Шашылыш кабар:

Кайыпов: Ачуу чындыкты айтканым үчүн 9 жыл ишсиз жүрдүм

Январь 16th, 2018 | by Гүлбарчын Тилембаева
Кайыпов: Ачуу чындыкты айтканым үчүн 9 жыл ишсиз жүрдүм
Кыска кабар
0

Тогуз жылдан бери сотторду тандоо боюнча бир канча сынактарга катышып, жогорку балл топтосом дагы мамлекеттик кызматка бара алган жокмун. Мындай билдирүүнү мурдагы Адилет министри Кайыпов «Марал» радиосуна берген маегинде айтты.

Мурунку министрдин айтымында, ал 2008-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиев «мамлекетке унаа алган» деген жалган менен тагып, жумуштан кетүүсүнө себепкер болгон.

Марат Кайыпов 9 жылдан бери расмий мамлекеттик кызматка барбаса дагы, топтогон тажрыйбасы менен мекендештерибизге юридикалык кеңештерди берип келерин кошумчалады.

«Кыргызстан деген ыйык өлкөмө карызмын«-деген маектешибиз кызматта жүргөн кезде бир кичине «ларек» ачып койбогонуна өкүнөөрүн айтты.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache