Шашылыш кабар:

Жураев: Назарбаевдин АКШга сапары Орто Азия үчүн маанилүү

Январь 17th, 2018 | by Бахар Хакимова
Жураев: Назарбаевдин АКШга сапары Орто Азия үчүн маанилүү
Күн чекит
0

АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтондогу Ак үйдө Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевди кабыл алды. Назарбаев Трамп тарабынан чакырылган алгачкы борбор азиялык президент болду. Жолугушууда казак-америка кызматташтыгы талкууланып, дээрлик жети миллиарддык келишимге кол коюлду. Андан сырткары, региондогу жана дүйнөлүк масштабдагы маселелер да көтөрүлдү. Ушул теманын алкагында саясат таануучу Эмил Жураев менен “Күн чекитте” маек курдук.

Марал: АКШнын өлкө жетекчиси Дональд Трам Борбор Азия мамлекеттери арасында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевди биринчи болуп кабыл алды. Назарбаев Трамп менен жолугушууда Орусия темасын да көтөрүп, “Орусия менен АКШнын ортосундагы нөлгө түшүп кеткен мамиле, коңшу катары бизди да тынчсыздантат” -деп билдирди. Назарбаев бул маселеге канчалык таасир эте алат? Сиз бул сапарды кандай баалайсыз?

Эмил Жураев: Албетте бул маанилүү сапар жана Орто Азия өлкөлөрү ичинен Казакстандын мамлекет башчысынын барганы, АКШда Ак үйдө жогорку деңгээлде жолугушуу болгону Казакстан учүн гана эмес, ага жакын болгон Кыргызстанга, ЕАЭБ мамлекеттери үчүн да жакшы.

Анан сиз белгилеп өткөндөй, Орусия менен АКШнын мамилеси жакшы эмес болуп турган кезде Нурсултан Назарбаевдин барып, бул жөнүндө маселе көтөрүүсү, тынчсыздануусун билдирүүсү – бул дипломатиялык жаатта кошумча эшик ачуу мүмкүнчүлүгүн жаратты десек болот.

Бир четинен Орусия, Кытай, АКШ улуу державалык мамлекеттер болгондуктан алардын кызыкчылыктары өз алдынча чечилиши керек. Бирок, аларга өбөлгө болуу, диалог үзгүлтүккө учурап, бири-бири менен конструктивдүү сүйлөшө албай калган кезде экинчи фронттон мүмкүнчүлүктөрдү түзүү — алгылыктуу нерсе. Анткени Назарбаев Путин үчүн эң жакын өнөктөштөрдүн бири экенин АКШ да түшүнөт.

Марал: Казакстандык эксперттер бул сапарда биринчи кезекте экономикалык кызматташууга көңүл бурулуп, адам укугу маселеси козголгон жок деп айтып чыгышты. Чыны менен анда адам укугу, же болбосо Казакстандагы көп жылдан бери алмашпаган бийлик жөнүндө сөз болгон жок. АКШ буга кызыктар эмеспи?

Эмил Жураев: Мурун АКШнын бул жааттагы саясаты сынга алынып келген. Эми өзгөчө феномен киши Дональд Трамптын бийликке келиши менен демократиялашуу же адам укугун коргоодо өзгөрүү болот деп эч ким күткөн деле жок. Нурсултан Назарбаевдин Трамп менен жолугушуусунда бул маселе козголмок эмес. Бирок башка чөйрөлөрдө көтөрүлүшү мүмкүн.

Дээрлик отуз жылдык президенттикте Назарбаев мындай суроолорду уга берип көнүп калган, жообу да даяр. Ошондуктан бул жаатта чоң жетишкендик болот деп күтүү жаңылыштык.

Марал: Дональд Трамптын бийликке келиши менен АКШ жана Кыргызстандын кызматташуусу кандай нукка өзгөрүшү мүмкүн?

Эмил Жураев: Кыргызстан менен АКШнын кызматташтык мамилесинде өзгөрүү болуп, ал жаңыча нукка түшүшү мүмкүн дегенден алысмын. Буга чейин акыркы 2-3 жылда бир топ сууп калды. Эгер биздин мамлекет жетекчилери аракет кылса, экономикалык жактан мамилени арттырып, инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк дайыма бар. Бирок саясий, гуманитардык кызматташууда жакшы жакка өзгөрүүлөр болбойт, анткени Трамптын администрациясы үчүн Кыргызстан чоң мааниге ээ болуусу азырынча кыйын.

Comments are closed.