырткары, бөтөлкөдөн да уулуу зат чыгышы мүмкүн. Оюнчуктар таштандыга ыргытылгандан кийин да зыяндуулугун сактайт. Керек эмес оюнчуктарды күйгүзгөндө эң уулуу заттар бөлүнүп чыгат. Алар жаратылышка да зыян. Оюнчукту жыттап көрсүн, кескин жыты болсо же оюнчуктун боёгу чыкса сатып алганга болбойт. Соода дүкөндөрүнүн көпчүлүгүндө оюнчуктардын сертификаты бар.

Ата-энелер оюнчуктардын сапатына маани берип калды…

Бала бакчаларда оюнчуктар тазаланып турат. Оюн-зоок аянттарынын ээлери да оюнчуктарын тазалап карашы зарыл. Текшерээр алдында 10 күн мурда кабар берилет. Бул убакытта туура эмес жактарын оңдоп алышы мүмкүн. Базардагы соодагерлер да эскертүү менен көзөмөлдөнөт.  ЖМКлар аркылуу элге маалымат берилип, начар оюнчуктар көп сатылып алынбай калды. Бул базарда сапатсыз оюнчуктардын азыраак сатылышына түрткү болду.

Comments are closed.