Шашылыш кабар:

Үйдү камсыздандыруу жана кенемте алуу жол-жобосу

Январь 16th, 2018 | by Бакыт Төрөгелди уулу
Үйдү камсыздандыруу жана кенемте алуу жол-жобосу
Күн чекит
0

«Турак жайларды өрттөн жана жаратылыш кырсыктарынан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамына ылайык шаар жеринде турак жай табият кырсыгынан жарактан чыккан учурда 1 млн сомго чейин, ал эми айыл жергесинде 500 миң сомго чейин кенемте төлөнүп берилет.

Бул жаатта жүрүп жаткан иштер тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Жакыпбек кызы Кундуз менен «Күн чекитте» маектештик.

Марал: «Турак жайларды өрттөн жана жаратылыш кырсыктарынан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзам 2016-жылдан тарта иштеп баштады эле. Бул убакыт аралыгында канча жаран үйлөрүн камсыздандырды?

Жакыпбек кызы Кундуз: Мамлекеттик камсыздандыруу уюму иштеп баштагандан бери 65 миң 440тан ашуун турак жай камсыздандырылды.  Бул 2016-жылга салыштырмалуу 6 эсеге көп. 2016-жылы болсо 18 миңден ашык турак жай камсыздандырылган. Республика боюнча учурда Ош шаарын өзүнчө эмес, облусту жалпы алып караганда үйүн камсыздырган жарандар боюнча Ош дубаны алдыда келе жатат. Аталган аймактан 30 миң 500 жаран үйүн камсыздандырган.

Марал: Мамлекеттик камсыздандыруу уюму бир жылдан ашык убакыт ичинде табигый кырсыктан турак үйү жабыркаган канча жаранга, канча суммадагы жардам көрсөттү?

Жакыпбек кызы Кундуз: Уюм иштеп баштагандан тарта жаратылыш кырсыгынан жабыркаган үй ээлерине 16 млн 700 миң сомдон ашуун камсыздандыруу төлөмүн төлөп берди. Мисалы жакында эле Талас облусунда бир жарандын үйүнүн алдынан суу көтөрүлүп, уюм кожоюнга 500 миң сом берди. 27-декабрда болгон катуу шамал Талас жана Жалал-Абад облусундагы бир топ үйлөрдүн чатырын учуруп кетти. Ал жарандар дагы бизге арыз менен кайрылышкан эле. Арасында турак жайы камсыздандырылгандар дагы бар экен, учурда алардын арызы каралып жатат.

Марал: Үйүн камсыздандарып, табигый кырсыктан турак-жайы жапа чеккендер акчаны кандай жолдор менен ала алат жана кайсы документтер талап кылынат? Ушул эле суроого улай кырсыктан жабыркаган үйлөр кантип аныкталат?

Жакыпбек кызы Кундуз: Табигый кырсык болгон учурда жабыркаган жаран биринчи эле «кырсыктан турак жайым жабыркады» деп Камсыздандыруу уюмуна маалымдашы керек. Ар бир айыл өкмөтүндө жарандык коргонуу комиссиясы бар. Аталган комиссияга барып, арыз менен биздин уюмга кайрылышы зарыл. Бардык тийиштүү органдардын чыгарган жыйынтыгы менен Мамлекеттик камсыздандыруу уюму документтерди карап чыгат. Мисалы жер титирөө болсо канча балл болгону иликтенип, комиссия менен уюм төлөнчү каражаттын суммасын аныктайт.

Марал: Мындан бир жыл мурун турак жайды камсыздандыруу боюнча өкмөттүн токтому да чыккан эле. Айрым жарандар үйүн камсыздандырбаганы үчүн мекемелерден керектүү маалымкат, документ  ала албай жатканын айтып арызданышууда. Бул канчалык мыйзамдуу?

Жакыпбек кызы Кундуз: Турак жайын ар бир жаран милдеттүү түрдө камсыздандырышы керек. Бирок биздин мыйзам жаңы гана күчүнө киргендиктен эч кандай айып пул жок. Жарандар үйлөрүн өз ыктыяры менен эле камсыздандырып жатат. Бирок ошол эле учурда ар бир жаран  өрттөн жана жаратылыш кырсыктарынан үйүн милдеттүү түрдө камсыздандырышы зарыл. Ал эми жарандар уюмга берчү каражат эки тариф менен төлөнөт. Айыл жергесинде жашагандар жылына 600 сом, шаарда жашагандар 1200 сом төлөйт.

Уюмдун жоопкерчилиги болсо айыл аймагында жабыркаган үйлөргө 500 миң сомго чейин, шаарда болсо 1 млн сомго чейин төлөп берет.

Comments are closed.