Шашылыш кабар:

Бизнес клуб: Бир үйдү 3 миң долларга толук жылуулатса болот

Январь 17th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Бизнес клуб: Бир үйдү 3 миң долларга толук жылуулатса болот
бизнес клуб
0

“Марал” радиосунун “Бизнес клуб” программасында “Smart Energy” жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү Азамат Акилеев жана аталган коомдун аткаруучу директору Чыңгыз Акилеев менен “Бүгүнкү күндө альтернативдүү энергия булактарын колдонуу канчалык мүмкүн?” деген тема талкууланды.

— “Smart Energy” коому качан иштеп баштады?

— Күн энергиясын колдонуу жаатында 2015-жылдан бери иштейбиз. Кыргызстанда мунай же газ өндүрүлбөгөнүнө жана электр энерниясы чектелүү болгонуна байланыштуу энергия алуунун альтернативдүү жолун издедик. Андан сырткары экология бузулуп жатат. Күн энергиясын колдонуунун экинчи максаты, жаратылышты коргоо. Ысык суу менен жылуулук үчүн альтернативдүү энергия булактарын пайдалансак электр энергияны үнөмдөөгө болот. Системаны орнотууну каалагандар бизди социалдык тармактардан издешсин.

— Имараттарды жылытуу үчүн дагы кандай энергия булактары бар?

— Азыр айыл жергесинде жылуулук үчүн көмүр, отун, ал эми шаарда газ кошо колдонулат. От казандар көмүр, газ, электр энергиясын пайдаланат. Биздин компания сунуштаган техникаларды турак жай үйлөргө, ишканаларга, соода дүкөндөрүнө колдонсо болот. Күн менен жылытуу системасы 1 кВ менен 4 кВ энергия чыгаруу мүмкүнчүлүгүн берет. Атайын кондиционер жылуулукту фрионго чогултат. Фрион төмөн температурада дагы кайнай берет. Кайнаган жылуулук бөлмөгө аба аркылуу түз берилет. Же болбосо сууга берип, суу аркылуу жылытса болот.

— Күн энергиясын колдонууда элдин талабы кандай?

— Суроо-талап абдан көп. Толугу менен мурунку энергия булактарынан (көмүр, электр энегия ж.б.) арылуу кыйын. Бир топ имараттар, ресторандар, мончолор аба жылытуу системасын колдонууда. Аларга вентиляция же суу аркылуу жылуулук берген жылыткычтарды орнотуп жатабыз. Бул системага башында көп каражат сарпталышы мүмкүн. Бирок бара-бара өзүн актайт. Система автоматтык түрдө иштейт. Ишкердик жаатында кафелерде, ири спорт залдарда, мончолордо колдонсо болот.

— Өзгөчө кайсы тармактан суроо-талап көп түшөт?

— Турак жай, ишканалардан бирдей суроо бар. “Табылга” базарындагы дүкөнүбүз аркылуу да бир топ сунуш түшөт. Электр энергиясы кымбаттаганына байланыштуу турак жайларын жылуулаткандар көбөйдү. Көмүр арзан болгону менен колдонууга ынгайсыз. Күн нурун чогултуп суу жылытууга багытталган технологиялар бар. Ал мезгилден көз каранды эмес. Сууну жайында 100, ал эми кышында 70 градуска чейин ысытат. Элге аны да сунуштайбыз. Аны түрдүү шартка ылайыкташтырып алса болот. Мисалы, полдорун жылуулай алышат.

— Үйдү жылуулоого орточо эсеп менен канча каражат кетет?

— Мисалы, 150 метр квадраттык үйгө 2 миң долларлык жылуулук насос, 40 миң сомдун тегерегиндеги суммага суу жылыткыч койсо болот. Жабдыктарды орнотуу менен баа 3 миң долларга барат. Албетте, бул кишинин санынан көз каранды. Үй кайсы жерде жайгашканы да маанилүү. Бажы кодексине өзгөртүүлөр киргенден бери техникалардын баасы кымбаттады. Система мурдагы баасына салыштырмалуу 20% кымбаттады. Бул система кышында абаны жылытса, жайында муздатып берет. Чыгашалар 50-60% арзандайт.

— Жылытуу системасын сатып алуу мүмкүнчүлүгү кандай?

— Сатып алууга мүмкүнчүлүгү болбогондорго финансылык институттар жардам берет. “Кирсефф” программасы аркылуу банктардан насыя алып, грант менен үстөк пайызын жапса болот. Жабдыктар Кытайдан келет. Алар биздин шарттарга ылайыкташтырып жасап беришет. Бир жылга кепилдик беребиз. Көбүрөөк Ысык-Көл, Ош, Токтогул тарапка койдук. Бала бакчаларга да орнотуп бергиле деп кайрылгандар болду. Эсептеп келгенде көмүргө абдан көп акча сарпташат экен. Ай сайын миллиондогон акча кетет.

— Эмне себептен альтернативдүү энергияны колдонууга өтпөй жатабыз?

— Башкы инвестиция кымбат. Жылуулук насостордун баалары 3-4 эсеге жогору. Эмнегедир эл көп ишене бербейт. Өздөрү системаны туура эмес иштетип, терс көз караш пайда болуп калгандай. Алдыда Кыргызстан электр энергиясы менен өлкөнү толук камсыздай албайт. Анткени калктын саны өсүп жатат. Демек, бара-бара күн энергиясын колдонууга өтүшөт.

— Мамлекет кандай жардам бериши зарыл?

— Өкмөт мамлекеттик жеке өнөктөштүк аркылуу инвесторлорду чакыртып, от казандарга тариф боюнча шарт коюп, макулдашууларды так сактаса кырдаал өзгөрөт. Бул бизнес үчүн да жакшы мүмкүнчүлүк. Мамлекет да пайда тапмак. Чет өлкөдөн жаңы техникалар алынып келинип, калктын жылуулук көйгөйү чечилмек. Бактар кыйылып, экология бузулуп жатат. Эми Өкмөт бизге чектөө койбой, шыктандырыш керек.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache