Шашылыш кабар:

Э.Нурбаев: Эки саат бою студиянын номурун кайталап отурдум

Январь 16th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Э.Нурбаев: Эки саат бою студиянын номурун кайталап отурдум
Радио желе
0

“Марал” радиосунун “Радио желе” программасынын кезектеги коногу теле алып баруучу Эркин Нурбаев болду. 

Эркин Нурбаев “Радио желе” программасын негиздегендердин бири.

Радионун ырахаты айтып бүтө алгыс…

2017-жыл жакшы окуяларга аябай бай жыл болду. Наристелүү болдум. Радиодон кеткенден кийин көп өзгөрүү болду. Арты артынан жаңы тасмаларга тартылдым. “Марал” радиосу мени ийгиликтерге жетелеп бара жатат. Медиа тармагына аралашууга пайдубал болуп берди. Радио менен теле алып баруучунун көп айырмасы жок. Теледе болгону сырткы келбетке гана көңүл буруш керек. Радионун рахаты өзгөчө айтып бүтө алгыс.

Алдыда өзүмдү элчи катары көрөм…

Терс сынды кабыл алганда жан дүйнөм кыйналып кетет. Музыканы көп угам. Жакшылыкта кызмат кылып жүрүп кээде ырдап коём. Адамдык сапатка маани берем. Достукка бекем болгонду жактырам. Социалдык тармактар барган сайын көп роль ойноп калды. Өзүм инстаграмда активдүү боло баштадым. Үйлөнүп тыкан болуп калдым. Бойдокторго айтаарым, колуңардан келсе үйлөнгүлө. Негизгиси ортоңордо сүйүү болсун.  Алдыда чет өлкөгө чыгып окуп келсем деген тилектерим бар. Кыргызстанда кесипкөй адистер аз. Бир топ жылдардан соң өзүмдү элчи катары көрөм.

Эки саат бою студиянын номурун айтып отурдум…

«Марал» радиосуна жаңы практикага келгенде Каныкей Бозгунова эженин эфир алып барганын 3 күн карап отурдум. Биринчи жолу обого чыкканда өзүмдү такыр сүйлөй албачудай сездим. Көзүм караңгылап, эфирге чыкканга чейинки 22 жылдык жашоом көз алдыма элестеп кетти. Элдин баары мени угуп отургансыды. Ошентип эки саат бою студиянын номурун айтып отурдум.

Максатка жетүүнү кааласаң аалам сага жардам берет…

Тасмага тартылуу да өзүнчө эргүү. 3-4 жыл кадр сыртында жүрдүм. Кино тартып жүрүп актер болуп калдым. Алгач “Асман алдында” киносуна тартылдым. Актерлук жоопкерчиликтүү, оор кесип. Бирок даамы айтып бере алгыс. “Айыл кемп” тасмасына тартылууда элге «максатка жетүүнү кааласаң аалам сага жардам берет» деген ойду жеткиргим келди. Тоскоолдуктарды жеңе билген адам ишин андан ары улай алат. Тасма эки айда даяр болду. Башка кинолорго жаман пикирлер да болчу. Бул киного жакшы оюн айткандар көп.

Comments are closed.