Шашылыш кабар:

Эч нерсеге канааттанбай калдым. Кандай сунушуңуз бар? (Психолог сааты)

Январь 17th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Эч нерсеге канааттанбай калдым. Кандай сунушуңуз бар? (Психолог сааты)
Ден соолук
0

«Марал» радиосу ар жуманын Шаршемби күнү саат 16:00дө «Психолог сааты» уктуруусун обого чыгарат. Анда Кыргызстандагы абройлуу «SEAR Psychology» психологиялык борборлорунун адистери угармандарды түйшөлткөн суроолорго жооп берет. Төмөндө сиздерге, бул чыгарылыштагы суроолорго карата психологдун кеңешин сунуштайбыз.

— Балам 2-класста окуйт. Мектепке баргысы келбей жатат. Кандай кеңеш бересиз?

Балдар 1-класста достору менен ойнойт. Ошондуктан мектепке кызыгып барат. Мотивациянын азайышына мугалимдин ачууланганы да таасир берет. Чоңдор жыйынтык маалымат тапшыраарда жумуштан качып, шылтоо издеген сыяктуу балдар да тапшырмасын аткарбай калса мектепке баргысы келбейт. Балаңыз менен сүйлөшүңүз. Мектептеги абалын билгенге аракет кылыңыз. Мугалими менен байланышып, достору бар же жок экенин тактаңыз. Анткени окуучуларды мектепке кызыктаргын нерселердин бири алардын достору. Мындан сырткары уулуңуздун жүрүм-турум, кыймыл аракетине маани бериңиз.

— Мага жардам бериңиз. 3 жылдан бери сүйлөшкөн кызымдан жооп ала албай  жатам. Кандай сунуш айта аласыз? 

— Байланыштын ачык, жарым ачык жана жабык деген 3 түрү бар. Ачык түрүндө баарлашкан адамдар максаттарын так белгилешет.

«Сенин акыркы мамилең мага катуу тийди. Мындай терс сапаттардан арыл» деген сыяктуу бири-бирине болгон ойлорун ачык айтышат. Эгер ачык байланышка барбай жатса, анда дене тили аркылуу сиз жөнүндө кандай пикирде экенин билсеңиз болот. Бирок айымдар менен эркектердин дене тили эки башка. Аны үйрөнүш керек. Сиз психологго кайрылыңыз. Сүйлөшпөй туруп өз алдынча ойлорду жаратуудан алыс болуңуз. Ачык байланышка чакырып, сөзсүз максаттарыңызды айтыңыз. «Жок» деген жооп алсаңыз да женилдей түшөсүз.

— Иштеген жерде айрым адамдардын мамилеси жакпайт. Эмне кылсам болот?

— Сизди да байланыштын ачык түрүн колдонууга чакырам. Жашоодо эмне маанилүү экенин аныктап алыңыз. Эгер күчтүү адис болгуңуз келсе өзгөлөрдүн мамилесине маани бербеңиз. Адамдар менен тил табышуунун жолун үйрөнүңүз. Жакшы диалог курганы аракет кылганыңыз сиз үчүн пайдалуу.

— Кызым 9 айлык, көп эркелетем. Туурабы?

— Балага ата-энеси колдоо көрсөтөт. Айрым нерселерге эне эмес аталар тыюу салганы жакшы. Жеткинчектерди уруп же аларга катуу сүйлөөгө болбойт. Психологиялык жактан жабыркап калышы мүмкүн. Такыр эркелетпей койбой, чеги менен эркелетиңиз. Баардык каалоосун аткаруудан алыс болуңуз.

— Өзүмдү башкалардан төмөн сезип жатам. Кандай чара көрсөм болот? 

— Ишенген, дайыма сизди колдогон адамдар менен сүйлөшүңүз. Өзүңүздү тааныганга аракет кылууну сунуштайбыз. Анда да болбосо адистерге кайрылыңыз. Кайсыл окуядан улам өзүңүздү төмөн сезип калганыңыз да маанилүү. Адамдын өзүнө болгон терс баасы жакшылыкка алып барбайт.

— Эч нерсеге канааттанбай калдым. Кандай сунушуңуз бар? 

— Так айтыш үчүн адамды тааныш керек. Ошентсе да жалпы тыянак менен маалымат берели. Көбүнчө эч нерсеге алымсынбай, өзүн бактылуу сезбеген адамдар Калифорния синдромуна кабылат. Ал синдромду деңиз суусун ичкен абал менен салыштырса болот. Мындай психологиялык дартка чалдыккандар бир жолу аткарган ишин кайра кайталоону каалай берет.

Калифорния синдромунун мүнөздүү белгилери:

Биринчиси, адам каалаган нерсесине жетмейинче өзүн жаман сезет. Бакытты материалдык нерседен издеп калат. Сатып алган буюмун же кийимин элге көрсөтүүнү самайт. Экинчиси, өзүмчүл боло баштайт. Окуялар өзү каалагандай болушун көксөйт. Үчүнчүсү, «мага эч ким тийишпесин»,- деп жоопкерчиликтен кача баштайт. Жалгыздыкты каалашат. Колунда баары болсо да бактылуу боло алышпайт. Мисалы, Калифорния синдромуна чалдыккан киши дүкөндө 10 нандын арасынан бирөөн тандап алат, эгер ал нан жакпай калса, өзү тандаган нерсеге жоопкерчилик алгандын ордуна тандоого өкүнөт. Бул синдром кичинекей балдарда да кездешет.

Калифорния синдромунан чыгуунун жолу…

Социалдык статуска көп маани бербеңиз. Ал стресске кабылуунун бир себеби болот. Убакытты туура бөлүштүргөндү үйрөнүш керек. Анткени бул дарт боштуктан келип чыгат. Ошондуктан план менен иштөө маанилүү. Чон максатка жетүүдө башка нерселерге алаксыбаңыз.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache